Балыкчыда компьютердик томография борборунун ачылышы: саламаттыкты сактоо тармагындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк

Опубликовано: 21.09.2023 в 14:24

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Бүгүн, 2023-жылдын 20-сентябрында Балыкчы шаарында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин жана МЖӨ борборунун көмөгү менен “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо уюмдарында компьютердик диагностика аппараттарын орнотуу” мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында диагностикалык борбор ачылды. Бул МЖӨ долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги мамлекеттик өнөктөш, ал эми жеке өнөктөш “Афей Холдинг” ЖЧК болуп саналат. Мындан тышкары, МЖӨ долбоорунун алкагында кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы калктын бардык катмары үчүн жеткиликтүү болот. Алсак, жеке клиникаларга караганда калктын белгилүү бир бөлүгү макулдашуунун мөөнөтү – 15 жыл ичинде жеңилдетилген негизде тейленет. Жеке өнөктөш ошондой эле техниканы тейлөөнү жүзөгө ашырат, жогорку квалификациялуу диагностикалык дарыгерлер менен камсыздайт, Кытай Эл Республикасынан келген кесиптештери менен дарыгерлерди окутуу жана тажрыйба алмашууну өткөрөт. Макулдашуунун мөөнөтү аяктагандан кийин жеке өнөк бардык жаңыртылган объекттерди жана жабдууларды Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги аркылуу мамлекеттик өнөккө толук менчикке өткөрүп берет. Маалымат үчүн: “Афей Холдинг” ЖЧК (КЭР) […]

Улуттук агенттик менен “ALTINOK CONSULTING ENGINEERING INC” Кыргызстанда логистиканы өнүктүрүү боюнча келишимге кол коюшту

Опубликовано: 18.09.2023 в 17:47

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Стамбул шаарында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директорунун орун басары Н.М. Баясов “ALTINOK CONSULTING ENGINEERING INC” компаниясынын президенти Энвер Алтынок мырза менен логистика тармагында эки тараптуу кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.   Ошону менен бирге компания өкүлдөрү Кыргыз Республикасындагы инвесторлорго берилген мүмкүнчүлүктөр, ошондой эле ВСП жана ВСП+ преференциалдык статусунун алкагында Европа Бирлигинин рынокторуна чыгуучу экспорттук мүмкүнчүлүктөр, Улуу Британияга жеңилдетилген же нөлдүк тарифтер боюнча жана Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн соода схемасынын (DCTS) алкагында жөнөкөйлөштүрүлгөн шарттарда экспорттук мүмкүнчүлүктөрү жана Евразия Бажы биримдигинин потенциалы боюнча маалымат алышты. Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасы Ортоңку коридор үчүн транзиттик өлкө болуп саналат, бул өз кезегинде логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү муктаждыгын жогорулатат. Бардык талкуулардан кийин тараптар логистика тармагындагы долбоорлорду илгерилетүү жана логистикалык борборду куруу максатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Маалымат үчүн: “ALTINOK CONSULTING ENGINEERING INC” – ири инфраструктуралык долбоорлор менен алектенген консалтинг фирма.Компания 1967-жылы негизделген […]

“Улуттук тазалык күнү” демилгесин колдоо максатында Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин кызматкерлери ишембиликке чыгышты

Опубликовано: 16.09.2023 в 15:10

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин, “Бишкек” ЭЭАнын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун өкүлдөрү “Улуттук тазалык күнү” демилгесин колдоо максатында жалпы улуттук ишембиликке чыгышты. Белгилей кетсек, Улуттук агенттик экологиялык иш-чараларга активдүү катышууда. Ишембиликтин жүрүшүндө Сейил жаратылыш паркынан Байтик айылына чейинки жолдун боюндагы аймак тиричилик таштандыларынан тазаланды. Эске салсак, “Улуттук тазалык күнү” жана тиричилик таштандылары менен иштөө боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү – бул Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгында коюлган маанилүү милдеттердин бири. Бул демилгенин алкагында республиканын бардык шаарларында жана калктуу конуштарында ишембиликтер өтүп жатат. Улуттук агенттик бардык кыргызстандыктарды өлкөбүздүн экологиялык тазалыгын сактоого өз салымын кошууга чакырат.

