Улуттук агенттик инвесторлорду тартуу жана экономиканын ар кандай секторлорун өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдоо менен Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүгө активдүү катышууда

Улуттук агенттиктин директорунун орун басары Жээналиев Жалын Муратбекович Нидерланд Королдугундагы Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу Ж.Б. Кошоева жана нидерланд компанияларынын жетекчиси И. Бирман менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Нидерланд Королдугунун ортосундагы экономиканын ар кыл секторлорунда кызматташуу маселелери, ошондой эле Жибек жолу өлкөлөрүнүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнө арналган китеп чыгаруу маселелери талкууланды.

Улуттук агенттик Кыргыз Республикасынын инвестициялык жагымдуулугу жөнүндө китеп чыгаруу үчүн жана Нидерланд Королдугунун ишкерлери үчүн бардык зарыл маалыматтарды берүүгө даяр экендигин билдирди.