“Евразия жумалыгы – 2019” иштиктүү форуму Кыргызстанда өтөт
Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өнөр жайчылары, ишкерлери жана жигердүү жаштары кайрадан бир аянтчада экономикалык интеграция жана бизнес-кызматташтык маселелерин талкуулоо үчүн жолугушат. “Евразия жумалыгы – 2019” IV Эл аралык форуму Бишкек шаарында 25-27-сентябрда өтөт. Бул тууралуу чечим иш-чараны уюштуруу комитетинин биринчи отурумунда кабыл алынды. Аянт катары Кыргызстандын негизги экономикалык жана саясий окуялары болуп жаткан “Ала-Арча” № 1 мамлекеттик резиденциясы тандалып алынган. Уюштуруучулардын айтымында, бул жылы форум “ЕАЭБ: Консолидация. Өнүгүү. Күч” урааны менен өткөрүлөт. “Евразия жумалыгы” IV Эл аралык форумунун күн тартиби Бирлик жөнүндө Келишимдин беш жылдык жыйынтыгын талкуулоого жана чыгыш чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү түзүү боюнча интеграциянын жаңы векторлорун белгилөөгө, ошондой эле дүйнөлүк экономикалык турбуленттүүлүктөн аярлуулукту азайтуу боюнча чараларды иштеп чыгууга багытталган” – деп Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча Коллегия мүчөсү (Министр), “Евразия жумалыгы” IV Эл аралык форумун Уюштуруу комитетинин төрайымы Вероника Никишина белгиледи. Форумдун программасы үч […]