Кыргыз делегациясы Стамбул шаарында (Түркия) өткөн “Бир алкак – бир жол” жана “Орто коридор” жаңы рыноктор конгрессине жана көргөзмөсүнө активдүү катышууда

Опубликовано: 15.09.2023 в 17:03

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Кыргыз Республикасынын делегациясы Стамбул шаарында (Туркия) “Бир алкак – бир жол” жана “Орто коридор” жаңы рынокторунун Конгрессине жана көргөзмөсүнө катышты. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директорунун орун басары Н.М. Баясов “Бир алкак – бир жол” жана “Орто коридор” жаңы рынокторунун конгрессинин жана көргөзмөсүнүн ачылышында куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Ал эл аралык аренада тез өзгөрүп жаткан кырдаалды эске алуу менен иш-чаранын актуалдуулугун белгиледи. Н.Баясов “Орто коридор” жана “Бир алкак – бир жол” демилгесинин бир бөлүгү экенин жана Батыш менен Чыгыштын, Түштүктүн жана Түндүктүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелерде маанилүү орунду ээлей турганын баса белгиледи. Бул транспорттук байланыш биздин өлкөлөрдүн экономикасы үчүн стратегиялык мааниге ээ, ал өнөктөштүк кызматташтыктын диапазонун кеңейтет жана ошону менен аймактагы соода операцияларын көбөйтөт. “2021-жылы Кыргызстандын Түркия, Азербайжан, Кытай, Грузия, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан менен тышкы соода жүгүртүүсү 3,5 млрд. АКШ долларын, ал эми 2022 – жылы-6,6 млрд. АКШ […]

Улуттук агенттик менен China Energy Engineering Corporation энергетика тармагында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты

Опубликовано: 14.09.2023 в 16:54

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

2023-жылдын 14-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов менен «China Energy Engineering Corporation» кытай компаниясынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду. Электр станцияларын курууга жана аларга жабдууларды чыгарууга адистешкен компания Кыргызстанда инвесторлор үчүн түзүлүп жаткан мүмкүнчүлүктөргө кызыкты. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын алкагында компанияга берилчү жеңилдиктер жана преференциялар тууралуу маселелер талкууланды. Улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө артыкчылыктуу көңүл бурарын, учурда кыргыз-кытай мамилелери жогорку деңгээлге чыкканын белгиледи. Аталган компания Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылынын аймагында кубаттуулугу 500 мВт болгон күн электр станциясын куруу ниетин билдирди. Долбоордун рентабелдүүлүгү боюнча изилдөө жана инвестициялык келишимди даярдоо иштери жүрүп жатат.

Кыргызстан-Кытай ортосундагы корпоративдик кызматташтык конференциясында бир катар документтерге кол коюлду

Опубликовано: 09.09.2023 в 11:37

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жана Шаньдун провинциясынын (КЭР) өнөр жай жана маалымат департаменти Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда корпоративдик кызматташуу боюнча ийгиликтүү конференция өткөрүштү. Иш-чараны Министрлер Кабинетинин төрагасы А.Жапаров жана Шаньдун провинциясынын партиялык комитетинин катчысы Лин У ачты. Эки тарап тең эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкты жана инновацияларды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти. Кыргызстандын өкүлдөрү инвестициялык жана технологиялык кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин, өлкөдө жагымдуу инвестициялык климат түзүлгөндүгүн билдиришти. Буга катар Шаньдун провинциясынын партиялык комитетинин катчысы Лин У эки өлкөнүн базарларын кеңейтүү боюнча биргелешкен ишке даяр экендиктерин айтты. Конференцияда бир катар төмөнкү документтерге кол коюлду: -Кыргыз Республикасынын Чүй облусу менен Кытай Эл Республикасынын Шаньдун провинциясынын ортосунда боордоштук мамилелерди орнотуу жөнүндө макулдашуу; – КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Шаньдун провинциясынын өнөр жай жана маалымат департаментинин ортосундагы стратегиялык кызматташтык жөнүндө Меморандум; -Ляочэн шаары менен Ысык-Ата […]

Инновациялык өнүгүү жана экономикалык кызматташтык үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр…

