Кыргыз Республикасына Түркия Республикасынан делегация келди

Бүгүн 5-октябрда Түркиянын OSTİM уюшкан өнөр жай аймагынын башчысы Орхан Айдын жана OSTİM Техникалык университетинин башчысы Мурат Юлек баштаган 22 кишиден турган чоң делегация келди.

Кыргыз Республикасына Түркия Республикасынан делегация келдиБүгүн 5-октябрда Түркиянын OSTİM уюшкан өнөр жай аймагынын башчысы Орхан Айдын жана OSTİM Техникалык университетинин башчысы Мурат Юлек баштаган 22 кишиден турган чоң делегация келди.Жолугушууга мамлекеттик органдардын жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү ишкерлер катышты.Жыйынындын жүрүшүндө Түркия тарабы Кыргызстанда өнөр жай жана өндүрүштүк аймак ачуу боюнча сунуш берип, аны үчүн керектүү кадамдарды биргеликте жасоо ниетин билдирди. Жогорудагы максаттарды ишке ашыруу максатында биргелешкен кыргыз-түрк мекемесин ачуу боюнча макулдашылды. Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын жана Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен OSTİM Техникалык университетинин ортосунда алмашуу программалары боюнча эки тараптуу келишимдерге кол коюлду. Делегациясы түштөн кийин Кыргызстанда өнөр жай жана өндүрүштүк аймак ачуу боюнча долбоорду талкуулоо үчүн “Бишкек” Эркин экономикалык аймагына сапар алат.Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлиги OSTİM менен биргеликте Өнөр жай жана өндүрүштүк аймактарды өнүктүрүү үчүн атайын биржа ачуу боюнча келишимге келишти. Андан тышкары чакан ГЭСтерди куруу жана жашыл энергияны өндүрүү боюнча сөз болду.

Жолугушууга мамлекеттик органдардын жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү ишкерлер катышты.

Жыйынындын жүрүшүндө Түркия тарабы Кыргызстанда өнөр жай жана өндүрүштүк аймак ачуу боюнча сунуш берип, аны үчүн керектүү кадамдарды биргеликте жасоо ниетин билдирди. Жогорудагы максаттарды ишке ашыруу максатында биргелешкен кыргыз-түрк мекемесин ачуу боюнча макулдашылды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын жана Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин менен OSTİM Техникалык университетинин ортосунда алмашуу программалары боюнча эки тараптуу келишимдерге кол коюлду.

Түркия делегациясы түштөн кийин Кыргызстанда өнөр жай жана өндүрүштүк аймак ачуу боюнча “Бишкек” Эркин экономикалык аймагына сапар алат.

Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлиги OSTİM менен биргеликте Өнөр жай жана өндүрүштүк аймактарды өнүктүрүү үчүн атайын биржа ачуу боюнча келишимге келишти. Андан тышкары чакан ГЭСтерди куруу жана жашыл энергияны өндүрүү боюнча сөз болду.