Казаньда Кыргыз Республикасынын соода үйүнүн ачылышы болду

Эми Казань шаарынын Борбордук универмагында Кыргызстандын продукциялары да сатылат

2022-жылдын 20-майында  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу  Инвестициялар боюнча улуттук  агенттиги  Татарстандын Казань шаарында  Кыргызстандын соода үйүнүн салтанаттуу  ачылышын өткөрдү

Кыргыз Республикасынын жана Татарстандын  биргелешкен аракеттеринин натыйжасында Казань шаарында  Кыргызстандын соода үйү ачылды. Бул эки тараптын тең, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук агенттиктин да, Татарстандын мусулман ишкерлеринин да биргелешкен аракетинин жемиши болду. 

Салтанаттуу иш-чара 2022-жылдын 19-21-майында “Россия – Ислам дүйнөсү” XIII Эл аралык экономикалык саммитинин Kazansummit 2022 алкагында өткөн Russia Halal Expo’22 көргөзмөсүнө арналган.  

Кыргыз Республикасынын делегациясынын атынан   Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги, Татарстан Республикасындагы  Кыргыз Республикасынын элчиси, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы, ошондой эле “Кыргыз Индустриясы” ААКы чыкты.

Казань шаарынын мыкты аймагында жайгашкан  Соода үйү 300 чарчы метрди ээлейт. “Борбордук универмаг”  соода борбору   Татарстан Республикасы менен гана эмес, ошондой эле жалпысынан Россия Федерациясы менен соода-экономикалык кызматташтыктын кеңейишине шарт түзөт.

Кыргыз Республикасында учурдагы өнөктөштүк мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле бир тууган элдердин тарыхый байланыштарын эске алганда Татарстан Республикасы менен кызматташууөзгөчө мааниге ээ.