Экологияны коргоо үчүн кайра иштетилген чийки заттарды колдонуу

Улуттук агенттиктин директорунун орун басары Жалын Жээналиев түштүк кореялык “Green Page” компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасында иштетилген машина жана өндүрүш майларын кайра иштетүү боюнча завод куруу долбоорун ишке ашыруунун келечегин талкуулашты.

“Green Page” компаниясынын башкы директору Ким Ки Пунг белгилегендей компания колдонгон алдыңкы технология күнүнө 40 миң литрге жакын майды кайра иштетүүгө мүмкүндүк берет, бул өндүрүштүн жогорку кубаттуулугун көрсөтөт.

Улуттук агенттиктин жана “Green Page” компаниясынын өкүлдөрү бул долбоорду өнүктүрүүгө өз ара кызыгууларын билдиришти жана Кыргыз Республикасында майларды кайра иштетүү индустриясын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн жалпы түшүнүүгө келишти.

Өндүрүш жана машина майларын кайра иштетүүчү завод аймакка экологиялык жана экономикалык пайда алып келерин, ошондой эле жаңы жумуш орундарын түзөрүн баса белгилей кетүү керек.