ЕАЭБди өнүктүрүүнүн жаңы багыттары
Евразия экономикалык форумунда өнүгүүнүн жаңы багыттары талкууланды Кыргыз Республикасынын Президентинине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директору Р.А. Сабиров биринчи Евразиялык форумдун алкагында 2022-жылдын 26-майында Бишкек шаарында “Шератон” мейманканасында өткөн панелдик маектешүүдө “ЕАЭБде өз ара аракеттенүүнун жаңы багыттары”темасында куттуктоо сөзүн сүйлөдү Улуттук агенттиктин директору Р.А. Сабиров иш-чаранын жана ЕАЭБде өз ара аракеттенүүнүн жаңы багыттарынын жогору маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын: либералдык мыйзамдар, жалпы саны 550 млн.адам болгон сатуу рынокторун, өзгөчө салык зонасы иштеген жогорку технологиялар паркы сыяктуу инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү эске салды. Көрсөткүчтөр аркылуу ЕАЭБ ичиндеги оң багыттарды көрүүгө болот. Мисалы: интеграциянын натыйжалуулугунун өсүшү, ал Кыргызстандын жарандарынын Россияда жана ЕАЭБге кирген башка өлкөлөрдө абалын жакшыртууда чагылдырылат, ал эми трансферттердин агымы туруктуу мүнөзгө ээ. Улуттук агенттиктин директору Р.А. Сабиров: Бизнес-секторду стимулдаштыруу жана колдоо үчүн мамлекет Борбордук Азия регионунда Кыргызстанда кыйла либералдуу салык режимин түздү. Мындан тышкары өткөн жылдын сентябрь айында Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан “Баткен облусунун статусу жөнүндө” мыйзамга кол коюлган, ушул […]