Monthly Archives: October 2021

Медиа материалдар конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо

Опубликовано: 21.10.2021 в 06:42

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

2021-жылдын 20-октябрында Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигинде журналисттер, басма сөз, телекөрсөтүү, радио жана маалымат агенттиктеринин кызматкерлери арасындагы медиа материалдар конкурсунун жеңүүчүлөрү сыйланды. Сынак эки багытта өттү: ЭФИнин туруктуу өнүгүүсү үчүн каржылоого жетүү жана инвестиция тартуу. Иш-чаранын негизги максаты – ЭФИнин туруктуу өнүгүүсү үчүн каржылоого жетүү чөйрөсүндөгү маселелер боюнча жарандардын маалымдуулугун жогорулатуу, ошондой  эле журналисттердин чыгармачылык активдүүлүгүн көтөрүү жана маалыматтык материалдардын сапатын жакшыртуу. Сынак Россиянын – ПРООНдун Өнүктүрүү Траст Фонду тарабынан каржыланган ПРООНдун “КМШ аймагында туруктуу өнүктүрүүнү каржылоо потенциалын күчөтүү” долбоорунун колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлиги тарабынан уюштурулду. Сынактын жеңүүчүлөрү менен болгон жолугушууда, куттуктоо сөзүндө Инвестициялар министринин м.а. Н.М. Баясов белгилегендей, бюджеттик чектөөлөр шартында, инвестициялардын ролу жана мааниси Кыргыз Республикасында гана эмес, бүткүл дүйнөдө өзгөчө мааниге ээ. Мамлекеттик органдар менен бизнестин өз ара аракеттенүү жол-жоболорун жеңилдетүү, инвесторлорду коргоо, менчиктин кол тийбестигине кепилдик берүү жана ишкерлердин укуктарын коргоо максатында министрлик колдонуудагы мыйзамдарга […]

Кыргыз Республикасына Түркия Республикасынан делегация келди

Опубликовано: 05.10.2021 в 10:12

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Бүгүн 5-октябрда Түркиянын OSTİM уюшкан өнөр жай аймагынын башчысы Орхан Айдын жана OSTİM Техникалык университетинин башчысы Мурат Юлек баштаган 22 кишиден турган чоң делегация келди. Кыргыз Республикасына Түркия Республикасынан делегация келдиБүгүн 5-октябрда Түркиянын OSTİM уюшкан өнөр жай аймагынын башчысы Орхан Айдын жана OSTİM Техникалык университетинин башчысы Мурат Юлек баштаган 22 кишиден турган чоң делегация келди.Жолугушууга мамлекеттик органдардын жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү ишкерлер катышты.Жыйынындын жүрүшүндө Түркия тарабы Кыргызстанда өнөр жай жана өндүрүштүк аймак ачуу боюнча сунуш берип, аны үчүн керектүү кадамдарды биргеликте жасоо ниетин билдирди. Жогорудагы максаттарды ишке ашыруу максатында биргелешкен кыргыз-түрк мекемесин ачуу боюнча макулдашылды. Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын жана Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен OSTİM Техникалык университетинин ортосунда алмашуу программалары боюнча эки тараптуу келишимдерге кол коюлду. Делегациясы түштөн кийин Кыргызстанда өнөр жай жана өндүрүштүк аймак ачуу боюнча […]