Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик 2023-жылдын 26-июлунда Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын бешинчи отурумун өткөрүүдө

Опубликовано: 26.07.2023 в 15:34

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана Азербайжан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Али Ахмедов тийиштүү делегацияларды жетектеп келишти. Мындан тышкары аталган “Кыргызстан-Азербайжан” бизнес-форумуна Өкмөттөр аралык комиссиянын тең төрагалары да катышууда. Отурумдун жүрүшүндө эки өлкөнүн ишкерлер чөйрөлөрүнүн келечеги, саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактардын эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланууда.

ИНВЕСТИЦИЯЛЫК КОНКУРСТУК ТАНДООНУ ӨТКӨРҮҮ МЕТОДИКАСЫН БЕКИТҮҮ ЖӨНҮНДӨ” КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУНУН ДОЛБООРУ ИШТЕЛИП ЧЫКТЫ

Опубликовано: 25.07.2023 в 12:29

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Инвестициялык конкурстук тандоону өткөрүү методикасын бекитүү жөнүндө” токтомунун долбоору “Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана анын мыйзам алдындагы актысы болуп саналат. Жогоруда аталган долбоордун максаты бирдиктүү эрежелер жана жол-жоболор боюнча ачык конкурстук тандоону өткөрүү болуп саналат. Бул инвестициялык долбоорлорду илгерилетүү жана ишке ашыруу маселелерин жеңилдетет. Инвестициялык долбоорду конкурстук тандап алууну өткөрүүнүн демилгечилери болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети, министрликтер жана ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары чыга алышат. Конкурстук тандоону өткөрүүнүн жол-жобосу конкурстук негизде, эки этапта жүргүзүлөөрү каралган: биринчи этапта конкурстун катышуучуларынын документтеринин квалификациялык талаптарга ылайыктуулугун баалоо жүргүзүлөт; экинчи этапта конкурстук сунуштарды кароо жана техникалык, социалдык натыйжалуулукка жана экономикалык көрсөткүчтөр боюнча натыйжалуулукка баа берүүгө негизденип инвестициялык конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо. Бул долбоорду кабыл алуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн түшүнүктүү жана натыйжалуу механизмдерди түзүү жолу менен өлкөнүн […]

Инвестициялык лотторду түзүү жана берүү тартиби жөнүндө Жобо бекитилди

Опубликовано: 25.07.2023 в 12:09

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

“Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында “инвестициялык лотторду түзүү жана берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 12-июль, 2023-жыл 357-токтому кабыл алынды. Инвестициялык лоттор-инвестициялык сунуштарды, долбоордун инфратүзүмүн, активдерди, чийки зат базасын жана сатуу рынокторун талдоону, уруксат берүүчү документтерди жана преференцияларды берүүнү камтыган демилгеленген долбоорлордун өзгөчөлүгүн эске алуу менен инвесторго берилүүчү чечимдердин комплекси. Ушул Жобого ылайык, инвестициялык лоттор Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн стратегиялык документтеринде аныкталган мамлекеттик долбоорлорго инвестицияларды тартуу максатында түзүлөт. Инвестициялык лоттор төмөнкү маселелерди чечүүгө багытталган: – инвесторлор үчүн инвестициялык сунуштарды даярдоодо мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу; – түзүлгөн лоттор боюнча инвестициялык конкурстарды өткөрүү; – инвестициялык лоттордо түзүлгөн мамлекеттик долбоорлорду ишке ашырууда инвесторлор менен өз ара аракеттенүүдө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо; – инвестициялык долбоордун катышуучуларынын милдеттенмелерин ишке ашырганга жана тараптардын кызыкчылыктарын […]

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик өлкөдө жагымдуу инвестициялык климатты түзүү боюнча ишин улантууда

