Чэнду шаарында Сычуань провинциясы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы соода-экономиканы жана инвестицияны өнүктүрүүгө арналган форум өттү

Чэнду шаарында Сычуань провинциясы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы соода-экономиканы жана инвестицияны өнүктүрүүгө арналган форум өттү.

Форумга Сычуань провинциясынан 100 ашык инвестициялык жана туристтик компаниялардын, ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрү катышты.

Кириш сөзүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Касмамбетов С.С. иш-чаранын катышуучуларын экономиканы өнүктүрүүдөгү жетишкендиктер, кыргыз-кытай соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгынын келечектүү багыттары, ошондой эле республика башчысы тарабынан өлкөдөгү инвестициялык климатты мындан ары жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар менен тааныштырды.

«Бүгүнкү күндө кыргыз-кытай мамилелери жаңы сапаттык жана мазмундуу деңгээлге көтөрүлгөнүн кубануу менен билдирем. Буга далил катары биздин мамлекеттердин башчыларынын Кыргызстан менен Кытайдын жаңы доордо ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү орнотуу боюнча биргелешкен декларациясына кол коюусу саналат», – деди ал.

С. Касмамбетов Кытай компанияларын Кыргызстанда бизнес жүргүзүүгө чакырып, Кыргызстан менен Кытайдын жогорку саясий жетекчилиги тарабынан колдоо көрсөтүлөрүн баса белгиледи.

Провинциялык партия комитетинин туруктуу комитетинин мүчөсү, Сычуань провинциясынын пропаганда министри Чжэн Ли “19-Батыш Кытай эл аралык жарманкесинин” ишине кыргыз делегациясынын катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, КЭР Төрагасы Си Цзиньпин менен Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун жолугушуусунун жыйынтыгында жетишилген макулдашууларга басым жасады.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттиктин директорунун орун басары Н.М.Баясов иш-чаранын жүрүшүндө кытайлык ишкерлерге Кыргыз Республикасындагы бизнес-климат, ошондой эле анын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кененирээк айтып берди.

Директордун орун басары Кыргыз Республикасы чоң инвестициялык потенциалга ээ жана Сычуань провинциясындагы инвесторлор үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүнүн, ЕБ жана АКШнын (ВСП+) ошондой еле Улуу Британия (DCTS) рыногторуна кирүү үчүн ыңгайлуу «терезе» катары иштей аларын белгиледи.

Ал жыйындын катышуучуларына бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы Кытайдын Башкы бажы башкармалыгы тарабынан бекитилген 18ге жакын продукциянын түрүн экспорттоого мүмкүнчүлүгү бар экенин маалымдады.

Мындан тышкары, Кытай инвестициянын көлөмү боюнча алдыңкы үчтүккө киргенин белгилеп, 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Кытайдан келген инвестициянын агымы 326 миллион АКШ долларынан ашканын жана дээрлик үчтөн бир бөлүгүн же 27,1% түзгөнүн белгиледи.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Закенаев К.А. өлкөнүн өнөр жай мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди, ошондой эле «Кыргыз почтасы» ААКтын өкүлү Куменова М.Ж. Кыргызстанда электрондук сооданын мүмкүнчүлүктөрү жана түзүлүп жаткан шарттар тууралуу кеңири маалымат берди.

Иш-чарада кытайлык компаниялардын өкүлдөрү сөз сүйлөп, өлкөлөр ортосунда бизнес жүргүзүүнүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөрүн белгилешти, ошондой эле биздин өлкөнүн туристтик потенциалын жогору баалашты.

Шилтеме:

90 миллиондон ашык калкы бар Сычуань провинциясы Кытайдын алдыңкы аймактарынын бири. Облустун 2022-жылы региондук дүң продукциясы 830 млрд. долларды түздү жана 2023-жылдын акырына карата 53,5 миллиард доллардан ашык каражат чогултулду түз инвестиция.