Жаңы диалог: жоогазындар, сыр жана сүрөтчүлөр өлкөсү жана Кыргызстан

Кыргыз Республикасындагы Голландия Соода миссиясы (Нидерланды)

2022-жылы 19-майда, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук инвестициялар агенттигинин директору Сабиров Р.А. жанаНидерланды падышалыгынын элчилигинин экономика башкармалыгынын башчысы урматтуу Роналд Голберг ортосунда жолугушуу болуп өттү.

Тараптар өз ара сооданы кеңейтүү, Нидерланддык өнөктөштөр менен байланыш түзүү мүмкүнчүлүктөр, жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасында Нидерланддык айыл чарба компанияларынын соода миссиясын уюштуруу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Нидерланддык элчиликтин экономика башкармалыгынын башчысы Рональд Голберг бир катар голландиялык айыл чарба компаниялары соода миссиясын уюштурууга кызыкчылыгын билдирди, алардын арасында Philips Medical System, Coppert жана башкалар.

Директор Сабиров Р.А соода миссиясын өткөрүүгө кызыкчылыгын билдирүү менен бирге, Кыргыз-Голландиялык өкүлдөрдөн Ишкерлер Кеңешинин түзүү максатка ылайыктуу боло турганын сунуш кылды, бул эки мамлекеттин бизнес чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүн жакындаштырууга жана тажрыйба алмашууга жана сертификациялоо, стандартташтыруу тармагында жакшы тажрыйба болорун ошондой эле фитосанитардык көзөмөл процедурасын өркүндөтүүгө жол ачарын белгиледи.

Ошолор мене бирге, Сабиров Р.А. Нидерланды (VNO-NCW) конфедерация менен эки тараптуу кызматташуунун келечегин талкуулоо үчүн Нидерланды (VNO-NCW) өндүрш жана жумуш берүүчүлөр конфедерациясы менен жолугушууга кызыкчылыгын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар 2022-жылы сентябрда Бишкек шаарында голландиялык соода миссиясын өткөрүүгө даяр экендигин билдиришти.