Monthly Archives: October 2023

Чакан жана орто бизнес Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөнү максат кылууда

Опубликовано: 10.10.2023 в 18:28

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттикте “РОССИЯНЫН ТАЯНЫЧЫ” Жалпы россиялык чакан жана орто ишкердик коомдук уюмунун президенти Александр Калинин менен жолугушуу болуп өттү. Улуттук агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы товар жүгүртүүнүн оң динамикасын белгилеп, биргелешкен ишти активдештирүүгө кызыкдар экенин билдирди. Өз кезегинде Александр Калинин “РОССИЯНЫН ТАЯНЫЧЫ” республиканын бизнеси менен эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө, ошондой эле логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталганын билдирди. Бул өзгөчө маанилүү, анткени Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүнүн драйвери болуп дал ушул чакан жана орто бизнес сектору эсептелет, ал керектөө рыногун товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылат, ошондой эле калк үчүн жаңы жумуш орундарын түзөт. Тараптар келерки жылдын башында Кыргызстандын жана Россиянын ишкерлеринин катышуусунда “РОССИЯНЫН ТАЯНЫЧЫ” бизнес-миссиясын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. “Достук мамиледеги бизнес-миссиялардын тажрыйбасы өзүнүн натыйжалуулугун көрсөтүүдө. Пландаштырылган В2В-жолугушуулардын жүрүшүндө ишкерлер жаңы өнөктөштөрдү, сатуу рынокторун, логикалык жолдорду табышат, ошондой […]

Улуттук агенттик жана Genuine Materials Pte Ltd алдыңкы санариптик технологияларды колдонуу менен кремнийди кайра иштетүү жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту

Опубликовано: 10.10.2023 в 17:03

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Бүгүн, 2023-жылдын 10-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен сингапурдук Genuine Materials Pte Ltd компаниясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду. Бул документтин негизги максаты – алдыңкы санариптик технологияларды колдонуу менен кремнийди кайра иштетүү тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу. Сингапурда катталган Genuine Materials Pte Ltd. жарым өткөргүч материалдарды, таза кремний пластиналарды жана башка акыркы продукцияларды чыгарууга адистешкен. Бул компаниянын бул тармакта чоң тажрыйбасы бар экенин жана кремнийди кайра иштетүү долбоорун ийгиликтүү өнүктүрүү үчүн өз кызматтарын сунуштоого даяр экенин көрсөтүп турат.

Кыргыз-орус мамилелеринде аймактар аралык түз байланыштарды өнүктүрүү маанилүү

Опубликовано: 09.10.2023 в 15:05

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттикте Свердлов облусунун (Россия) өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Улуттук агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов Свердлов облусунун эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министри Вячеслав Ярин жана Свердлов облусунун эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министрлигинин тышкы экономикалык жана гуманитардык кызматташтык департаментинин директору Евгений Лосев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Свердлов облусунун ортосундагы түз аймактар аралык байланыштарды өнүктүрүү эки өлкө ортосундагы достук жана өз ара пайдалуу мамилелерди чыңдоо үчүн маанилүү экендиги баса белгиленди. Ошондой эле эки тарап кызматташууну мындан ары бекемдөөгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендиги белгиленди. Улуттук агенттик конструктивдүү диалог үчүн Свердлов облусунун өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирет жана келечекте ийгиликтүү кызматташууга үмүттөнөт. Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасы үчүн аймактар аралык түз соода-экономикалык байланыштарды сактоо жана өнүктүрүү жагынан Свердлов облусу Россиянын аймактарынын арасында өзгөчө орунду ээлейт. Өз ара аракеттенүүнүн […]

Гамбург жана Париждеги бизнес-форумдарга чакырабыз: Кыргызстандын компаниялары үчүн кызматташтыктын келечеги

Опубликовано: 05.10.2023 в 15:48

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Урматтуу Кыргызстандын бизнес-түзүмдөрүнүн жана компанияларынын өкүлдөрү! Улуттук агенттик сиздерди үстүбүздөгү жылдын 8-ноябрында Гамбург шаарындагы (ГФР) «Hafen Hamburg» мейманканасында өтүүчү “Кыргызстан экономикасы күнү” кыргыз-герман бизнес-форумуна жана үстүбүздөгү жылдын 10-ноябрында Париж шаарында (Франция Республикасы) өткөрүлүүчү кыргыз-француз бизнес-форумуна катышууга чакырат Бул бизнес-форумдардын алкагында төмөнкүдөй маселелер талкууланат: Жашыл экономика чөйрөсүндө кызматташуунун келечеги; Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар: инновация өнүгүү перспективасын кандайча өзгөртөт; Айыл чарба тармагындагы өнөктөштүктү өнүктүрүү. Алдыдагы иш-чараларга Кыргызстандын, Германиянын жана Франциянын ири ишкер чөйрөлөрүнүн 250дөн ашык өкүлдөрүнүн катышуусу пландаштырылууда, бул Европа биримдигинин өлкөлөрүнүн алдыңкы компаниялары менен байланыш түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Кызыккан катышуучулардан 2023-жылдын 15-октябрына чейин төмөнкү байланыш маалыматтары боюнча катышууну ырастоосун суранабыз: тел: +996(705)119111, +996312300284 же шилтеме аркылуу, так маалыматтарды жана кызматташуу багыттарын көрсөтүү менен: https://clck.ru/35xa58