Улуттук агенттик жана Пакистандын Элчиси соода байланыштары жана инвестициялык келечегин талкуулашты

Опубликовано: 22.06.2023 в 15:04

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Бүгүн, 2023-жылдын 22-июнда КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору У.Темиралиев атайын ыйгарым укуктуу Элчи Хасан Али Зайгама менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун алкагында тараптар Кыргызстан менен Пакистандын бизнес-ассоциацияларынын ортосунда соода байланыштарын жөнгө салуу үчүн байланыштар менен алмашышты. Элчи белгилегендей, Кыргызстан өз аймагына инвестиция салууга эң жагымдуу өлкө болуп саналат жана инвестицияларды коргоо жаатында жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүүдө. ИУАнын директору мамлекет тарабынан инвесторлорго көмөктөшүү жана колдоо, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жана ЭЭА механизмдерин өнүктүрүү жөнүндө дипломатиялык өкүлгө айтып берди. Тараптар ошондой эле Кыргызстанга инвестиция салуунун келечектүү багыттарын талкуулашты. “Биз мындай жолугушуулар үзгүлтүксүз болуп, Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө болот деп ишенебиз. Биз атайын ыйгарым укуктуу Элчиге Кыргызстанга инвестиция салууга кызыгуусу жана кызматташууга даярдыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз”, – деп белгиледи У.Темиралиев.

Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүүсүндө Германия европалык ишенимдүү өнөктөш

Опубликовано: 22.06.2023 в 15:00

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

2023-жылдын 22-июнда Улуттук агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев Германиянын Экономика жана климатты коргоо боюнча федералдык министрлигинин Статс – катчысы Удо Филипп башында турган Германия Федеративдүү Республикасынын экономикалык делегациясы менен Германиянын Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайер мырзанын Кыргыз Республикасына 2023-жылдын 21-июнунан 23-июнуна  чейинки расмий сапарынын алкагында жолугушту. Жолугушууда учурдагы эки тараптуу экономикалык жана ишкердик кызматташтыкка, конкреттүү инвестициялык долбоорлорду сунуштоого тиешелүү бир катар маселелер талкууланды, ошондой эле жакынкы жана орто мөөнөттүү мезгилдерге пландар түзүлдү. Улуттук агенттиктин директору Умбриэль Темиралиевдин куттуктоо сөзүндө Кыргыз Республикасынын Президенти жана Министрлер Кабинети тарабынан өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртууга жана турукташтырууга, анын ичинде КР инвестициялык кодексин жана КР венчурдук инвестициялоо жөнүндө мыйзамын иштеп чыгууга багытталган жүргүзүлүп жаткан реформалар жөнүндө актуалдуу маалымат берилди. Өз кезегинде Удо Филипп мырза Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдүү Республикасынын ортосундагы экономикалык кызматташтыктын көрүнүктүү ургалдуулугун белгилеп, ошондой эле Германия тарап Кыргыз Республикасынын аймагында бир нече багыттар боюнча туруктуу […]

Кыргызстан-Түркмөнстан кызматташуулары экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө жаңы дем берет

Опубликовано: 20.06.2023 в 17:50

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Ашхабадда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик уюштурган Кыргызстандын жанан Түркмөнстандын бизнес коомчулугунун, Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы элчилиги жана Түркмөнстандын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрүнүн арасында жолугушуу болуп өттү. Жолугушууда текстиль өнөр жайы, курулуш материалдарын өндүрүү, тамак-аш өнөр жайы, IT-технологиялар жана нефтехимия сыяктуу экономиканын ар кандай тармактарында иштеген 17 кыргыз компаниясы тааныштырылды. Түркмөн тараптан курулуш материалдарын өндүрүү, транспорт жана логистика, тамак-аш жана текстиль өнөр жайы, ошондой эле IT-технологиялары менен алектенген 40 компаниянын өкүлдөрү катышты.  Жолугушуунун негизги темалары эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, ошондой эле мамлекеттердин экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу маселелери болду. Катышуучулар товардык номенклатураны жана эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн форматтарын кеңейтүүнүн келечегин талкуулашты. Эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнүн өсүшү байкалып, биргелешкен ишти активдештирүүгө жана өнөктөштүктү кеңейтүүгө кызыктар экени айтылды. Жолугушуунун соңунда биргелешкен иштин ар кандай багыттары боюнча кызматташуу жөнүндө 20дан ашык меморандумга кол коюлду. Ошондой эле эки өлкөнүн ишкерлери ишкерликти […]

Борбор Азия, Латвия жана Литва ортосундагы жаңы соода мүмкүнчүлүктөрү ” Бизнес-форумдардын жыйынтыктары

