«Альянс Алтын» ЖЧК 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Талас облусунда катталган. «Русская Платина» тобунун бөлүгү болуп саналат. Альянс Алтын 2035-жылдын 28-августуна чейин Джеруй кен казуу жерин иштеп чыгууга лицензия алган. 2015-жылы геологиялык иштер жана инженердик-экологиялык окуулар башталган. Буга жалпысынан 679.4 миң АКШ доллар корогон 2018-2031-жылдары Альянс Алтын жылына 1.3 миллион кен, 58.2 тонна алтын өндүрүмдүүлүгүн иштеп чыгууну пландап жатат. 2031-2043-жылдары компания жылына 700 миң кен, 28.7 тонна алтын өндүрүмдүүлүгүн жер астынан казууну пландап жатат. 2016-жылдагы маалыматтар боюнча бул долбоорго кеткен жалпы чыгымдар 307 миллион АКШ долларын түзөт.
«Финка Банк» ЖАК Кыргыз рыногуна 1995-жылы жакыр адамдарды колдоо, камсыздоо боюнча USAID программасы катары кирген. Ошондой эле бизнести өнүктүрүү жана жашоо деңгээлин жакшыртуу үчүн керектүү товараларды алууга, кызматтарды көрүүгө мүмкүнчүлүгү бар. 2003-жылы ФИНКА Кыргыз Республикасы компаниясы «ФИНКА Микро кредиттик компания» ЖАК болуп кайра катталган жана Кредиттик маалыматтык бюронун мүчөсү болгон. 2015-жылдын мартында «ФИНКА Микро кредиттик компания» ЖАК банк лицензиясын алган, андан кийин ал «ФИНКА Банк» ЖАК болуп өзгөргөн. Толук лицензиялоо менен алгачкы аманаттарды кабыл алуу укугу берилген. 2018-жылга карата банкта кардардык аманаттардын 42 млн. АКШ доллары бар жана кардардык база 100 000ден көп адамга чейин өстү. 2017-жылы банктын таза пайдасы 5.827 млн. АКШ долларын түзгөн
Хаятт корпорациясы бүткүл дүйнө боюнча эң алдыңкы отелдердин бири болуп саналат. Ошондой эле Гранд Хаятт, Парк Хаятт, Хаятт Ридженси, Классик Резиденс жана башка сыяктуу көптөгөн отелдик идеялар иштелип чыккан. 2009-жылы Хаяттын акциялары Нью-Йорк фондулук биржасында ачык соодага коюлган. Акциялар келечектеги өсүүнү өбөлгөлөө үчүн капиталдын бекем базасын эле камсыздабастан, ошондой эле инвесторлор, иштеп чыгуучулар жана коомчулук үчүн Хаяттын иштөөсүнүн кабыл алынышынын жаңы деңгээлин ачты. Бүгүнкү күндө Хаяттын капиталдаштыруусу 105.33 миллион акциялары менен 7,754.63 млн. АКШ долларын түзөт. Кыргыз Республикасында Хаятт Ридженси башында «Кыргызстан» деген советтик отель болгон, ал 1971-жылы салынган. СССР урагандан кийин отель оңдолуп, анын көрүнүшү баштан-аяк өзгөргөн. Азыркы учурда бул Бишкектеги жалгыз эл аралык, 5 жылдыздуу люкс отели. Ошондой эле, отелдин аймагында эң мыкты «Кростини» деген Орто-Жер деңиздик ресторан жана «Опера» деген бизнес лаундж бар.
2000-жылдын октябрынын аягында Вимм-Билль-Данн компаниясы БишкекСүт сүт азыктарынын компаниясындагы акциялардын контролдук пакетин алган. 2002-жылы продукциялардын көлөмү саатына 8 тонна УЖТ-сүт болгон. Бул азыкты тармакка киргизүү коңшу өлкөлөргө – Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстанга экспортоонун көлөмүнүн көбөйүшүнө мүмкүндүк берген. 2010-жылы ПепсиКо 3.8 млрд. жакын АКШ доллар суммага Вимм-Билль-Данндын 66% акцияларын алган. Вимм-Билль-Данндын акцияларынын наркы 5.2 млрд. АКШ доллар деп бааланган Вимм-Билль-Даннды сатып алуу ПепсиКону тамак-аш жана суусундуктарды өндүрүүчү эң чоң компания, тез өсүүчү сүт секторунда лидер кылды. Вимм-Билль-Данндын продукцияларын ПепсиКонун продукцияларына кошуу финансылык жактан пайдалуу болгон жана келечекте сүт тармагында өсүү үчүн бекем пайдубал курууга мүмкүндүк берди.
