Кыргыз-орус мамилелеринде аймактар аралык түз байланыштарды өнүктүрүү маанилүү

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттикте Свердлов облусунун (Россия) өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.

Улуттук агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов Свердлов облусунун эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министри Вячеслав Ярин жана Свердлов облусунун эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министрлигинин тышкы экономикалык жана гуманитардык кызматташтык департаментинин директору Евгений Лосев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Свердлов облусунун ортосундагы түз аймактар аралык байланыштарды өнүктүрүү эки өлкө ортосундагы достук жана өз ара пайдалуу мамилелерди чыңдоо үчүн маанилүү экендиги баса белгиленди. Ошондой эле эки тарап кызматташууну мындан ары бекемдөөгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендиги белгиленди.

Улуттук агенттик конструктивдүү диалог үчүн Свердлов облусунун өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирет жана келечекте ийгиликтүү кызматташууга үмүттөнөт.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасы үчүн аймактар аралык түз соода-экономикалык байланыштарды сактоо жана өнүктүрүү жагынан Свердлов облусу Россиянын аймактарынын арасында өзгөчө орунду ээлейт. Өз ара аракеттенүүнүн маанилүү багыттары болуп аймактар аралык соода-экономикалык, ишкердик, илимий-техникалык, маданий-билим берүү жана коомдук-гуманитардык байланыштарды, анын ичинде миграция чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү саналат.