Опубликовано: 20.06.2023 в 16:55

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Рига шаарында (Латвия) жана Вильнюс шаарында (Литва) өткөрүлгөн Бизнес-форумдардын жыйынтыгы боюнча кургатылган жемиштерди жеткирүүгө «Sun Planet Organic» жана «Eskito» компаниялары менен «Sun Planet Organic» компаниясынын ортосунда контракт түзүлгөн. Мындан тышкары мультимодалдык Транскаспий коридорун өнүктүрүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын эл аралык жүк ташуучулар ассоциациясы менен “Centriniani Azijos Projektai” (Литва) компаниясынын ортосунда Меморандумга кол коюлду. Бул документте эки өлкөнүн ишкерлерине товарларын жана кызматтарын сатууга көмөк көрсөтүү каралган. Белгилей кетсек Кыргыз Республикасына тамак-аш азыктарын өндүрүүчү, ошондой эле логистикалык компаниялардан турган 10 компаниянын делегациясы келген. Бизнес-форумдардын алкагында Латвиянын, Литванын алдыңкы компаниялары, потенциалдуу өнөктөштөр, импорттоочулар жана дистрибьюторлор, ошондой эле экспедиторлордун, логисттердин жана автоташуучулардын ассоциациялары, стивидордук компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуулар болуп өттү. Бизнес-форумдарды уюштуруу USAID Борбордук Азиядагы соода боюнча Программасынын колдоосу менен өткөрүлдү.

Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айыл аймактарынын башчылары менен көчмө кеңешмелердин алкагында инвестициялык саясат жана инвесторлорду коргоо боюнча презентациялар өткөрүлдү

Опубликовано: 15.06.2023 в 18:00

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

2023-жылдын 13-14-июнда Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айыл аймактарынын башчыларынын катышуусунда көчмө кеңешмелер болуп өттү. ЖӨБ органдары үчүн көчмө кеңешмелерде “Инвестициялык саясатты ишке ашыруу”, “Инвесторлорду коргоо механизми”, ошондой эле “Аймактардагы МЖӨ долбоорлору”темаларында презентациялар өткөрүлдү. Улуттук агенттиктин директорунун орун басары Ж. Жээналиев учурда Улуттук агенттик Нарын облусуна инвестиция тартуу концепциясын даярдап жаткандыгын Нарын облусунун ЖӨБ органдарына маалымдады. Документ облуска ЧТИ агымын жогорулатуу үчүн негиз болушу керек. Облустарда ушундай иш-чараларды өткөрүү облустардын инвестициялык потенциалына оң таасирин тийгизет, инвестициялык жана МЖӨ долбоорлорун ишке ашырууга өбөлгө түзөт. Кеңешменин жыйынтыгы боюнча облустардагы инвестициялык долбоорлор, ошондой эле инвестицияларды тартуудагы тоскоолдуктарды чечүү жолдору талкууланды. Ысык-Көл облусунда демилгеленген инвестициялык долбоорлор каралды. Иш-чара Швейцария Өкмөтү каржылаган Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасына инвестициялардын өсүшүнө жана көмөктөшүүсүнө көмөк көрсөтүү боюнча тобуна кирген IFC долбоорунун көмөгү менен уюштурулду. Инвесторлорду коргоо механизмин имплементациялоо боюнча ишинин алкагында өткөн жылы бүткүл өлкө боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу […]

Кыргызстан биринчи жолу Петербург эл аралык экономикалык форумдун аянтында “Кыргызстан-Россия Бизнес диалогу” ишкер чөйрөлөрдүн панелдик сессиясын өткөрдү

Опубликовано: 14.06.2023 в 14:03

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Бүгүн, 2023- жылдын 14-июнунда дүйнөдөгү эң ири жана маанилүү ишкер окуяларынын бири болгон Петербург эл аралык экономикалык форуму (ПЭЭФ-2023) башталды. КРдин Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик КРдин Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте КРдин РФдагы Элчилигинин колдоосу менен форумдун аянтчасында “Кыргызстан – Россия Бизнес диалогун” уюштурду. Бул Кыргызстандын колдоосу алдында ПЭЭФте өткөрүлгөн ишкер чөйрөлөрдүн биринчи панелдик сессиясы экендигин баса белгилеп кетүү зарыл. 25 жылдын ичинде форум глобалдык экономиканын өзөктүү маселелерин талкуулоо жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу максатында мыкты дүйнөлүк практикалар жана компетенциялар менен алмашуу үчүн алдыңкы дүйнөлүк аянтча статусуна ээ болду. Мисалы, ПЭЭФ-2022 иш-чараларына 14 000 өлкөдөн 130дан ашык адам катышкан. Алардын арасында мамлекет жана өкмөт башчылары, ири компаниялардын жетекчилери, ошондой эле илимий чөйрөнүн жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн турган дүйнөнүн алдыңкы эксперттери бар. 81 өлкө расмий өкүлдөрүн жөнөткөн. Кыргыз тарап ПЭЭФ-2023ке катышуу натыйжа берерине жана кийинки жылы республика бул […]

Рига Бизнес – форуму – Борбор Азия менен Латвиянын ортосундагы жаңы соода мүмкүнчүлүктөрү

