Кыргызстанга инвестицияларды тартуудагы француз консалтинги
Инвестициялар чөйрөсүндөгү Француз консалтинг компанияларынын Кыргызстандын капитал рыногуна келиши. 2022-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшан Сабиров Бишкекте француз консалтинг компанияларынын инвестициялык конференциясына катышты. Конференцияда президент Н.Косабианктын атынан “Финантреп Аспир” француз компаниялары, президент Б.Карлиердин атынан “Меркюро” компаниялары, ошондой эле Франциянын жалпы улуттук“МЕДЕФ” ассоциациясы презентацияланды. Өзүнүн куттуктоо сөзүндө Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшан Сабиров бүгүнкү күндө инвестициялык конференцияны өткөрүү өзгөчө актуалдуу болуп жатканын, тез өзгөрүүлөрдүн шартында алардын өнүгүү багыттарынын жолдоруна өз убагында оңдоолорду киргизүү зарылдыгын белгиледи. “Биз өз ара пайдалуу кызматташуу жолунда потенциалдуу өнөктөштөрдүн жолугушуу кадамдарын кубаттайбыз. Француз Республикасы тарабынан бизнес-консалтингдин активдүү ролун канааттануу менен белгилегим келет. “Консалтинг – эң кенже наамы полковник болгон армия”- дегендей белгилүү бир долбоорго инвестиция тартуунун ийгилиги кесипкөй консультанттардан көз каранды”, – деп баса белгиледи Равшан Сабиров. Андан ары Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси мамлекет башчынын колдоосун, тактап айтканда, Кыргыз […]