Monthly Archives: October 2022

IFC Эл аралык каржы корпорациясынын өкүлдөрү инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин директору менен жолугушту

Опубликовано: 07.10.2022 в 14:49

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Бүгүн  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев Жакынкы Чыгыш, Борбордук Азия, Түркия, Пакистан жана Афганистан боюнча консультативдик программалар боюнча улук менеджер Делия Халифа айым жетектеген эл аралык IFC финансы корпорациясынын делегациясын кабыл алды. IFC  өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн жеке секторуна багытталган глобалдык өнүгүүнүн эң ири уюму. IFC-  Дүйнөлүк Банктын  тобуна кирет, ал өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө жеке сектордун өсүшүнө түрткү берүү менен экономикалык өнүгүүгө жана адамдардын жашоосун жакшыртууга көмөктөшөт. IFCинин иши Дүйнөлүк Банк тобунун бири – бирине байланыштуу эки максатына :  жакырчылыкты жоюуга жана жалпы жыргалчылыкты камсыз кылууга жетүүгө көмөктөшөт. Жолугушууда алдыңкы эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен инвестиция жөнүндө ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу, ошондой эле инвесторлордун даттанууларын кароо боюнча механизмди натыйжалуу ишке киргизүү боюнча Улуттук агенттик менен IFC ортосунда кызматташуу маселелери талкууланды. Жолугушуунун жүрүшүндө У.Темиралиев IFCинин келгендиги жана инвестицияны  коргоо жана илгерилетүү боюнча […]

Италиялык бизнесмендер Кыргызстандын аймагында энергиянын кайра жаралуучу булактарын өндүрүүгө кызыкдар

Опубликовано: 07.10.2022 в 10:15

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан Кыргызстандын Италиядагы Элчилигинин, КР Президентинин алдындагы Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин, ошондой эле КР Соода-өнөр жай палатасынын колдоосу менен кыргыз жана Италиялык өндүрүүчүлөр үчүн бизнес жолугушуу уюштурулду. Италиянын Барбаджа округунун өкүлү болгон компаниялардын жетекчилерин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Умбриэль Темиралиев кабыл алды. Италиянын делегациясынын  Айыл чарба, гидроэнергетика жана жаңылануучу энергия боюнча компаниялардын жетекчилери жолугушуга катышты.. Италиянын бизнесмендерин Кыргызстандан кургатылган жемиштерди, бал продукциясын жана жаңгактарды экспорттоо маселеси кызыктырды. Ошондой эле, коноктор КР энергетика тармагынын потенциалын жана гидроэнергетика тармагындагы инвестициялык долбоорлорду изилдөөгө чоң кызыгуусун билдиришти. Мындан тышкары, Италиянын делегациясы республиканын компанияларына жана ишкерлерине дүйнөлүк стандарттарга жооп берген эчкинин сүтүнөн сыр чыгарууну үйрөтүүдө көмөк көрсөтүү ниетин билдирди. Агенттиктин директору конокторго инвестиция салуу жагынан биздин өлкөгө болгон кызыгуусу үчүн ыраазычылык билдирип, инвесторлор үчүн жеңилдиктер жөнүндө кеңири айтып берди. У.Темиралиев белгилегендей, Кыргызстан жаңы жумуш орундарын […]

Кыргызстандын өндүрүүчүлөрү үчүн Перс булуңундагы өлкөлөрдө экспортту илгерилетүү жана рыноктук мүмкүнчүлүктөр

Опубликовано: 06.10.2022 в 15:56

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

2022-жылдын 5-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча иштерди жүргүзүүнүн алкагында, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын колдоосу менен  бирге, бөтөлкөгө куюлган сууну ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн Перс булуңундагы өлкөлөргө экспорттоонун рыноктук мүмкүнчүлүктөрү боюнча семинар өткөрдү. Бул семинарга ” Ак-Бата “ЖЧКсы,” Чэс “өндүрүштүк компаниясы, КОРТЭС ЖЧКсы,” Биоточка “ЖЧКсы, Абдыш-Ата компаниясы, Сибирь Трейд ЖЧКсы,” “Келечек”, «Эко-Лайф Азия» коомдук фонду ж.б. катышты.                 Семинардын жүрүшүндө ата мекендик компанияларга БАЭда, тамак-аш өнөр-жай секторунда бизнести кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле ичүүчү сууну жайылтуу жана жеткирүү каналдары жөнүндө толук маалымат берилди. Өндүрүүчүлөргө БАЭге ичүүчү сууну ташып келүүнүн жол-жоболук процесстери боюнча суроолорго жооп берилип, компанияны каттоо боюнча мыйзамдык эрежелер жана эрежелер түшүндүрүлдү. Ошондой эле БАЭ жана Сауд Арабия королдугуна ичүүчү сууну ташып келүү боюнча мыйзам жана эрежелердин айырмалары түшүндүрлдү.  Бул иш-чара жергиликтүү өндүрүүчүнү колдоо жана жергиликтүү продукциянын эл аралык рынокко чыгуусуна […]