Опубликовано: 21.07.2023 в 17:14

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик өлкөдө жагымдуу инвестициялык климатты түзүү боюнча ишин улантууда. Улуттук агенттик бул иштин алкагында 2023-жылдын 21-июлунда Кыргыз Республикасында аккредитацияланган чет өлкөлөрдүн дипломатиялык миссияларынын жана элчиликтеринин өкүлдөрүн бир аянтка чакырды. Иш-чара Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган Кыргыз Республикасына инвестициялардын өсүшүнө жана көмөктөшүүсү боюнча Дүйнөлүк банктын тобуна кирген IFC долбоорунун көмөгү менен уюштурулду. Жолугушуунун жүрүшүндө дипломаттарга Кыргыз Республикасында инвестициялык ишти жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жөнүндө кеңири маалымат, ошондой эле өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртууга жана чет өлкөлүк ишкерлер үчүн өбөлгө түзүүгө инвесторлорду коргоонун натыйжалуу ыкмалары берилди. Улуттук агенттиктин директорунун орун басары Н. Баясов мамлекет тарабынан чет элдик инвестицияларды тартуу үчүн көрүлүп жаткан чаралар, анын ичинде фискалдык реформалар, инвестициялык виза алуу мүмкүнчүлүктөрү жана экономиканын артыкчылыктуу багыттары тууралуу айтып берди. Ошондой эле иш-чаранын катышуучуларына Кыргыз Республикасында ийгиликтүү иштеп жаткан инвесторлор тарабынан маселелерди же даттанууларды чечүү, чара көрүү механизмдери […]

Улуттук агенттик Happy Yurta Fest 2023 фестивалын уюштурууга жана ишине активдүү катышты

Опубликовано: 18.07.2023 в 18:44

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Каркыра тоолуу айылында өткөн Happy Yurta Fest 2023 фестивалын уюштурууга жана ишине активдүү катышты. Кооз иш – чараны Улуттук агенттиктин, Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана Түп районунун акимиатынын колдоосу менен “Тринити-келечектин шаары” мейкиндикти өнүктүрүү ассоциациясы уюштурду. Фестивалга Россия, Кытай, Катар, Венгрия, Англия жана башка өлкөлөрдүн инвесторлору жана ишкерлери катышты. Happy Yurta Fest 2023 фестивалына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышты. Фестиваль Кыргыз Республикасындагы маданий, экологиялык жана инвестициялык туризмди бир ири эл аралык окуяга бириктирди. Фестивалдын алкагында In-Stan-T Invest инвестициялык форуму, үйдүн жасалгасы, дизайн жана жасалгалоо көргөзмөлөрү, салттуу кийимдердин көрсөтүү, көчмөндөр оюндарынын түрлөрү жана башкалар өттү. Бул туруктуу шаарларды өнүктүрүү үчүн экология, креатив жана бизнес сыяктуу багыттарды бириктирген биринчи иш-чара. Фестиваль жашыл курулуштун акыркы тенденциялары, инновациялары жана келечеги жөнүндө билүүгө мүмкүнчүлүк берди. Талкуунун […]

Бавариялык компаниялар Кыргызстанга инвестиция салууга кызыкдар

Опубликовано: 17.07.2023 в 16:49

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Улуттук агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев Бавария жеринин Экономика, регионалдык өнүктүрүү жана энергетика министрлигинин өкүлү Андреас Ройхляйн башында турган Бавария Федералдык жеринин (ГФР) экономикалык делегациясы менен жолугушту. Улуттук агенттиктин директору кызматташуу багыттары жана Германиядан КРга инвестициялар бөлүгүндө эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн артыкчылыктары жөнүндө маалымат берип, ошондой эле жалпы өлкөбүздүн инвестициялык климаты, жеңилдиктери жана преференциялары жөнүндө айтып берди жана Германиянын сапат стандарттарына ылайык күн электр станцияларын курууга, аэропортторду модернизациялоого, тамак-аш лабораторияларын курууга инвестициялоо мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну сунуштады. Өз кезегинде Андреас Рохляйн мырза Кыргызстандын гидроэнергетика, шамал энергетикасы, күн энергетикасы жаатындагы бай потенциалы жана машина жана станок куруу секторлорунда бизнес-өнөктөштүктү түзүү мүмкүндүгү жөнүндө белгиледи. Мында Бавария жеринин Экономика, регионалдык өнүктүрүү жана энергетика министрлиги бул максаттарга жетүү үчүн ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Германия Федеративдүү Республикасынын экономикалык делегациясынын курамында Бавария жеринин Экономика, регионалдык өнүктүрүү жана энергетика министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле энергетика, өнөр жай, […]

