Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Умбриэль Темиралиев британиялык «Igneous Solutions Ltd» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү

«Igneous Solutions Ltd»– бул көмүртектен жашыл энергияга өтүү боюнча Инвестициялык кеңеш берүүчү компания. Мунай жана газ жана тоо-кен компанияларынын натыйжалуулугун жогорулатууну иштеп чыгуу менен алектенген, аларды көбөйтүү үчүн активдердин наркынан түшкөн кирешени талдайт. Компания тармактык тажрыйбаны жана далилденген методологиянын айкалышын колдонот. Квалификацияны жогорулатуу курстарынан баштап, тармакка тиешелү адистер үчүн тренингдерди өткөрөт. Альтернативдүү энергия булактарын колдоо боюнча жаңы аыкмаларды  иштеп чыгат. Инвесстициялар боюнча улуттук агенттиктин директору У.Темиралиев инвестициялык климат жана мамлекет тарабынан инвесторлорго салыктык жеңилдиктер, жана өзгөчө салыктык жеңилдиктер түрүндө көрсөтүлүүчү колдоо жөнүндө айтып берди.

Ошондой эле мамлекеттик жеке өнөктөштүк чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу боюнча пландар менен бөлүштү. Туристтик агымды көбөйтүү жана аймактык инфраструктураны жакшыртуу үчүн Ысык-Көл облусунда курула турган “Асман” долбоорунун ишке ашырылышы жөнүндө айтып берди.

 Британ компаниясынын башкаруучу директору Фарах Масуд Мырза Умбриэль Темиралиевге мамлекет жана тиешелүү түзүмдөр тарабынан бул багытта жүргүзүлгөн ишмердүүлүккө кыскача сереп салгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал айтылган сунуштар иштин жакшырышына жана бизнес – коомчулук менен натыйжалуу диалог түзүүгө өбөлгө түзөрүн өзгөчө белгиледи. “Биз Кыргызстан инвестициялык климатты жакшыртууга багытталганына кубанычтабыз жана конструктивдүү кызматташтыкты улантууга сиз жана сиздин командаңыз менен биргелешип иштөөгө даярбыз” -деп белгиледи Фарах Масуд.