2025-жылдын 18-сентябрында Бишкек шаарында Кыргыз-Түрк бизнес-форуму өтөт. Иш-чарага эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын, ишкер чөйрөнүн жана инвестициялык компаниялардын өкүлдөрү катышат. Форум экономикадагы негизги тармактар боюнча биргелешкен долбоорлорду талкуулоо жана илгерилетүү үчүн аянтча болот, анын ичинде: • соода жана инвестициялар, • өнөр жай жана өндүрүш, • транспорт жана логистика, • энергетика жана кайра жаралуучу булактар, • айыл чарба жана кайра иштетүү, • курулуш жана инфраструктура, • туризм жана мейманкана бизнеси, • билим берүү, илим жана санариптик технологиялар. Программада — B2B жана B2G жолугушуулар, жаңы өнөктөштүктөрдү түзүү, инвестициялык долбоорлорду презентациялоо жана кыргыз-түрк кызматташтыгынын перспективаларын талкуулоо каралган. 📌 Форумга каттоо башталды! Кыргыз жана түрк ишкерлерин, бизнес жана уюм өкүлдөрүн катышууга чакырабыз.
Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен Фархат Иминов Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологияларды өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин секретариатынын жетекчиси болуп дайындалды. Улуттук кеңештин негизги максаты – санариптик финансы тармагында туруктуу мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу, блокчейн-технологияларды киргизүү, нормативдик-укуктук базаны өркүндөтүү жана санариптик экономиканын инновациялык өсүшүн стимулдаштыруу болуп саналат. Фархат Иминов санариптик инновациялар, финтех жана инвестициялык өнүгүү тармагында кеңири билимге жана практикалык тажрыйбага ээ. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору катары ал кыска убакыт ичинде олуттуу жыйынтыктарга жетишкен. 2025-жылдын апрелинен августуна чейин Агенттик тарабынан 45тен ашуун иш-чара, анын ичинде эл аралык жана эки тараптуу инвестициялык жана бизнес-форумдар уюштурулду. Нормативдик-укуктук базаны өркүндөтүү боюнча ири иштер аткарылып, 12-августта Президент «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» жаңы мыйзамга кол койгон, ошондой эле «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» мыйзамга олуттуу өзгөртүүлөр киргизилген. Мындан тышкары, өлкө үчүн маанилүү болгон ири долбоорлор боюнча инвестициялык келишимдерге кол коюлуп, […]
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жаңы жетекчисин расмий таанытуу аземи өттү. Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, агенттиктин директору болуп Равшанбек Азатович Сабиров дайындалды. Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жаңы жетекчисин расмий таанытуу аземи өттү. Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, агенттиктин директору болуп Равшанбек Азатович Сабиров дайындалды. Иш-чаранын жүрүшүндө агенттиктин алдында түз инвестицияларды тартуу, инвестициялык климатты жакшыртуу жана Кыргыз Республикасынын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн эл аралык аренада илгерилетүү боюнча маанилүү милдеттер турганы белгиленди.
Долбоор ишке ашырыла баштагандан тарта КРЭУнун чыгыш канаты реконструкцияланып, модернизацияланды. Анын базасында Эл аралык инновациялык стартап-борбор ишке кирди. Ошондой эле коммуналдык тармактар, ирригациялык система жаңыланып, кире бериш жолдору оңдолуп, айлана-чөйрө жашылдандырылды. Долбоордун негизги элементи болуп борбор калаадагы 30 жылдан ашык авариялык абалда турган тарыхый имаратты калыбына келтирүү болду. Бүгүн бул мейкиндик билим берүү программаларын, илимий изилдөөлөрдү жана ишкердикти бириктирген инновациялык хабга айланды. Долбоор колдонмо илим-изилдөөлөргө, инновацияларга жана аларды коммерциялаштырууга негизделген жаңы үлгүдөгү университетти калыптандырууга багытталган. Анын негизги максаты — КРЭУну илимий-изилдөө университети деңгээлине чыгаруу, аны илимди, технологияны жана бизнести интеграциялоочу платформага айлантуу. Долбоордун жалпы инвестиция көлөмү 90 млн сомдон ашты. Келишимдин мөөнөтү — 25 жыл. Долбоордун ишке ашырылышында өзгөчө ролду жеке өнөктөш — коммерциялык эмес билим берүү мекемеси «Эл аралык билим берүү академиясы» ойнойт, ал пилоттук билим берүү демилгелерин киргизүүчү аянтча болууга даяр экенин билдирди. Равшанбек Сабиров Кыргызстанда квалификациялуу кадрларга […]
Бүгүн Чолпон-Ата шаарында жылдын негизги эл аралык ишкердик иш-чараларынын бири — «Кыргызстандагы Германия экономикасынын күнү» аттуу кыргыз-герман бизнес-форуму жана Кыргыз-Герман Ишкер кеңешинин 4-жыйыны ачылды. Форумдун уюштуруучусу — Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик. Иш-чара эки маанилүү жайда өтүүдө — «Рух Ордо» маданий борборунда жана Кыргыз Республикасынын №2 Мамлекеттик резиденциясында. Форумга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров, «Гарантиялык фонд» ААКнын Башкармалыгынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров, Германия экономикасынын Чыгыш комитетинин аткаруучу директору Михаэль Хармс, Экономика жана соода министри Бакыт Сыдыков, Энергетика министри Таалайбек Ибраев жана эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышууда. Куттуктоо сөздөрү менен Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев, Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров жана Германия экономикасынын Чыгыш комитетинин аткаруучу директору Михаэль Хармс кайрылышты. Форумдун алкагында эки тематикалык панелдик […]
Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдик Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды. Куттуктоо сөздөрү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев жана Бавария менен Тюрингиядагы Кыргыз Республикасынын Ардактуу Башкы консулу, профессор Райнхольд Крэммель кайрылышты. Жыйында мамлекеттик органдардын, ишкер чөйрөнүн жана эл аралык компаниялардын өкүлдөрү катышкан талкуулар өттү. Негизги көңүл энергия, айыл чарба, санариптик технологиялар, каржы жана логистика тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө бурулду. Талкуулар эки тараптын да өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жогорку кызыкдар экенин көрсөтүп, өз ара пайдалуу кызматташууну кеңейтүүгө жана жаңы долбоорлорду ишке ашырууга багытталган практикалык чечимдерди биргеликте иштеп чыгууга даярдыгын тастыктады. Катышуучулардын сөздөрү мазмундуулугу менен айырмаланып, кыргыз-герман диалогунун жогорку деңгээлин дагы бир жолу белгиледи. Бүгүнкү талкуу мындан аркы кызматташууну тереңдетүүгө жана өз ара ишенимди чыңдоого умтулууларды айкын көрсөттү.
