Италиялык бизнесмендер Кыргызстандын аймагында энергиянын кайра жаралуучу булактарын өндүрүүгө кызыкдар

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан Кыргызстандын Италиядагы Элчилигинин, КР Президентинин алдындагы Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин, ошондой эле КР Соода-өнөр жай палатасынын колдоосу менен кыргыз жана Италиялык өндүрүүчүлөр үчүн бизнес жолугушуу уюштурулду.

Италиянын Барбаджа округунун өкүлү болгон компаниялардын жетекчилерин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Умбриэль Темиралиев кабыл алды.

Италиянын делегациясынын  Айыл чарба, гидроэнергетика жана жаңылануучу энергия боюнча компаниялардын жетекчилери жолугушуга катышты..

Италиянын бизнесмендерин Кыргызстандан кургатылган жемиштерди, бал продукциясын жана жаңгактарды экспорттоо маселеси кызыктырды. Ошондой эле, коноктор КР энергетика тармагынын потенциалын жана гидроэнергетика тармагындагы инвестициялык долбоорлорду изилдөөгө чоң кызыгуусун билдиришти. Мындан тышкары, Италиянын делегациясы республиканын компанияларына жана ишкерлерине дүйнөлүк стандарттарга жооп берген эчкинин сүтүнөн сыр чыгарууну үйрөтүүдө көмөк көрсөтүү ниетин билдирди.

Агенттиктин директору конокторго инвестиция салуу жагынан биздин өлкөгө болгон кызыгуусу үчүн ыраазычылык билдирип, инвесторлор үчүн жеңилдиктер жөнүндө кеңири айтып берди.

У.Темиралиев белгилегендей, Кыргызстан жаңы жумуш орундарын ачуу максатында республиканын аймагында өндүрүштү түзүүгө кызыкдар болуп, экономиканын гидроэнергетика, айыл чарба жана туризм тармактарында италиялык алдыңкы технологияларды, инновацияларды жана тажрыйбаларды колдонуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. “Биз инвесторлор үчүн бардык зарыл жардамдарды көрсөтөбүз жана кызыккан тармактар боюнча маалымат беребиз”, – деди У.Темиралиев.