Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси У.Темиралиев «Узкимёсаноат» акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Э.Коржиков менен жолугуп, Кыргыз Республикасынын аймагында кальций карбидинин өндүрүү долбоорду ишке ашыруу боюнча кызматташуунун жолдорун талкулады. Маалымат үчүн: «Узкимёсаноат» акционердик коому Өзбекстан Республикасынын химиялык ишканаларын бириктирген ажырагыс корпоративдик түзүм болуп саналат. Компания химиялык ишканаларды өнүктүрүү үчүн өндүрүштүк, инновациялык, маркетингдик программаларды иштеп чыгат жана ишке ашырат. Компаниянын түзүмүндө 13 өнөр жай ишканасы, илимий-изилдөө жана долбоорлоо институту, «Киметранс» жана «Кимиотранс-логистика» тышкы экономикалык транспорттук-экспедициялык уюмдар ошондой эле «Хамкор-кимиосервис» брокердик компаниясы бар. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу, заманбап технологияларды колдонуу жана эл аралык стандарттарга ылайыктуу иш-чаралардын артыкчылыктуу пландарын талкуулады. Ошондой эле кальций карбиди (өндүрүү үчүн төмөнкү компоненттер сапаттуу көмүр, 20 МВт электр энергиясы жана суу) керек экени айтылды. Жыйынтыгында тараптар маселени мындан ары биргелешип изилдөө үчүн байланыштарды алмашышты. Маалымат үчүн: 2023-жылдын 26-январында Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында өткөн […]
Сапардын негизги максаты 2023-жылдын 26-январында Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында өткөн “Кыргызстан-Өзбекстан” бизнес-форумунун алкагында Улуттук агенттик тарабынан кол коюлган келишимдерди аткаруу болуп саналат. Сапардын алкагында Өзбекстан Республикасынын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министри Л.Кудратов менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө У.Темиралиев инвестициялык саясат жаатындагы жүргүзүлүп жаткан реформалар жана мамлекет инвесторлорго жана ишкерлерге ар тараптуу колдоо көрсөткөн энергетика, агроөнөр жай комплекси, ошондой эле туризм жаатындагы артыкчылыктуу долбоорлор тууралуу кыскача маалымат берди. Өз кезегинде Өзбекстан Республикасынын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министри Л.Кудратов Бишкекте өткөн бизнес-форум ийгиликтүү өткөнүн белгиледи жана эки өлкөнүн бизнес чөйрөсүн өзүнө тарткан уюштуруучуларга жогору баа берди. Ушул контекстте сапардын өз убагында болгону белгиленди. Химия жана текстиль өнөр жайы, машина куруу, фармацевтика, булгаары жана бут кийим өндүрүшү, курулуш материалдары, электротехника, ошондой эле айыл чарба, транспорт, логистика жана туризм энергетика тармактарында жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну тездетүү боюнча учурдагы этаптар жана алдыдагы […]
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Улуттук агенттиктин жалпы жамааты жана Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде дастанчылык өнөрү боюнча билим алып жаткан Самуил Жорж жана ушул эле окуу жайынын студенти Жээнбек Казыбеков катышты.Белгилей кетсек аталган иш-чара “Тил – улуттун жан дүйнөсү “ темасында өткөрүлүп, ачылыш аземинде Улуттук агенттиктин директорунун орун басары Ж.М.Жээналиев жалпы жамаатты жана салтанаттуу иш-чаранын конокторун Эл аралык эне тил күнү менен куттуктап, тилдер биздин материалдык жана мүдөөлүк мурастарыбызды сактоонун, өнүктүрүүнүн эң күчтүү куралы экендигине токтолуп өттү.Иш-чарада эне тил, анын тарыхы, коомдогу орду жөнүндө ой-толгоолор айтылып, кыргыздардын музыкалык аспаптарында кол ойноткон коноктордун ырлары, дастандары жаңырды.
Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы Жетиген Бакиров агенттиктин жамаатын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси А. Ү. Жапаровдун Ж. М.Жээналиевдин дайындалышы жөнүндө буйругу менен тааныштырды. Ж. М. Жээналиев дайындалганга чейин КР Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти кызматын ээлеп келген. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктин инвестициялык долбоорлорду илгерилетүү бөлүмүнүн башчысы жана инвестицияларды тартуу жана коштоо бөлүмүнүн эксперти болуп иштеген. Маалымдама: Жалын Муратбекович Жээналиев 1991-жылдын 9-сентябрында туулган, “Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси”. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Ардак грамотасы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин ыраазычылык катынын ээси.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун расмий сапарынын алкагында «Мажар-кыргыз» бизнес форумунда Венгер-кыргыз өнүктүрүү фондунун, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын, Венгриянын экспортту илгерилетүү агенттигинин жетекчилери өздөрүнүн ишмердүүлүгү тууралуу айтып беришти. Ошол эле учурда, жалпы суммасы 50 миллион АКШ долларын түзгөн эки тараптуу документтерди алмашуу аземи болуп өттү.Кол коюлган келишимдер эки тараптуу сооданы көбөйтүүгө жана биргелешкен өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга багытталган.Белгилей кетсек, Улуттук инвестициялык агенттик аркылуу эт азыктарын жана кант заводуна жабдууларды жеткирүү боюнча келишимдерге, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагында кызматташуу максатында меморандумдарга кол коюлган. Мындан тышкары, Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду аркылуу ата мекендик жана венгриялык компаниялар кредиттик келишимдерге жана айыл чарба тармагындагы долбоорлорду каржылоо, продукцияны жана товарларды өз ара жеткирүү боюнча келишимдерге кол коюшту.
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун тапшырмаларынын негизги багыттарынын бири болуп, жеке ишкерлерге инвестициялык жагымдуу шарттарды жаратуу менен жумуш орундарын түзүү болуп эсептелет. Аталган тапшырмалардын аткарылышын камсыз кылуу максатында 2023-жылдын 10-февраль күнү Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Р.С.Мырзакулов, КРнын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлү Д.Бикулов, Кыргыз-Өзбек Өнүктүрүү фондунун Ош облусу боюнча өкүлү С.Эргешов, Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун (АРИС) Аймактык экономикалык өнүгүү (ПРЭР) долбоорунун аймактык адиси И.Исраиловдордун катышуусунда, Өзгөн районунун ишкерлери, дыйкан-фермерлери менен жолугушуусу өткөрүлдү. Жолугушууда ишкерлер региондордун жана чарба субъекттердин инвестициялык паспортторун толтуруу тартиби жөнүндө, эл аралык стандарттар боюнча инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуу, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын инвестициялык саясатты ишке ашыруу маселелери жана кандай жумуштарды алып баруу жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Инвестициялык долбоорлор менен иштөөнүн багыттары жеңилдетилген насыяларды алуунун шарттары боюнча маалымат алышты. Иш-чаранын соңунда тараптар чакан […]
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин жетекчиси У.Темиралиев Германиянын Федеративдуу Республикасынын эл аралык стандарттын талаптарына жооп берген айыл чарба продукциясын сертификациялоо жаатында « Wessling » компаниялар тобунун башкаруучу өнөктөшү Анна Весслинг айым менен кызматташууну түзүү максатында жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө У.Темиралиев Кыргызстандын органикалык продукциясынын тышкы рынокко пайдаланылбай жаткан зор экспорттук потенциалы тууралуу маалымат берип, Кыргыз Республикасында айыл чарба продукциясынын сапатын эл аралык стандарттарга ылайык текшерүү жана сертификациялоо боюнча лаборатория түзүүгө инвестициялык долбоорду сунуштады. Өз кезегинде Весслинг айым белгилегендей, компаниялар тобунда айыл чарба кыгынын так талдоосунан, тоютту баалоодон, ичүүчү суунун гигиенасын талдоодон жана биогаздын түшүмдүүлүгүн аныктоодон тарта айыл чарба тармагы үчүн атайын кызматтардын жана аналитикалык системалардын кеңири спектри жана биогаз станцияларынын негизги көрсөткүчтөрүн жана массалык баланстарын түзүү мүмкүнчүлүктөрү бар. Учурда компаниялар тобунун 7 өлкөдө 24 өкүлчүлүгү бар жана Кыргыз Республикасында айыл чарба продукциясынын сапатын контролдоо жана сертификациялоо лабораториясын түзүү боюнча […]