Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик акыркы беш жылда Пакистан Ислам Республикасынан тике чет өлкөлүк инвестициялардын агылып кирүүсүнүн оң динамикасын билдирди. Расмий маалыматтар боюнча, инвестициянын көлөмү жыл ичинде: 2020 — 2,0 млн. АКШ доллары 2021 — 1,2 млн АКШ доллары 2022 — 4,4 млн АКШ доллары 2023 — 6,9 млн. АКШ доллары 2024 — 4,6 млн АКШ доллары Инвестициялардын эң чоң көлөмү 2023-жылы катталып, бул көрсөткүч 6,9 миллион АКШ долларына жеткен, бул пакистандык бизнестин Кыргызстандын рыногуна кызыгуусу артып жатканын айгинелейт. “Кыргызстан менен Пакистан кызматташуунун туруктуу позитивдүү динамикасын көрсөтүүдө. Айыл чарба, энергетика, соода жана санариптик экономика сыяктуу тармактарда биргелешкен долбоорлордун чөйрөсү жыл сайын кеңейүүдө. Биз өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүү үчүн жогорку потенциалды көрүп турабыз”, – деди Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Фархат Иминов. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялык боюнча улуттук агенттиги инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды […]
2025-жылдын 14-августунда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катарлаш өтүп жаткан VII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун алкагында Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын инвестициялык кызматташтыгы боюнча тегерек стол өткөрүлөт. Иш-чараны КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги уюштурууда. Тегерек стол экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн негизги диалог аянтчасы болуп калат, анын ичинде: Инвестициялык инфратүзүмдү өнүктүрүү; Тике чет өлкөлүк инвестицияларды тартуудагы тоскоолдуктарды жоюу; Биргелешкен кызматташуу долбоорлорун ишке ашыруу; Россиялык бизнес өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалын көрсөтүү. Иш-чарага төмөндөгүлөрдүн өкүлдөрү катышат: Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары; Эки өлкөнүн бизнес-коомчулугу; Тармактык министерстволор жана ведомстволор; Эл аралык жана аймактык инвесторлор; Логистикалык жана өнөр жай ишканалары; Экспорттук жана инвестициялык агенттиктер; Коммерциялык банктар жана чарбалык бирикмелер. Иш-чара эки тараптуу өнөктөштүктү бекемдөөгө, экономиканын негизги тармактарында кызматташууну өнүктүрүүгө жана биргелешкен инвестициялык демилгелерди ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Фархат Иминов Пакистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Элчисинин орун басары Марван Алекс Айяш мырза менен жумушчу жолугушуу өткөрдү Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-пакистан инвестициялык кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттары талкууланды. Эки тарап тең экономикалык байланыштарды мындан ары да чыңдоого ниеттерин ырасташты. Пакистан тарап Кыргызстандын тоо-кен тармагында кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди. Алтын, вольфрам, жез жана гранит кендерин иштетүү мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле аймактык CASA-1000 программасын ишке ашыруу алкагында энергетика тармагындагы кызматташуу маселелери талкууланды. Жолугушууда Фархат Иминов Кыргызстандагы инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган бир катар негизги демилгелерди сунуштады. Артыкчылыктуу чараларга Инвесторлордун бирдиктүү реестрин киргизүү, административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү, инвесторлор үчүн аккредитациялык карталарды киргизүү кирет, бул мамлекеттик органдар менен ачык-айкын жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат. Бул демилгелерди ишке ашыруу жагымдуу инвестициялык чөйрөнү түзүүгө жана Кыргыз Республикасынын туруктуу экономикалык өнүгүүсүнө кызыкдар чет өлкөлүк өнөктөштөрдү […]
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Эл аралык соода борбору (ЭСБ) менен биргеликте Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун өнүктүрүү максатында инвестицияларды илгерилетүү жөнүндө макулдашуусу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун алгачкы жыйынын өткөрдү. Жолугушуу Европа бирлиги тарабынан каржыланган Ready4Trade Борбордук Азия: Транскаспий транспорт коридору аркылуу гүлдөп өнүгүүгө көмөктөшүү долбоорун ишке ашыруунун алкагында өттү. Отурумдун жүрүшүндө уюштуруу маселелери талкууланды, мындан аркы иштин форматы макулдашылды жана келечектеги техникалык колдоо программасы үчүн негиз боло турган учурдагы керектөөлөрдү баалоо башталды. Демилге Кыргызстандын инвестициялык климатын чыңдоо жана эл аралык аренада ишенимдүү өнөктөш катары позициясын жогорулатуу максатында иштелип чыккан.
Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында заманбап жабдуулар менен жабдылган жаңы магниттик-резонанстык томография (МРТ) борбору ишке кирди. Долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн (МЖӨ) алкагында ишке ашырылып, Кыргызстандын түштүк аймагында медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууда маанилүү кадам болуп калды. 1 миллион доллардан ашык инвестиция Долбоордун алкагында имараттарга толук реконструкциялоо жүргүзүлүп, кытай өндүрүшүнүн жогорку технологиялуу MRРТ-жабдыктары орнотулган — кубаттуулугу 1,5 Тесла болгон uMR 580, диагностикалык эл аралык стандарттарга туура келет. Долбоор башталганга чейин оорукананын өзүнүн МРТ аппараты жок болгондугуна байланыштуу, бейтаптарга жеке клиникаларга же башка шаарларга барууга туура келген. Жаңы борбордун ачылышы менен облустун жашоочулары кошумча убакыт жана каражатсыз өз жеринде сапаттуу диагностика ала алышат. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 15 жыл. Келишим аяктагандан кийин борбор жана орнотулган жабдуулар иштеп жаткан жана талаптагыдай абалда мамлекеттик өнөктөшкө берилет. Долбоордун өнөктөштөрү Долбоор КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик тарабынан КР Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте […]
Казакстан Республикасынан Кыргызстандын экономикасына тике чет өлкөлүк инвестициянын көлөмү 2024-жылы 113,5 миллион АКШ долларын түзүп, тарыхый эң жогорку чекке жетти. Бул рекорддук көрсөткүч биздин өлкөнүн инвестициялык климатына Казакстандык бизнестин ишениминин өсүп жатканын көрсөтөт. Расмий статистикага ылайык, 2021-жылдан бери Казакстандык инвестициянын агымы үч эседен ашык көбөйгөн — 33,6 миллион АКШ долларынан 113,5 миллион АКШ долларына чейин. Мындай динамика Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы эки тараптуу экономикалык байланыштардын жана стратегиялык өнөктөштүктүн чыңдалышын чагылдырат. Инвестицияларды тартуучу тармактар Казак инвесторлору Кыргызстандын экономикасынын төмөнкү тармактарына жигердүү кызыгуу көрсөтүүдө: -өнөр жай жана чийки затты кайра иштетүү; -транспорт жана логистика; -айыл чарба; – соода жана кызмат көрсөтүү. Бул багыттардагы инвестициялар өндүрүштү модернизациялоого, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, технологияларды трансфертке жана өлкөнүн экспорттук потенциалынын өсүшүнө өбөлгө түзөт. Аймактык өнөктөштүктү тереңдетүү Кыргызстан инвестиция тартуу жана региондогу мамлекеттер менен экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча жигердүү саясатты улантууда.