Гамбург жана Париждеги бизнес-форумдарга чакырабыз: Кыргызстандын компаниялары үчүн кызматташтыктын келечеги

Урматтуу Кыргызстандын бизнес-түзүмдөрүнүн жана компанияларынын өкүлдөрү!

Улуттук агенттик сиздерди үстүбүздөгү жылдын 8-ноябрында Гамбург шаарындагы (ГФР) «Hafen Hamburg» мейманканасында өтүүчү “Кыргызстан экономикасы күнү” кыргыз-герман бизнес-форумуна жана үстүбүздөгү жылдын 10-ноябрында Париж шаарында (Франция Республикасы) өткөрүлүүчү кыргыз-француз бизнес-форумуна катышууга чакырат

Бул бизнес-форумдардын алкагында төмөнкүдөй маселелер талкууланат:

  • Жашыл экономика чөйрөсүндө кызматташуунун келечеги;
  • Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар: инновация өнүгүү перспективасын кандайча өзгөртөт;
  • Айыл чарба тармагындагы өнөктөштүктү өнүктүрүү.

Алдыдагы иш-чараларга Кыргызстандын, Германиянын жана Франциянын ири ишкер чөйрөлөрүнүн 250дөн ашык өкүлдөрүнүн катышуусу пландаштырылууда, бул Европа биримдигинин өлкөлөрүнүн алдыңкы компаниялары менен байланыш түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Кызыккан катышуучулардан 2023-жылдын 15-октябрына чейин төмөнкү байланыш маалыматтары боюнча катышууну ырастоосун суранабыз: тел: +996(705)119111, +996312300284 же шилтеме аркылуу, так маалыматтарды жана кызматташуу багыттарын көрсөтүү менен: https://clck.ru/35xa58