Улуттук агенттик Happy Yurta Fest 2023 фестивалын уюштурууга жана ишине активдүү катышты

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Каркыра тоолуу айылында өткөн Happy Yurta Fest 2023 фестивалын уюштурууга жана ишине активдүү катышты.

Кооз иш – чараны Улуттук агенттиктин, Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана Түп районунун акимиатынын колдоосу менен “Тринити-келечектин шаары” мейкиндикти өнүктүрүү ассоциациясы уюштурду.

Фестивалга Россия, Кытай, Катар, Венгрия, Англия жана башка өлкөлөрдүн инвесторлору жана ишкерлери катышты.

Happy Yurta Fest 2023 фестивалына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышты.

Фестиваль Кыргыз Республикасындагы маданий, экологиялык жана инвестициялык туризмди бир ири эл аралык окуяга бириктирди.

Фестивалдын алкагында In-Stan-T Invest инвестициялык форуму, үйдүн жасалгасы, дизайн жана жасалгалоо көргөзмөлөрү, салттуу кийимдердин көрсөтүү, көчмөндөр оюндарынын түрлөрү жана башкалар өттү.

Бул туруктуу шаарларды өнүктүрүү үчүн экология, креатив жана бизнес сыяктуу багыттарды бириктирген биринчи иш-чара.

Фестиваль жашыл курулуштун акыркы тенденциялары, инновациялары жана келечеги жөнүндө билүүгө мүмкүнчүлүк берди. Талкуунун алкагында ресурстарды туруктуу пайдалануу, инновациялык курулуш технологияларын колдонуу, билим берүү жана агартуу, атамекендик стандарттарды иштеп чыгуу жана эл аралык жашыл стандарттарды киргизүү, экологиялык долбоорлор үчүн жагымдуу инвестициялык климатты түзүү маселелери көтөрүлдү.

Happy Yurta Fest 2023 маданият майрамы гана болбостон, ар кайсы өлкөлөрдүн катышуучуларынын ортосунда тажрыйба жана билим алмашуу аянтчасы болду.