Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директору Фархат Иминов Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лесли Вигери мырза менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандагы инвестициялык климаттын учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Өлкөдө иштеп жаткан америкалык инвестициялык демилгелерге өзгөчө көңүл бурулду. Жолугушууда практикалык кызматташуунун айрым мисалдары каралды. Атап айтканда, All American Rail Group Global Infrastructure Partner LLC консорциумунун жана «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын катышуусу менен Макмал–Каракол темир жол долбоорун «долбоордук кум коргон» принцибинин алкагында ишке ашыруу маселеси талкууланды. Бул долбоор өлкөнүн транзиттик потенциалын бекемдөө үчүн стратегиялык мааниге ээ. Элчи өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилеп, бизнес жүргүзүү жана долбоорлорду ишке ашырууга байланыштуу процедуралык тоскоолдуктарды жөнөкөйлөтүү зарылдыгына токтолду. Жолугушууда өзгөчө көңүл санариптик экономикага жана криптовалюта секторуна бурулду. Белгиленгендей, 2022-жылы Кыргызстанда «Виртуалдык активдер жөнүндө» Мыйзамы кабыл […]
Бүгүн, 2025-жылдын 28-июлунда Соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-пакистан өкмөттөр аралык комиссиясынын бешинчи отуруму болуп өттү. Комиссиянын ишине Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттиктин директорунун орун басары Дамирбек Бикулов катышты. Ал өз сөзүндө Кыргызстандын инвестициялык потенциалы менен тааныштырып, чет элдик инвестиция үчүн артыкчылыктуу багыттарды – туризм, энергетика, айыл чарба, өнөр жай, транспорт жана логистиканы белгиледи. Мамлекеттик колдоо чараларына жана инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Жолугушуунун негизги жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык агенттиги менен Пакистан Ислам Республикасынын Инвестициялык кеңешинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу болду. Документ эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана экономиканын артыкчылыктуу тармактарында кызматташууну кеңейтүүгө багытталган. Жолугушууга катышуу кыргыз-пакистан экономикалык байланыштарын чыңдоодогу маанилүү кадам болуп, өз ара пайдалуу өнөктөштүктүн жаңы перспективаларын ачты.
Бишкекте өткөн кыргыз-монгол бизнес-форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Дамирбек Бикулов баяндама жасады. Ал эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык мамилелердин оңдуу динамикасын белгилеп, Кыргызстандын агроөнөр жай, тоо-кен, логистика жана туризм тармактарындагы өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана сооданы диверсификациялоого умтулуусун баса белгиледи. Дамирбек Бикулов ошондой эле Кыргызстандын инвестициялык артыкчылыктарын сунуштады: * ЕАЭБге мүчөлүк жана 180+ миллион калкы бар рынокко жетүү; * ВСП+ ЕСтин катышуучусунун статусу жана Европага 6000ден ашуун товарды алымсыз экспорттоо мүмкүнчүлүгү; * аймактагы эң төмөнкү салык режимдеринин бири; * 61 өлкөнүн жарандары үчүн арзан энергия ресурстары жана визасыз режим; * мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн өнүккөн системасы. Анын айтымында, бул шарттардын бардыгы инвесторлор үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. “Форум Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы туруктуу экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө өбөлгө болот деп ишенем”, — деп жыйынтыктады ал. Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар […]
Монголиянын Президентинин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапарынын алкагында Бишкекте кыргыз-монгол бизнес-форуму болуп өттү. Бул иш-чара эки тараптуу кызматташтыктын келечегин талкуулоо жана эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн ортосунда конкреттүү келишимдерди түзүү үчүн маанилүү аянтча болуп калды. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жана Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан уюштурулду. Форумдун жыйынтыгы боюнча төмөнкү документтерге кол коюлду: Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Монголиянын Улуттук соода-өнөр жай палатасынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум; Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы менен Монголиянын Соода-өнөр жай палатасынын ортосунда кыргыз-монгол Ишкер кеңешин түзүү жөнүндө макулдашуу; Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы менен Монголиянын Соода-өнөр жай палатасынын ортосунда кыргыз-монгол Ишкер кеңешин түзүү жөнүндө макулдашуу; “Кыргызалтын” ААКсы менен Монголиянын Борбордук банкынын ортосундагы алтын камтыган минералдык чийки затты ДОРЕ эритмеси түрүндө кайра иштетүү боюнча агенттик келишим; “Озон” ЖЧКсынын жана “ХушХан” ЖЧКсынын ортосундагы Ниеттер жөнүндө меморандум. Бул макулдашууларга кол коюу […]
Бишкекте Монголия Президентинин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапарынын алкагында уюштурулган кыргыз-монгол бизнес-форуму болуп өттү. Бул иш-чара эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоодогу маанилүү кадам болду. Форум бизнестин, мамлекеттик органдардын, соода-өнөр жай палаталарынын жана инвестициялык агенттиктердин өкүлдөрүн бириктирди. Ардактуу коноктордун катарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Монголиянын вице-премьер-министри Сейнбуянгийн Амарсайхан болушту. Катышуучулар кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын — агрардык сектор, өнөр жай, экспорт, ошондой эле инвестициялык климатты талкуулашты. Биргелешкен долбоорлор жана демилгелер боюнча сунуштар айтылды. Форум туруктуу экономикалык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө өз ара кызыкдарлыгын тастыктады жана ишкер байланыштарды түзүү жана жаңы идеяларды илгерилетүү үчүн аянтча болуп калды.
Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух бүгүн, 20-июлда, Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапары менен келди. “Манас” эл аралык аэропортунда Монголиянын лидерин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тосуп алды. Флагштокторго эки өлкөнүн туулары илинип, килем төшөлүп, улуттук боз үй түрүндөгү инсталляция орнотулуп, ардактуу кароол тизилген. Ухнаагийн Хурэлсухту улуттук кийимчен кыздар тосуп чыгып, ага гүл сунуп, боорсок менен бал ооз тийгизишти. Мамлекет башчылары үчүн кыргыз артисттеринин катышуусунда концерттик программа уюштурулуп, алар кыргыз жана монгол музыкалык чыгармаларын аткарышты. Жогорку даражалуу конокту кыргыз элинин бай маданий мурасын чагылдырган улуттук каада-салттар менен тосуп алышты.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте Shaoguan Weiying New Materials компаниясынын (Кытай Эл Республикасы) өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Кытайдын «Вэйин» компаниясы өндүрүш, илим жана билимди айкалыштырган жогорку технологиялуу ишкана. Компания өзүнүн ишмердүүлүгүнүн алкагында сурьма тоо-кен жана металлургия тармагында алдыңкы технологияларды иштеп чыккан жана патенттеген. Өзгөчө көңүл салттуу, экологиялык жактан кооптуу өндүрүш ыкмаларынан баш тартууга бурулат. Анын ордуна инновациялык щелочтуу нымдуу эритүү киргизилип, айлана-чөйрөнү булгаган калдыктардын пайда болушун (суу, аба, катуу калдыктар) жокко чыгарды. Жолугушуунун жүрүшүндө кытайлык компаниянын өкүлдөрү өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын аймагында инвестициялык жана өндүрүштүк долбоорлорду ишке ашыруу үчүн биргелешкен аянтча түзүүгө кызыкдар экенин билдиришти. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги бул демилгени кубаттап, туруктуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты орнотууга ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.
Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух 20-июлда Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапары менен келет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди. “Сапардын алкагында визиттин статусуна ылайык салтанаттуу иш-чаралар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев менен эки тараптуу жолугушуулар пландаштырылган. Эки жактуу кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган документтердин топтомуна кол коюу мерчемделүүдө. Мындан тышкары, сапардын алкагында кыргыз-монгол бизнес форуму, ошондой эле эки өлкөнүн искусство ишмерлеринин катышуусунда концерт өткөрүү пландалган”, – деп белгиледи Сагынбек Абдумуталип.
Президент Монголии Ухнаагийн Хурэлсух 20 июля прибудет в Кыргызскую Республику с государственным визитом. Об этом сообщил заведующий отделом внешней политики Администрации Президента Кыргызской Республики Сагынбек Абдумуталип. «В рамках данного визита запланированы церемониальные мероприятия в соответствии со статусом визита, а также двусторонние встречи с Президентом Кыргызской Республики Садыром Жапаровым, Торага Жогорку Кенеша Кыргызской Республики Нурланбеком Тургунбеком уулу и Председателем Кабинета Министров Кыргызской Республики Адылбеком Касымалиевым. Планируется подписание пакета документов, направленных на расширение двустороннего сотрудничества. Кроме того, в рамках визита запланирован кыргызско-монгольский бизнес форум, а также концерт с участием деятелей искусства двух стран», – отметил Сагынбек Абдумуталип.
Кытайдын Dengfeng Songji (Group) Co., Ltd өнөр жай тобунун делегациясы Кыргыз Республикасына расмий иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары менен жолугушту. Сапардын максаты Кыргызстандын инвестициялык потенциалын изилдөө жана өнөр жай курулушу, энергияны үнөмдөөчү технологиялар, туруктуу өндүрүш жана инфратүзүмдү өнүктүрүү сыяктуу негизги багыттарда кызматташуунун келечегин талкуулоо болду. Талкуунун негизги багыттары: -Энергетика: энергетика тармагындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулоо, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактарынын (ЭКБ) негизинде объекттерди куруу. -Экологиялык технологиялар: өнөр жай экологиясы, калдыктарды башкаруу жана өндүрүштү санариптештирүү тармагындагы кытай технологияларын жана тажрыйбасын трансферттөө. Кыргызстан туруктуу өнүгүүнүн жана өнөр жайды модернизациялоонун баалуулуктарын бөлүшкөн стратегиялык өнөктөштөрдү тартуу аракетин улантууда. Бул контекстте Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Жалын Жээналиев Кыргызстан өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсүнө жана өнөр жай тармагын модернизациялоого салым кошууга даяр өнөктөштөр менен кызматташууга ачык экенин белгиледи.