Опубликовано: 13.06.2023 в 15:23

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Бүгүн, 2023-жылдын 13-июнунда Рига шаарында (Латвия) “Борбор Азия менен Латвиянын ортосундагы жаңы соода мүмкүнчүлүктөрү” бизнес – форуму болуп өттү Бизнес-форумдун алкагында Латвиянын алдыңкы компаниялары менен жолугушуулар, потенциалдуу өнөктөштөр, импорттоочулар жана дистрибьюторлор менен B2B и B2G жолугушуулары, ошондой эле экспедиторлордун, логисттердин жана автоташуучулардын ассоциацияларынын стивидордук компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуулары болду. Мындан тышкары латвиялык дистрибьюторлор Кыргызстандан тамак-аш азыктарын импорттоого кызыкдарлыгын билдиришти. Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын атынан тамак-аш азыктарын өндүрүүчү, ошондой эле логистикалык компаниялардан турган 10 компаниянын делегациясы катышты. Бизнес-форумдун жыйынтыгы боюнча делегация Рига эркин портуна, Литванын Лиепай эркин портуна жана Клайпеда портуна да барышты. Сапардын алкагында Европа биримдигинин өлкөлөрүнө мындан ары экспорттоо үчүн кампа жайларын жеңилдетилген негизде берүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын автомобилдик ташуучулары менен мультимодалдык Транскаспий коридору боюнча деңиз ташууларынын катышуучуларынын ортосунда өз ара аракеттенүүнүн жаңы формаларын түзүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Бизнес-форумду уюштуруу Борбордук Азиядагы соода боюнча USAID Программасынын колдоосу […]

Улуттук агенттик тажрыйба алмашуу жана Кыргыз Республикасына инвестиция тартуу үчүн эл аралык конгресстерге жана форумдарга активдүү катышууну улантууда

Опубликовано: 12.06.2023 в 15:07

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

2023 – Евразия конгрессинин алкагында КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директорунун орун басары Н.М. Баясов “Өнөр жайдагы өлкө аралык инвестициялык долбоорлор” панелдик сессиясында сөз сүйлөдү. Өз сөзүндө 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Бирликтин өнөр жай өндүрүшүнүн динамикасы 2021-жылга салыштырмалуу 99,4%ды, өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү Кыргыз Республикасында – 11,4%, Арменияда 7,9%, Казакстанда – 1,1% (Россияда – 0,6%, Беларусияда – 5,4% азайган) түзгөндүгүн белгилеп өттү. 2022-жылдын акырына карата Кыргыз Республикасында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин капиталынын катышуусу менен ишканалардын саны 380ден ашык ишкананы түздү. Россия Федерациясы, Казакстан Республикасы менен 274 ишкана, Беларусь Республикасы менен 12 ишкана жана Армения Республикасы менен 5 ишкана. Бардыгы болуп 670тен ашык ишкана түзүлдү. 2022-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүнөн Кыргыз Республикасына тике чет өлкөлүк инвестициялардын агымы 236,9 млн АКШ долларын, анын ичинен Россия Федерациясынан 145,6 млн АКШ долларын жана Казакстан Республикасынан ТЧИнин агымы 90,5 млн АКШ долларын түздү. Н.М.Баясов бизнести колдоо инструменттерине […]

ИУАнын кызматкерлери, ошондой эле “Бишкек”ЭЭЧынын өкүлдөрү жалпы улуттук ишембиликке чыгышты

Опубликовано: 10.06.2023 в 10:15

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Бүгүн, 10-июнда КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин кызматкерлери, ошондой эле “Бишкек” эркин экономикалык чөлкөмүнүн өкүлдөрү жалпы улуттук ишембиликке чыгышты. Улуттук агенттик “Улуттук тазалык күнүн” өткөрүү жөнүндө демилгени колдойт. Ишембиликтин жүрүшүндө Сейил жаратылыш багынан Байтик айылына чейинки борбордук жолдун боюндагы аймак тиричилик таштандыларынан тазаланды. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфратүзүм түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында республиканын бардык шаарларында жана айылдарында ишембилик өткөрүлүүдө.

Улуттук агенттик Кыргызстанда жаңы текстиль фабрикасын ишке киргизген түрк инвесторлоруна жардам көрсөтүүнү улантууда

Опубликовано: 09.06.2023 в 17:31

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

“Декна Бишкек Текстиль” компаниясынын өкүлдөрү КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикке барып, бир катар маселелерди, анын ичинде жаңы текстиль фабрикасы үчүн жабдуулардын чек арасынан өтүү жол-жобосун талкуулашты. Жолугушууга КР Мамлекеттик бажы кызматынын жана КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин өкүлдөрү чакырылып, инвесторлордун суроолоруна толук жооп беришти. Атап айтканда, Кытайдан кымбат баалуу жабдууларды ташуу менен байланышкан логистикалык маселелер талкууланды. Эскерте кетсек Кара-Балтадагы мурдагы килем комбинатынын базасында түрк инвесторлору жалпы аянты 53 миң м2 болгон жаңы текстиль фабрикасын ачууда. Бул долбоорду ишке ашыруу кошумча 800-1000 жумуш орундарын түзөт.