Опубликовано: 08.09.2023 в 14:55

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Бишкек шаарында Кыргызстан менен аймактык соода-экономикалык кызматташтыктын пилоттук аймагынын ортосунда ишкердик жолугушуу болуп өттү. Иш-чара тажрыйба алмашууга, инновациялык долбоорлорду өнүктүрүүгө жана экономикалык мамилелерди кеңейтүүгө арналды. Жолугушууга Кыргыз Республикасынын бизнес-түзүмдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын, Кыргыз темир жолу мамлекеттик ишканасынын жана башка бир катар мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты. Мындан тышкары, иш-чарага кытайлык Wui Choi Holdings Limited, Macaо Bridge Technology (Qingdao Aozhong) Co., Гонконг ассоциацияларынын Шаньдун федерациясы, Qingdao Lu Hai Grain & Oil Co., Teld New Energy Co компанияларынын өкүлдөрү да келишти. Негизги темалардын бири ШКУнун пилоттук зонасы болду. Ал келечекте Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташтыктын маанилүү элементи болуп калышы мүмкүн. Бул аймак новатордук долбоорлорду иштеп чыгуу жана экономикалык мамилелердин чектерин күчөтүү үчүн эки тараптын бизнес үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүгү болот. Улуттук агенттиктин директорунун орун басары Н.М.Басов өз сөзүндө Улуттук агенттик жагымдуу инвестициялык чөйрөнү түзүүгө көмөктөшүүгө, чет элдик инвесторлорго бардык зарыл болгон колдоолорду […]

Улуттук агенттиктин жамаатына директор тааныштырылды

Опубликовано: 08.09.2023 в 09:17

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бүгүн, 7-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин жамаатына ведомствонун жаңы башчысы Талантбек Имановду тааныштырды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койду. Буга чейин Талантбек Иманов Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигин жетектеген. Улуттук агенттиктин мурунку директору Умбриэль Темиралиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун башка буйругуна ылайык, кызматынан бошотулду.

Швейцариялык өкүлдөр Кыргызстанда инвесторлор үчүн жеңилдетилген шарттар жагымдуу экенин белгилешти

Опубликовано: 07.09.2023 в 11:35

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинде  дүйнөдөгү эң ири азык – түлүк өндүрүүчү Nestlé Швейцариянын транс улуттук корпорациясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууда Улуттук агаенттиктин директорунун орун басары Н.Баясов Кыргызстандагы жагымдуу инвестициялык климат жана экспорттук потенциал тууралуу айтып берип, продукцияларды өндүрүү тизмегинин бир бөлүгү боло турган 200дөн ашык ата мекендик экспорттук компаниялардын тизмеси менен тааныштырды. Швейцариянын транс улуттук корпорациясынын өкүлдөрү өндүрүштү Кыргызстанда локалдаштыруу мүмкүнчүлүгүнө кызыкдар экендиктерин билдирип, өлкөнүн географиялык жайгашуусу жана инвесторлор үчүн жеңилдетилген шарттар жагымдуу экендигин белгилешти. Маалымдама: Nestlé S.A (толук аталышы — Nestlé Société Anonyme) — дүйнөдөгү эң ири тамак-аш өндүрүүчү. Компаниянын Штаб-квартирасы Швейцариянын Веве шаарында жайгашкан. Анын продукциялары дүйнө жүзү боюнча чоң суроо-талапка ээ жана KitKat, Maggi, Nescafe, Nesquik, Nestea маркадагы бренд.

Улуттук агенттик кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнү менен куттуктайт

Опубликовано: 31.08.2023 в 10:44

Автор:

Категории: Без категории,Жаңылыктар жана окуялалар

Урматтуу мекендештер, кесиптештер, өнөктөштөр жана достор! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин жана жеке өзүмдүн атымдан Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыккүнү менен куттуктайм! Бул маанилүү күнү биз өлкөбүздүн тарыхындагы маанилүү этап болгон жана анын өнүгүүсү үчүн жаңы горизонтторду ачкан Кыргызстандын көз карандысыздыгы жөнүндө декларациянын кабыл алынышынын 32 жылдыгын белгилеп жатабыз. Бул жылдар аралыгында биз экономикабызды чыңдоо, жарандарыбыздын жашоо деңгээлин жогорулатуу жана коомдук инфраструктураны жакшыртуу үчүн көп баскычтардан өттүк. Инвестициялар улуттук экономиканын өсүшүнүн негизги факторлорунун бири болуп калгандыгы кубандырат. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик акыркы жылдары экономиканын реалдуу секторлоруна инвестицияларды тартуунун үстүндө талыкпай эмгектенип келет. Бардык өнөктөштөрүбүзгө, инвесторлорубузга алардын ишеними жана кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз. Биз Кыргыз Республикасына туруктуу инвестиция салууга кызыккандар үчүн бирдиктүү терезе катары кызмат кылууга дайым даярбыз. Бул майрам күнү баарыңыздарга ачык асман, тынчтык, бакубатчылык каалайбыз. Өлкөбүз экономикалык жактан өнүп, гүлдөп өсө берсин! […]