Урматтуу бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү! КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги Кыргыз Республикасынын Индиядагы Элчилигинин маалыматына ылайык, 2024-жылдын 7-9-январында Тамилнад штатынын өкмөтү Ченнаи шаарынын Ченнаи соода борборунда Tamil Nadu Global Investors Meet 2024 (TNGIM-2024) уюштуруларын билдирет. “TNGIM-2024” иш-чарасы ар түрдүү тармактардагы алдыңкы өндүрүүчүлөр-экспортчуларды чогултуу менен бирге, өнөр жайды өнүктүрүү жана инновация үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү сунуш кылат. Индия тарап тамак-аш жана айыл чарба өнөр жайы, булгаары жана булгаары эмес бут кийим, текстиль, кийим-кече, тиричилик буюмдары, анын ичинде техникалык текстиль жана жасалма була, автоунаалар, автокомпоненттер жана электромобилдер үчүн тетиктер (моторлор), электроника, анын ичинде медициналык технологиялар жана жабдуулар тармагында иш алып барган ишкерлер менен байланыштарды түзүүгө кызыкдар экенин белгилеген. Эскерте кетсек аталган иш-чарага бир компаниядан бир гана киши катыша алат. Индия тарап катышуучулардын эки тараптуу учак билетин (эконом-класс 650 АКШ долларына чейин), 2 түн мейманканада жайгаштыруу жана аэропорт-отель-аэропорт трансферин камсыз кылат. Аталган иш-чарага катышуу […]
Кыргызстанда аялдардын ишкерлигин колдоо боюнча кампания башталды. Ошентип, Бишкекте EXPO аялдар ишкердиги-2023 форуму болуп өттү. BootCamp интенсивдүү комплекстүү программасына катышуу үчүн 200дөн ашык ишкер аялдар чакырылды, алар атаандаштык шартында бизнести ийгиликтүү башкаруу үчүн зарыл болгон көндүмдөрдү жана билимдерди ала алышат. EXPO критерийлерине жооп берген 40 ишкер айым инвестицияларды тартууга жана бизнестин олуттуу өсүшүнө жетишүүгө даярдыгын жогорулатууга багытталган адистештирилген окутуу жана насаатчылык программаларынан өтүштү. Иш – чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин директорунун орун басары Ж.Жээналиев катышты. Ал түздөн-түз ишкер аялдар катышкан инвестициялык долбоорлор тууралуу айтып берди. EXPOнун биринчи күнүнүн маанилүү окуясы жеке сектордун өкүлдөрүнүн милдеттенмелерге кол коюусу жана жеке сектордогу аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүчү, аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү принциптерин андан ары ишке ашыруу болду. EXPOнун максаты – аялдардын ишкердигине инвестиция салуу менен коомду позитивдүү өзгөрүүлөргө шыктандыруу. Уюштуруучулар жагымдуу бизнес жана инвестициялык чөйрөнү түзүү бул багытта […]
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 10-ноябрда Парижде өткөн биринчи кыргыз-француз бизнес-форумуна катышты. Ишкер аянтча Кыргызстан менен Франциянын ортосунда энергетика, туризм, айыл чарба жана логистика сыяктуу ар түрдүү тармактарда кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо үчүн уюштурулган. Жолугушууга кыргыз жана француз компанияларынын 50дөн ашык өкүлдөрү катышты. Форумдун катышуучулары үчүн кайра жаралуучу энергия, агроөнөр жай комплекси жана маалыматтык технологиялар жаатында презентациялар өткөрүлдү. Иш-чаранын маанилүү бөлүгү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Франциянын “Медеф интернасиональ” ассоциациясынын, ошондой эле УИАга караштуу МЖӨ борбору менен”ст” компаниясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумдарга кол коюу болду. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кыргыз-француз мамилелерин өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, француз компанияларын кыргыз бизнеси менен активдүү кызматташууга чакырды. Ал ошондой эле туризм, агроөнөр жай комплекси жана “таза” энергетика жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин белгиледи. Бизнес-форум тажрыйба алмашуу жана эки өлкөнүн өкүлдөрүнүн ортосунда ишкер байланыштарды түзүү үчүн аянтча болуп калды. Форумдун иш аянтында […]
