Посты с тэгом: Бажы алымдары

Евразия экономикалык биримдигинин алкагында бажы алымдарын, салыктарды жана тарифтик преференцияларды төлөө боюнча жеңилдиктер

Улуттук агенттик улуттук кызыкчылыктарды жетекчиликке алуу менен, ошондой эле Кыргыз Республикасында ишкердикти өнүктүрүүгө максималдуу көмөк көрсөтүү максатында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-октябрындагы № 503 “Инвестициялык долбоорлордун ишинин артыкчылыктуу түрлөрүн (экономика секторлорун) белгилөө жөнүндө” токтомуна ылайык так иш алып барып, иштин төмөнкү артыкчылыктуу түрлөрүнө (экономиканын секторлоруна) ылайык келген инвестициялык долбоорлордун реестрин түзөт жана жүргүзөт: 1) инновациялык технологияларга негизделген өнөр жай өндүрүштөрү; 2) жеңил өнөр жайы; 3) тамак-аш өнөр жайы; 4) энергетика; 5) айыл чарбасы, айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү; 6) чогултуу өндүрүшү; 7) туризм; 8) экспортко багытталган өндүрүш; 9) байланыш тармактары жана коммутация системалары; 10) автомобиль транспорту жана жол курулушу; 11) банк жана төлөм иши; 12) саламаттыкты сактоо (медицина жабдуулары, мунун ичинде алардын комплекттөөчү жана запастык бөлүктөрү, ошондой эле медицина багытындагы буюмдар); 13) аба транспорту (жарандык жүргүнчүлөр учактары). Аларга карата Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттерине импорттоодо ташып келүү  […]