Юнайтед Цемент Групп — бул ачык акционердик коом, ал 10.266 миллион акциялары менен Кыргыз фондулук биржада жайгашкан. Акциянын баасы 8.2645 сом. 1964-жыл, Юнайтед Цемент Групптун Кыргыз Республикасынын чегинде да жана чегинен тышкаркы жакта дагы ийгиликтерди алып келген жогорку сапаттуу, талап кылынган азыктар өндүрүлгөн тарыхынын башталышы болуп саналат. Завод болгон бардык убакытта, 1964-жылдан 2018-жылга чейин 46 миллион тонна цемент өндүрүлгөн. Нарын дарыясындагы каскад суу электр станциясы, Талас жана Сокулук дарыяларындагы дамбалар, Кыргыз Республикасындагы аэропорттор жана Байконур аэродромунун комплексиндеги имарат Юнайтед Цемент Групптун цементинин эсебинен курулган.
«Бител» ЖЧК 1997-жылы Кыргыз рыногуна берилген жана 2006-жылы «Бител Скай Мобайл» ЖЧК байланыш кызматтарын көрсөтө баштаган. 2009-жылы Бител, Билайн болуп калган жана 2010-жылы «Скай Мобайл» ЖЧК Кыргыз Республикасында байланыш, маалыматтарды берүү жана интернетке кирүү кызматтарын көрсөтүп, «ВЕОН» ЖЧКнын мүчөсү болгон. 2018-жылдын декабрындагы абал боюнча Билайн 123.2 % мобилдүү байланышты жайылтуу деңгээли менен 7.6 миллион кардарды тейлейт, 4 743 сатуу түйүнүн кошкондо 63 дүкөндө иштейт. «ВЕОН» ЖЧК, Билайндын туунду компаниясы, бул көп улуттуу телекоммуникациялык компания, ал 10догон өлкөлөрдөгү 210 миллион кардар үчүн керектүү байланышты тартуулайт жана санариптик кызматтарды көрсөтөт, өнүгүп жаткан рыноктордо капиталдык салымдардын эсебинен узак мөөнөттүү өсүүгө түрткү болот, мында акционерлерге дивиденддерди максималдаштыруу үчүн эксплуатациялык чыгымдарды төмөндөтөт. «ВЕОН» ЖЧКнын 1996-жылдан тартып Нью-Йорк фондулук биржасынын тизмесинде өз акциялары бар, анын капитализациясы 1,756.73 миллион акциялары менен 4,178.92 миллион АКШ долларын түзөт. 2018-жылдын декабрындагы абал боюнча «ВЕОН» ЖЧКнын сатуулары 2,249 миллионго жакын АКШ […]
(kg) На протяжении последних десятилетий Китайская Народная Республика является одним из основных стратегических партнеров Кыргызской Республики. Правительство нашей республики активно и плодотворно сотрудничает с правительственными структурами и представителями бизнеса Китая. В целях активного привлечения инвестиций, а также презентации информации о Кыргызской Республике и ее инвестиционных возможностях, Агентство по продвижению и защите инвестиций КР 11 июня 2019 года в рамках предстоящего государственного визита Председателя Китайской Народной Республики г-на Си Цзиньпин в Кыргызскую Республику, планирует проведение бизнес-форума «Кыргызстан-Китай». Данное мероприятие актуально на сегодняшний день, ввиду значимости дальнейшего укрепления торгово-экономических отношений, в том числе налаживание контактов с китайскими инвестиционными учреждениями и бизнес-контактов между предпринимателями Кыргызской Республики и Китайской Народной Республики, с акцентом на реализацию совместных инвестиционных проектов и создание совместных предприятий, продвижение экспорта отечественной продукции. Отдельно выделяется необходимость развития энергетики, сельского хозяйства, сферы информационных технологий и промышленности, учитывая тот факт, что данные отрасли, […]