Бавариялык компаниялар Кыргызстанга инвестиция салууга кызыкдар

Улуттук агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев Бавария жеринин Экономика, регионалдык өнүктүрүү жана энергетика министрлигинин өкүлү Андреас Ройхляйн башында турган Бавария Федералдык жеринин (ГФР) экономикалык делегациясы менен жолугушту.

Улуттук агенттиктин директору кызматташуу багыттары жана Германиядан КРга инвестициялар бөлүгүндө эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн артыкчылыктары жөнүндө маалымат берип, ошондой эле жалпы өлкөбүздүн инвестициялык климаты, жеңилдиктери жана преференциялары жөнүндө айтып берди жана Германиянын сапат стандарттарына ылайык күн электр станцияларын курууга, аэропортторду модернизациялоого, тамак-аш лабораторияларын курууга инвестициялоо мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну сунуштады.

Өз кезегинде Андреас Рохляйн мырза Кыргызстандын гидроэнергетика, шамал энергетикасы, күн энергетикасы жаатындагы бай потенциалы жана машина жана станок куруу секторлорунда бизнес-өнөктөштүктү түзүү мүмкүндүгү жөнүндө белгиледи. Мында Бавария жеринин Экономика, регионалдык өнүктүрүү жана энергетика министрлиги бул максаттарга жетүү үчүн ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Германия Федеративдүү Республикасынын экономикалык делегациясынын курамында Бавария жеринин Экономика, регионалдык өнүктүрүү жана энергетика министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле энергетика, өнөр жай, курулушту кошкондо экономиканын түрдүү тармактарынын 10дон ашык компаниянын жетекчилери катышты.