Бишкекте Кыргыз Республикасында МЖӨ эл аралык конференциясы өтүүдө

Опубликовано: 05.10.2022 в 18:08

Автор:

Категории: Без категории

Конференцияга мамлекеттик органдар, эл аралык институттар, ири эл аралык жеке компаниялар, Улуу Британиянын, Кытайдын, Түркиянын, Корея Республикасынын жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн МЖӨ агенттиктеринин өкүлдөрү, эл аралык эксперттер катышты. Кыргыз Республикасы Борбордук Азиянын башка өлкөлөрү менен катар мамлекеттик жеке өнөктөштүк механизмдерин өнүктүрүү багытында  ылдам -өнүгүүдө. Институционалдык базаны бекемдөөдөн, эксперттердин потенциалын күчөтүүдөн жана укуктук базаны жаңыртуудан баштап МЖӨ чөйрөсүндө жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжасында Борбордук Азия региону көптөгөн долбоорлорду ишке киргизди жана акыркы эки жылда өлкөлөрдө бир катар МЖӨ макулдашууларына кол коюлду. Кыргыз өкмөтү Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн 2022-2026-жылдарга карата улуттук программасын кабыл алган, анда МЖӨгө  энергетика, транспорт, саламаттык сактоо, билим берүү, коммуналдык инфратүзүм сыяктуу артыкчылыктуу тармактарда жеке инвестицияларды тартуу жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча негизги курал катары өзгөчө роль берилген. МЖӨнүн туруктуу өнүгүү максаттарына ылайык  долбоорлорго кызыккан бардык адамдарга максималдуу пайда алып келүү үчүн адамга багытталышы керек. Ушул конференция мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулуктун, […]

Кыргызстандын Кытайдагы жаңы элчиси Актилек Мусаева жана Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев инвестицияларды тартуу маселелерин талкуулашты

Опубликовано: 05.10.2022 в 14:54

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Жолугушуу учурунда атайын жана ыйгарым укуктуу элчи Кыргызстан Кытай менен мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгиледи.         “Азыркы учурда Кытай менен Кыргызстанды жакшы коңшулук мамилелер гана байланыштырбастан,  ишенимдүү өнөктөш болуп саналабыз, мындан тышкары Кытай Кыргызстандагы бир катар долбоорлордун демилгечиси болуп саналат”, – деп белгиледи А.Мусаева. “Биз кандай гана маселе болбосун инвесторлорго колдоо көрсөтүүгө даярбыз, ошону менен бирге жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын эске алып, өз ара аракеттенүү структурасын түзүүдө тең салмактуу мамилени сакташыбыз керек”, – деп белгиледи У.Темиралиев. Тараптар Кыргызстанга инвестицияларды көбөйтүү жана экспортту өстүрүү үчүн бир катар  маселелерди чечүү керек деген пикирге келиштиБиринчи кезекте инвесторлор үчүн виза маселесин жөнөкөйлөтүү, биргелешкен айыл чарба жана технопарктарды түзүү, ошондой эле юридикалык статусту алуу жана консультациялык кызматтарды бир жерден мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү зарыл. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы жана Кыргызстандын Кытайдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси өз ара кызматташуу жана эки […]

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Умбриэль Темиралиев британиялык «Igneous Solutions Ltd» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү

Опубликовано: 03.10.2022 в 09:13

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

«Igneous Solutions Ltd»– бул көмүртектен жашыл энергияга өтүү боюнча Инвестициялык кеңеш берүүчү компания. Мунай жана газ жана тоо-кен компанияларынын натыйжалуулугун жогорулатууну иштеп чыгуу менен алектенген, аларды көбөйтүү үчүн активдердин наркынан түшкөн кирешени талдайт. Компания тармактык тажрыйбаны жана далилденген методологиянын айкалышын колдонот. Квалификацияны жогорулатуу курстарынан баштап, тармакка тиешелү адистер үчүн тренингдерди өткөрөт. Альтернативдүү энергия булактарын колдоо боюнча жаңы аыкмаларды  иштеп чыгат. Инвесстициялар боюнча улуттук агенттиктин директору У.Темиралиев инвестициялык климат жана мамлекет тарабынан инвесторлорго салыктык жеңилдиктер, жана өзгөчө салыктык жеңилдиктер түрүндө көрсөтүлүүчү колдоо жөнүндө айтып берди. Ошондой эле мамлекеттик жеке өнөктөштүк чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу боюнча пландар менен бөлүштү. Туристтик агымды көбөйтүү жана аймактык инфраструктураны жакшыртуу үчүн Ысык-Көл облусунда курула турган “Асман” долбоорунун ишке ашырылышы жөнүндө айтып берди.  Британ компаниясынын башкаруучу директору Фарах Масуд Мырза Умбриэль Темиралиевге мамлекет жана тиешелүү түзүмдөр тарабынан бул багытта жүргүзүлгөн ишмердүүлүккө кыскача сереп салгандыгы үчүн ыраазычылык […]