Посты с тэгом: Инвестициялар тартуу

Жаңы диалог: жоогазындар, сыр жана сүрөтчүлөр өлкөсү жана Кыргызстан

Кыргыз Республикасындагы Голландия Соода миссиясы (Нидерланды) 2022-жылы 19-майда, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук инвестициялар агенттигинин директору Сабиров Р.А. жанаНидерланды падышалыгынын элчилигинин экономика башкармалыгынын башчысы урматтуу Роналд Голберг ортосунда жолугушуу болуп өттү. Тараптар өз ара сооданы кеңейтүү, Нидерланддык өнөктөштөр менен байланыш түзүү мүмкүнчүлүктөр, жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасында Нидерланддык айыл чарба компанияларынын соода миссиясын уюштуруу маселелерин талкуулашты. Жолугушуунун жүрүшүндө Нидерланддык элчиликтин экономика башкармалыгынын башчысы Рональд Голберг бир катар голландиялык айыл чарба компаниялары соода миссиясын уюштурууга кызыкчылыгын билдирди, алардын арасында Philips Medical System, Coppert жана башкалар. Директор Сабиров Р.А соода миссиясын өткөрүүгө кызыкчылыгын билдирүү менен бирге, Кыргыз-Голландиялык өкүлдөрдөн Ишкерлер Кеңешинин түзүү максатка ылайыктуу боло турганын сунуш кылды, бул эки мамлекеттин бизнес чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүн жакындаштырууга жана тажрыйба алмашууга жана сертификациялоо, стандартташтыруу тармагында жакшы тажрыйба болорун ошондой эле фитосанитардык көзөмөл процедурасын өркүндөтүүгө жол ачарын белгиледи. Ошолор мене бирге, Сабиров […]

Кыргыз Республикасы Ташкентте инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү презентациялады

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу  Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Р.А. Сабиров жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары А.К. Аалиев Борбордук Азия инвестициялык форумуна катышты. 2022-жылдын 24-мартында Ташкент эл аралык инвестициялык форумунун ачылышы болуп өттү, ал 24-марттан 26-мартка чейин өтөт. Ушул  аянтча  стратегиялык демилгелерди талкуулоого жана ишке ашырууга, ошондой эле Борбордук Азиянын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн эл аралык бизнес коомчулугуна көрсөтүүгө кызмат кылат. Бул эл аралык экономикалык иш-чаранын алкагында Борбордук Азиянын экономикалык жана инвестициялык келечегине, инвестицияларды тартуу механизмдерине, ошондой эле өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн приоритеттүү багыттарын аныктоого, пандемиянын жана жакырчылыктын кесепеттери менен күрөшүү, ишкердикти жана банк секторун өнүктүрүүнү колдоо    боюнча чараларды талкуулоого арналган  түрдүү сессиялар жана отурумдар өткөрүлдү. Форумга 2 миңден ашуун катышуучу, анын ичинде 56 өлкөдөн ири инвесторлор жана жогорку даражалуу коноктор катышты. Ошентип иш-чарада жашыл энергетикадан инновациялык ишканаларга, айыл чарбадан экономика тармактарын санариптештирүүгө чейин түрдүү темалар талкууланды. Пленардык сессиянын жыйынтыгы […]