Даярдык – Евразия форумунун ийгиликке жетүү шарты

ИУАнин директору Р.А. Сабиров Евразиялык экономикалык форумга даярдыкты текшерди

Үч күндөн кийин 26-27 майында Кыргызстандын борбору   бир нече айдан бери кызуу даярдык көрүлүп жаткан  Евразиялык экономикалык форумдун катышуучуларын кабыл алат. 

23 май 2022 ж. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу  Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директору Р.А. Сабиров Евразия экономикалык форуму өткөрүлө турган  негизги объекттерге: панелдик сессиялар өтүүчү   Шератон, Орион жана Новотель мейманкаларына, ошондой эле Манас эл аралык аэропортуна  барды.

Р.А. Сабиров келүүчү  конокторду  тосуп алууга кыргыз тараптын жогорку даярдыгын  жана иш-чараны даярдоодо келип чыккан маселелерди чечүү боюнча иштер жүргүзүлгөндүгүн белгилеп өттү.

Форум гибрит форматында: катышууга мүмкүнчүлүгү жоктор үчүн онлайн жана  жергиликтүү жана чет өлкөдөн келген 500дөй адам үчүн офлайн форматында өткөрүлөт. Форумдун тематикасы:”Дүйнөлүк өзгөрүүлөрдүн доорундагы евразиялык экономикалык интеграция. Инвестициялык жигердүүлүктүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү”.

Бишкекте 26-майда форумдун алкагында бир учурда  үч аянтта   алты панелдик сессия ишин баштайт. Саясатчылар, эксперттер,ишкер жамааттары дүйнөлүк өзгөрүүлөр доорундагы Евразиялык экономикалык интеграция жөнүндө сүйлөшөт.

Иш-чара Евразия экономикалык биримдигинин экономика чөйрөсүндөгү Биримдиктин органдарына – Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке, Евразия өкмөттөр аралык кеңешине жана ЕЭК Кеңешине төрагалык кылган ЕАЭБ мамлекетинде жыл сайын өтүүчү бизнес  иш-чарасы болуп саналат.