“Ысык-Көл 2023” VII Эл аралык экономикалык форуму

Урматтуу ишкерлер!

2023-жылдын 27-июлундаЧолпон-Ата шаарынын Ч.Айтматов атындагы “Рух Ордо” этномаданий борборунда “Ысык-Көл 2023” эл аралык экономикалык форуму өтөт.

Форум Кыргыз Республикасынын жана Кытайдын, Россия Федерациясынын, Өзбекстандын жана башка бир катар өлкөлөрдүн бизнес-коомдоштуктарынын өкүлдөрүнүн ортосунда конструктивдүү диалогду түзүү үчүн аянтча катары кызмат кылат, бул келечекте кызыктуу жана маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга жол ачат.

Иштин багыттары энергетика, айыл чарба, өнөр жай, саламаттыкты сактоо, билим берүү, мейманкана жана ресторан бизнеси, архитектура жана курулуш (инжиниринг), маалыматтык технологиялар, логистика жана эл аралык ташуу сыяктуу кызматташтык чөйрөлөрүнө тиешелүү болот.

Делегациялардын кеңири курамын эске алуу менен атамекендик ишкерлер үчүн өнөктөштүк мамилелерди орнотуу жана бизнес сектордун өкүлдөрүнүн арасында ишенимдүү өнөктөштөрдүн чөйрөсүн кеңейтүү үчүн өзгөчө мүмкүнчүлүк берилет.

Буга байланыштуу кызыкдар ишкерлерди бул иш-чарага катышууга чакырабыз.

Бардык кызыкдар суроолоруңуздар боюнча: 0312300232; +996222012000 телефон номерлери аркылуу кайрылууңуздарды өтүнөбүз.

Катталууга шилтеме: https://forms.gle/PdDELyweruGC9uKUA