Шанхайдагы «CHINA INTERNATIONAL IMPORT EXPO» көргөзмөсү 100дөн ашык өлкөдөн 150 000ден ашуун конокторду чогултту. Улуттук көргөзмөнүн алкагында Made in Kyrgyzstan бренди менен бал, кургатылган жемиштер, ширелер жана бөтөлкөдөгү азыктар, ошондой эле кол өнөрчүлүк буюмдары көрсөтүлдү. Көргөзмөнүн жүрүшүндө продукциянын потенциалдуу импорттоочулары, анын ичинде Кытайдын соода ассоциациясынын (CATIS) өкүлдөрү менен 200дөн ашык жолугушуулар өткөрүлдү. Alibaba платформасында компанияларды жайгаштыруу маселелери талкууланды. Уюштуруучулар белгилегендей, Көргөзмөгө катышуу көптөгөн компаниялар үчүн өз продукцияларын көрсөтүү жана жаңы өнөктөштөрдү табуу үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк болуп калды. БУУӨПтүн Борбор Азия өлкөлөрүндөгү «Соодага көмөктөшүү» долбоору жана Финляндия Өкмөтү иш-чаранын өнөктөштөрү болушту.
“Нарын” ЭЭАнын аймагында биринчи бонд кампасы курулууда, ал регионду өнүктүрүү жана Нарын облусуна инвестицияларды тартуу үчүн маанилүү кадам болуп калат. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясовдун, «GuangDong Logistics Profession Association» ассоциациясынын президенти Ма Жэньхун мырза жана Guangzhou Flyt Logistic Limited башкы директору Чжу Цзэвэн мырзанын ортосунда өткөн жолугушууда “Нарын” ЭЭА аймагында бонд кампаларын куруу маселелери талкууланды. Бул демилгенин алкагында кытайлык инвесторлор “Нарын” ЭЭА субъекти “Кара-Булак” ЖЧКсы менен биргеликте Нарын облусунун Ат-Башы районунда бонд кампасын куруу боюнча иштерди жүргүзүүдө. Келечекте башка долбоорлорду, анын ичинде электрондук коммерция үчүн онлайн аянтчаны түзүү жана Нарын ЭЭАнын аймагында автоунаа базарын курууну кароо пландалууда. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын айыл чарба продукциясын Кытайга экспорттоо долбоору каралат. Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 149 токтому менен “Нарын ЭЭАнын аймагында товарларды алып өтүүнүн тартиби” кабыл алынган, ал Нарын облусунун эркин […]
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте Дүйнөлүк банк тобуна кирген IFC өкүлдөрү менен жолугушуу болуп, анда тараптардын мындан аркы кызматташуу пландары талкууланды. Жолугушууга IFC жогорку даражалуу өкүлдөрү катышышты, анын ичинде Борбор Азиядагы жана Түркиядагы консультациялык долбоорлор боюнча программа менеджери Тарик Шахович, Кыргыз Республикасындагы IFC жетекчисинин милдетин аткаруучу Дмитрий Пятаченко, ошондой эле Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Рено Вуньер. Улуттук агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов эл аралык финансы корпорациясы менен биргеликте аткарылган иштер тууралуу айтып берди жана көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Тараптар “Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун илгерилетүү, ошондой эле бизнес-коомчулуктардын арасында инвесторлордун даттанууларын кароо тартибин кеңири жайылтуу боюнча пландарды талкуулашты. Мындан тышкары,”Кыргызстанда венчурдук каржылоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору талкууланды. Тарик Шахович Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы №32 «Инвесторлордун даттанууларын кароонун жана аларды коштоонун тартиби жөнүндө» токтомун ишке […]