Бишкекте Кыргыз Республикасында МЖӨ эл аралык конференциясы өтүүдө

Конференцияга мамлекеттик органдар, эл аралык институттар, ири эл аралык жеке компаниялар, Улуу Британиянын, Кытайдын, Түркиянын, Корея Республикасынын жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн МЖӨ агенттиктеринин өкүлдөрү, эл аралык эксперттер катышты.

Кыргыз Республикасы Борбордук Азиянын башка өлкөлөрү менен катар мамлекеттик жеке өнөктөштүк механизмдерин өнүктүрүү багытында  ылдам -өнүгүүдө. Институционалдык базаны бекемдөөдөн, эксперттердин потенциалын күчөтүүдөн жана укуктук базаны жаңыртуудан баштап МЖӨ чөйрөсүндө жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжасында Борбордук Азия региону көптөгөн долбоорлорду ишке киргизди жана акыркы эки жылда өлкөлөрдө бир катар МЖӨ макулдашууларына кол коюлду.

Кыргыз өкмөтү Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн 2022-2026-жылдарга карата улуттук программасын кабыл алган, анда МЖӨгө  энергетика, транспорт, саламаттык сактоо, билим берүү, коммуналдык инфратүзүм сыяктуу артыкчылыктуу тармактарда жеке инвестицияларды тартуу жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча негизги курал катары өзгөчө роль берилген. МЖӨнүн туруктуу өнүгүү максаттарына ылайык  долбоорлорго кызыккан бардык адамдарга максималдуу пайда алып келүү үчүн адамга багытталышы керек.

Ушул конференция мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулуктун, эл аралык институттардын өкүлдөрү жана МЖӨ чөйрөсүндөгү эксперттер үчүн талкуу аянтчасы катары кызмат кылат. Анда Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик жеке өнөктөштүктүн негизинде жагымдуу долбоорлору  көрсөтүлөт. Мындан тышкары  ушул иш-чара МЖӨ жаатында  жаңы чечимдерди аныктоого жана калыптандырууга мүмкүндүк берет.

Эл аралык конференция Бишкек шаарында өтүп жатат жана эки күнгө пландаштырылган иш-чараларды камтыйт: тематикалык сессиялар жана семинарлар, панелдик талкуулар, мыкты долбоорлордун презентациялары.

Панелдик талкуунун жүрүшүндө  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Умбриэль Темралиев Азия өнүктүрүү банкынын мамлекеттик башкаруу боюнча адиси Юджи Мияки мырза менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда тараптар МЖӨнү өнүктүрүүнү колдоо маселелерин талкуулашты, ушул өнөктөштүктүн келечеги жөнүндө көз караштары менен бөлүштү.

Ошондой эле инфратүзүмдү  өнүктүрүүдө МЖӨ механизмин колдонуунун артыкчылыктарын талкуулашты. Тараптар МЖӨ долбоорлорун илгерилетүү жана ишке ашыруу алкагында тыгыз кызматташуу жана консультациялык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө макулдашышты.