2025-жылдын 2-сентябрында Нарын шаарында облустун жергиликтүү ишкерлер, мамлекеттик органдар жана өнүктүрүү фонддорунун өкүлдөрү катышкан инвестициялык жолугушуу өттү. Иш-чаранын максаты — региондо инвестициялык кызматташтыкты бекемдөө, жергиликтүү бизнеске колдоо көрсөтүү жана биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү болду. Катышуучуларга инвестициялык климат, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, экспорт, агросектор жана субсидиялоо боюнча баяндамалар сунушталып, актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу жүрдү. Маанилүү бөлүк катары өткөрүлгөн B2B жолугушууларда ишкерлер менен өнөктөштөр түз байланыш түзүп, кызматташуунун мүмкүн болгон багыттарын талкуулашты. Иш-чара ийгиликтүү өтүп, катышуучулар мындай платформалардын регион үчүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Жолугушуунун жүрүшүндө агенттиктин негизги иш багыттары белгиленип, алгачкы кезектеги милдеттер аныкталды. Равшанбек Азатович өзгөчө белгилегендей, агенттиктин башкы артыкчылыгы инвестиция тартуу гана эмес, инвесторлорду колдоо да болот. Ал инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ачыктык жана диалогго даяр болуу өлкө экономикасынын туруктуу өнүгүшүнүн негизги факторлору экенин баса белгиледи. Ал инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ачыктык жана диалогго даяр болуу өлкө экономикасынын туруктуу өнүгүшүнүн негизги факторлору экенин баса белгиледи. Мындан тышкары, жыйында агенттиктин ишин натыйжалуу уюштуруу, стратегиялык пландаштыруу, мамлекеттик органдар жана коомчулук менен өз ара кызматташууну бекемдөө маселелери талкууланды. Жыйынтыгында директор белгилегендей, коюлган максаттарга жетишүү жигердүү командалык иштин, жоопкерчиликтин жана ар бир кызматкердин кесипкөйлүгүнүн аркасында гана мүмкүн болот.
Жолугушуунун жүрүшүндө Улуттук агенттиктин жетекчиси Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырды. Ал Кыргызстанды чет элдик инвесторлор үчүн ишенимдүү өнөктөш катары мүнөздөгөн бир катар стратегиялык артыкчылыктарды белгиледи: • Кыргызстандын Евразиянын жүрөгүндө жайгашкан географиялык абалы, ал Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн базарларына кеңири мүмкүнчүлүк ачат; • бай жаратылыш ресурстары жана келечектүү тармактар — гидроэнергетика, тоо-кен өнөр жайы, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, туризм жана логистика; • инвестициялык жагымдуу климат түзүү — салыктык жана бажылык жеңилдиктер, ошондой эле стратегиялык долбоорлор үчүн мамлекеттик колдоо. «Кыргызстан конструктивдүү диалогго жана өз ара пайдалуу өнөктөштүккө ачык. Биз чет элдик өнөктөштөрүбүзгө жаратылыш жана адамдык бай потенциалдан тышкары, долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырууга арналган мамлекеттик колдоонун реалдуу инструменттерин сунуштоого даярбыз», — деп баса белгиледи Улуттук агенттиктин директору. «Чэньси Интернэшнл» компаниясынын өкүлдөрү Кыргызстан менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдирип, инфраструктура куруу, энергетика жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү сыяктуу тармактардагы биргелешкен долбоорлордун […]
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишинин жыйынтыгын чыгарды. Алты айдын ичинде МЖӨ механизминин алкагында 9 долбоор түзүлгөн. Борбордун долбоорлор портфели 80 демилгеге жетти, анын ичинен 59 долбоор ишке ашыруу процессинде жана 21 долбоор даярдоо стадиясында. Борбордун иши инфратүзүмдү, региондук экономиканы, туруктуу жана экологиялык таза долбоорлорду өнүктүрүүгө, ошондой эле мамлекеттик жана жеке сектордун өнөктөштүгүн бекемдөөгө багытталган. Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Кыргыз Республикасынын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга жана социалдык-экономикалык чөйрөдөгү стратегиялык максаттарга жетишүүгө багытталган артыкчылыктуу демилгелерди ишке ашырууну улантат.