Кыргызстанда энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүдөгү жаңы кадам

Улуттук агенттиктин директору У. Т. Темиралиев жалпы кубаттуулугу 50 МВт болгон “Күн Булагы” күн электр станциясы курулуп жаткан жер менен таанышты. Долбоор Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айыл аймагында ишке ашырылууда. Долбоордун инвестициялык жалпы көлөмү 35 млн.АКШ долл. ашыкты түзөт.

Долбоор “Күн Булагы”ЖЧКсы менен Казакстан Республикасындагы ЭКБ чөйрөсүндөгү бир катар долбоорлордо (“Кенгир” КЭС, “Балхаш” КЭС, “Капчагай” КЭС ж.б.) инвестор катары иш алып барган казакстандык “TGS-Energy Limited” компаниясы менен биргеликте ишке ашырылууда. Бул долбоор Кыргыз Республикасында энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндө биринчилерден болуп саналат. Белгилей кетсек, долбоорду ишке ашыруу өлкөдө электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүүгө жана ички суроо-талапты жарым-жартылай жабууга өбөлгө түзөт.

Буга чейин компания Тору-Айгыр айыл аймагындагы жалпы аянты 80 га жер тилкесин алуу боюнча конкурста жеңип чыккан. Бүгүнкү күндө инвестор тарабынан долбоордун ТЭНи иштелип чыкты жана “Кыргызстандын улуттук электр тармагы”ААКдан алдын ала техникалык шарттар алынды. Ошондой эле “Күн Булагы” ЖЧК компаниясы долбоорду ишке ашыруунун алкагында инженердик-геологиялык жана инженердик-геодезиялык изилдөөлөрдү жүргүздү.

Айыл чарба жоготууларын жана алынбай калган пайданы төлөгөндөн, ошондой эле айыл өкмөтү менен келишим түзгөндөн кийин жакын арада компания жабдууларды алып келет жана объектти курууга киришет.

Буга чейин долбоорду ишке ашыруунун алкагында Улуттук агенттик менен “Күн Булагы” ЖЧКнын ортосунда меморандум түзүлгөн. Учурда Улуттук агенттик компания менен инвестициялык келишимге кол коюу боюнча иштерди жүргүзүп жатат.