ИУАнин директору Р.А. Сабиров Евразиялык экономикалык форумга даярдыкты текшерди Үч күндөн кийин 26-27 майында Кыргызстандын борбору бир нече айдан бери кызуу даярдык көрүлүп жаткан Евразиялык экономикалык форумдун катышуучуларын кабыл алат. 23 май 2022 ж. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директору Р.А. Сабиров Евразия экономикалык форуму өткөрүлө турган негизги объекттерге: панелдик сессиялар өтүүчү Шератон, Орион жана Новотель мейманкаларына, ошондой эле Манас эл аралык аэропортуна барды. Р.А. Сабиров келүүчү конокторду тосуп алууга кыргыз тараптын жогорку даярдыгын жана иш-чараны даярдоодо келип чыккан маселелерди чечүү боюнча иштер жүргүзүлгөндүгүн белгилеп өттү. Форум гибрит форматында: катышууга мүмкүнчүлүгү жоктор үчүн онлайн жана жергиликтүү жана чет өлкөдөн келген 500дөй адам үчүн офлайн форматында өткөрүлөт. Форумдун тематикасы:”Дүйнөлүк өзгөрүүлөрдүн доорундагы евразиялык экономикалык интеграция. Инвестициялык жигердүүлүктүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү”. Бишкекте 26-майда форумдун алкагында бир учурда үч аянтта алты панелдик сессия ишин баштайт. Саясатчылар, эксперттер,ишкер жамааттары дүйнөлүк өзгөрүүлөр доорундагы Евразиялык экономикалык интеграция жөнүндө сүйлөшөт. Иш-чара Евразия экономикалык биримдигинин экономика чөйрөсүндөгү Биримдиктин органдарына […]
Эми Казань шаарынын Борбордук универмагында Кыргызстандын продукциялары да сатылат 2022-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги Татарстандын Казань шаарында Кыргызстандын соода үйүнүн салтанаттуу ачылышын өткөрдү Кыргыз Республикасынын жана Татарстандын биргелешкен аракеттеринин натыйжасында Казань шаарында Кыргызстандын соода үйү ачылды. Бул эки тараптын тең, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук агенттиктин да, Татарстандын мусулман ишкерлеринин да биргелешкен аракетинин жемиши болду. Салтанаттуу иш-чара 2022-жылдын 19-21-майында “Россия – Ислам дүйнөсү” XIII Эл аралык экономикалык саммитинин Kazansummit 2022 алкагында өткөн Russia Halal Expo’22 көргөзмөсүнө арналган. Кыргыз Республикасынын делегациясынын атынан Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги, Татарстан Республикасындагы Кыргыз Республикасынын элчиси, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы, ошондой эле “Кыргыз Индустриясы” ААКы чыкты. Казань шаарынын мыкты аймагында жайгашкан Соода үйү 300 чарчы метрди ээлейт. “Борбордук универмаг” соода борбору Татарстан Республикасы менен гана эмес, ошондой эле жалпысынан Россия Федерациясы менен соода-экономикалык кызматташтыктын кеңейишине шарт түзөт. Кыргыз Республикасында учурдагы өнөктөштүк мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле бир тууган элдердин тарыхый байланыштарын эске алганда Татарстан Республикасы менен […]
Кыргыз Республикасындагы Голландия Соода миссиясы (Нидерланды) 2022-жылы 19-майда, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук инвестициялар агенттигинин директору Сабиров Р.А. жанаНидерланды падышалыгынын элчилигинин экономика башкармалыгынын башчысы урматтуу Роналд Голберг ортосунда жолугушуу болуп өттү. Тараптар өз ара сооданы кеңейтүү, Нидерланддык өнөктөштөр менен байланыш түзүү мүмкүнчүлүктөр, жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасында Нидерланддык айыл чарба компанияларынын соода миссиясын уюштуруу маселелерин талкуулашты. Жолугушуунун жүрүшүндө Нидерланддык элчиликтин экономика башкармалыгынын башчысы Рональд Голберг бир катар голландиялык айыл чарба компаниялары соода миссиясын уюштурууга кызыкчылыгын билдирди, алардын арасында Philips Medical System, Coppert жана башкалар. Директор Сабиров Р.А соода миссиясын өткөрүүгө кызыкчылыгын билдирүү менен бирге, Кыргыз-Голландиялык өкүлдөрдөн Ишкерлер Кеңешинин түзүү максатка ылайыктуу боло турганын сунуш кылды, бул эки мамлекеттин бизнес чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүн жакындаштырууга жана тажрыйба алмашууга жана сертификациялоо, стандартташтыруу тармагында жакшы тажрыйба болорун ошондой эле фитосанитардык көзөмөл процедурасын өркүндөтүүгө жол ачарын белгиледи. Ошолор мене бирге, Сабиров […]
Сиздерди Улуу Жеңиш күнү менен куттуктайм! Биз ар бир жаздын келиши менен 1945-жылы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон аталарыбызды,чоң аталарыбызды көзүбүзгө жаш алуу менен эскеребиз.Бул майрам муундан муунга акырындык менен фашисттерди жеңүүдөн мээримдүүлүктүн жеңишинин символуна айланды. Жылдан жылга бул күндү белгилөө менен биз балдарыбызга жана неберелерибизге согуштун кыйынчылыгын жана андагы жоготууларды көтөрүү канчалык кыйынга турарын айтып келебиз. Ал согушту Советтер Союзунун көп улуттуу эли жеңди.Бүгүн биз дүйнө жүзүндөгү тынчтык жана улуттар арасындагы биримдик үчүн күрөшөбүз. Эч ким,эч нерсе унутулбайт! Биз бир ай мурун, 13-апрелде баатыр Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелигин ачканыбызды эсиңерге салгым келет.Ал денеси менен дзотту жаап калган.Бул окуя 1942-жылы 6-августта Дон дарыясынын боюнда Воронежде болгон.Ал 20 жашта эле! Согушка 7-кластан кийин кеткен.Бул жылы кайгыруу менен анын 100 жылдыгын белгилеп жатабыз.Ал балким өзүнүн кызын жолуктурмак,ата болмок,өзүнүн аркасынан балдарын жана неберелерин калтырмак! Дагы бир жолу сиздерди Жеңиш күнү менен куттуктайм. Жеңүүчүлөргө […]