Улуттук агенттик жана Genuine Materials Pte Ltd алдыңкы санариптик технологияларды колдонуу менен кремнийди кайра иштетүү жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту

Бүгүн, 2023-жылдын 10-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен сингапурдук Genuine Materials Pte Ltd компаниясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

Бул документтин негизги максаты – алдыңкы санариптик технологияларды колдонуу менен кремнийди кайра иштетүү тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу.

Сингапурда катталган Genuine Materials Pte Ltd. жарым өткөргүч материалдарды, таза кремний пластиналарды жана башка акыркы продукцияларды чыгарууга адистешкен. Бул компаниянын бул тармакта чоң тажрыйбасы бар экенин жана кремнийди кайра иштетүү долбоорун ийгиликтүү өнүктүрүү үчүн өз кызматтарын сунуштоого даяр экенин көрсөтүп турат.