Monthly Archives: April 2022

КЫРГЫЗСТАНДА БИРИНЧИ ЖОЛУ: “ ЗАРУБЕЖ ЭКСПО ” Акционердик коому менен B2B

Опубликовано: 08.04.2022 в 18:37

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Тэги: ,,,

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу  Инвестициялар боюнча улуттук агенттик “Expo Russia-Kyrgyzstan 2022” ири өлчөмдөгү  көргөзмөсүн өткөрөт. 2022-жылдын 6-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук  агенттиктин директору С.А. Сабировдун  “Зарубеж Экспо” АКнын директорлор кеңешинин төрагасы Д.Р.Вартанов менен   жолугушуусу болуп өттү. Тараптар 2022-жылдын 21-июнунан 23-июнуна чейин Бишкекте “Экспо Россия-Кыргызстан” биринчи эл аралык өнөр жай көргөзмөсүн, ошондой эле төмөнкү тармактарда 250 ири россиялык компаниялардын катышуусунда бизнес-форумду өткөрүү боюнча макулдашышты: – Энергетика; – Машина куруу; – Металлургия; – Химия өнөр жайы; – Мунай- газ өнөр жайы; – Курулуш; – Транспорт; – Агроөнөр жай комплекси; – Маалымат технологиялары; – Тоо-кен казуу өнөр жайы; – Инновациялык технологиялар жана материалдар; – Медицина жана фармацевтика; – Банк иши, инвестиция жана камсыздандыруу; – Билим  жана илим; – Элдик  керектөө товарлары; – Кызмат көрсөтүү чөйрөсү. Бизнес-программада кыргыз-орус региондор аралык бизнес-форуму, тематикалык тегерек үстөлдөр, В2В байланыш алмашуу, министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү менен […]

Кыргыз Республикасы менен Словакия Республикасынын ортосундагы кызматташтыктын жаңы келечеги.

Кыргыз Республикасынын Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинде Словакия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Милан Коллар мырза менен жолугушуу болуп өттү. 2022-жылдын 4-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшан Сабиров Словакия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Милан Коллар мырза менен жолугушту. Тараптар товарларды жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү максатында эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыктын келечегин талкуулашты. Экономиканын ар түрдүү тармактарындагы мүмкүн болгон байланышы жөнүндө кеп  козголду. Атап айтканда Кыргыз Республикасынын аймагында словакиялык технологияларды жана өндүрүштү: электроника, айнек өндүрүшү, автомобиль тетиктери ж.б локалдаштырууга өз ара кызыкчылыгы айтылды.  Ошону менен бирге словакиялык тарап Словакия Республикасынын Эксимбанкынын  каржылоосу аркылуу алардын наркынын 30%га чейинки долбоорлорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Жолугушууда тараптар өлкөлөр ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү: кош салык салууну жоюу, ошондой эле эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн  инвестицияларды коргоо боюнча  ниетин билдирди. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ЕАЭБ, Борбордук […]

Евразия экономикалык биримдигинин алкагында бажы алымдарын, салыктарды жана тарифтик преференцияларды төлөө боюнча жеңилдиктер

Улуттук агенттик улуттук кызыкчылыктарды жетекчиликке алуу менен, ошондой эле Кыргыз Республикасында ишкердикти өнүктүрүүгө максималдуу көмөк көрсөтүү максатында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-октябрындагы № 503 “Инвестициялык долбоорлордун ишинин артыкчылыктуу түрлөрүн (экономика секторлорун) белгилөө жөнүндө” токтомуна ылайык так иш алып барып, иштин төмөнкү артыкчылыктуу түрлөрүнө (экономиканын секторлоруна) ылайык келген инвестициялык долбоорлордун реестрин түзөт жана жүргүзөт: 1) инновациялык технологияларга негизделген өнөр жай өндүрүштөрү; 2) жеңил өнөр жайы; 3) тамак-аш өнөр жайы; 4) энергетика; 5) айыл чарбасы, айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү; 6) чогултуу өндүрүшү; 7) туризм; 8) экспортко багытталган өндүрүш; 9) байланыш тармактары жана коммутация системалары; 10) автомобиль транспорту жана жол курулушу; 11) банк жана төлөм иши; 12) саламаттыкты сактоо (медицина жабдуулары, мунун ичинде алардын комплекттөөчү жана запастык бөлүктөрү, ошондой эле медицина багытындагы буюмдар); 13) аба транспорту (жарандык жүргүнчүлөр учактары). Аларга карата Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттерине импорттоодо ташып келүү  […]