Кыргызстандын Кытайдагы жаңы элчиси Актилек Мусаева жана Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев инвестицияларды тартуу маселелерин талкуулашты

Жолугушуу учурунда атайын жана ыйгарым укуктуу элчи Кыргызстан Кытай менен мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгиледи.

        “Азыркы учурда Кытай менен Кыргызстанды жакшы коңшулук мамилелер гана байланыштырбастан,  ишенимдүү өнөктөш болуп саналабыз, мындан тышкары Кытай Кыргызстандагы бир катар долбоорлордун демилгечиси болуп саналат”, – деп белгиледи А.Мусаева.

“Биз кандай гана маселе болбосун инвесторлорго колдоо көрсөтүүгө даярбыз, ошону менен бирге жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын эске алып, өз ара аракеттенүү структурасын түзүүдө тең салмактуу мамилени сакташыбыз керек”, – деп белгиледи У.Темиралиев.

Тараптар Кыргызстанга инвестицияларды көбөйтүү жана экспортту өстүрүү үчүн бир катар  маселелерди чечүү керек деген пикирге келиштиБиринчи кезекте инвесторлор үчүн виза маселесин жөнөкөйлөтүү, биргелешкен айыл чарба жана технопарктарды түзүү, ошондой эле юридикалык статусту алуу жана консультациялык кызматтарды бир жерден мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү зарыл.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы жана Кыргызстандын Кытайдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси өз ара кызматташуу жана эки өлкөнүн бизнес-коомчулугу  тыгыз иштешүү үчүн шарттарды түзүү жөнүндө макулдашды.