Улуттук агенттик инвесторлорду тартуу жана экономиканын ар кандай секторлорун өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдоо менен Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүгө активдүү катышууда

Опубликовано: 14.07.2023 в 17:47

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Улуттук агенттиктин директорунун орун басары Жээналиев Жалын Муратбекович Нидерланд Королдугундагы Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу Ж.Б. Кошоева жана нидерланд компанияларынын жетекчиси И. Бирман менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Нидерланд Королдугунун ортосундагы экономиканын ар кыл секторлорунда кызматташуу маселелери, ошондой эле Жибек жолу өлкөлөрүнүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнө арналган китеп чыгаруу маселелери талкууланды. Улуттук агенттик Кыргыз Республикасынын инвестициялык жагымдуулугу жөнүндө китеп чыгаруу үчүн жана Нидерланд Королдугунун ишкерлери үчүн бардык зарыл маалыматтарды берүүгө даяр экендигин билдирди.

Кыргызстан жана Италия текстиль индустриясында кызматташууга даяр

Опубликовано: 13.07.2023 в 17:02

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

2023-жылдын 13-июлунда Улуттук агенттиктин имаратында директордун орун басары Ж.М. Жээналиев Италия-Россия соода палатасынын президенти Фернандо Пелазцо мырза менен жолугушту. Эки тарап тең текстиль индустриясына кызматташууга даяр экендигин билдирди. Пелазцо мырза Италияда өндүрүлгөн текстиль товарлары дүйнөлүк рынокто чоң суроо-талапка ээ экенин баса белгиледи. Ошондуктан Кыргыз Республикасы менен бул багытта кызматташууну өнүктүрүү жана биргелешкен ишканаларды түзүү ниетин билдирди. Текстиль товарларынын экспортун өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Директордун орун басары Ж.М. Жээналиев кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө даярдыгын билдирип, Кыргыз Республикасы инвестицияларды тартуу жана италиялык компаниялар менен биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүү үчүн бардык зарыл шарттарды берүүгө даяр экендигин белгиледи. Жолугушуунун жыйынтыгында Италия жана Кыргыз Республикасынын ортосунда текстиль индустриясында өнөктөштүгүн өнүктүрүү боюнча мындан аркы кадамдар белгиленди. Эки тарап тең экономиканын маанилүү секторунун биринин ийгиликтүү өнүгүшү үчүн бардыгын жасоого ниетин билдирди.

Кыргызстан өз продукцияларын “Korea Import Fair 2023” көргөзмөсүндө жайылтууда

Опубликовано: 07.07.2023 в 17:24

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Корея Республикасында атамекендик продукцияны жайылтуу максатында Улуттук агенттик Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилиги менен биргеликте 29-июндан 1-июлга чейин Сеул шаарында өткөн “Korea Import Fair 2023” эл аралык көргөзмөсүнө атамекендик компаниялардын катышуусун уюштурду. Бул көргөзмөдө атамекендик бизнес өкүлдөрүнүн бал, кыям, варенье,  чүйгүн эт сыяктуу товарларынын түрлөрү коюлган. Бул көргөзмөнүн уюштуруучулары Кореянын Соода, өнөр жай жана энергетика министрлигинин колдоосу менен Корея Импортоочулар Ассоциациясы (KOIMA) болуп саналат. Көргөзмөгө катышуунун жыйынтыгы боюнча компаниялар тышкы соода контракттарын түзүү максатында потенциалдуу сатып алуучуларды табууга мүмкүнчүлүк алышат.

НАИ “КААРУЛ” КБ менен биргеликте 2028 -жылга чейин 5000 жумушчу орун түзүүнү пландаштырууда

Опубликовано: 07.07.2023 в 17:21

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жана “Логистикалык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү боюнча кыргыз-америка ассоциациясы” КБ меморандумга кол коюшту, ага ылайык бэк офистеринин ишин изилдөө үчүн Индияга жана АКШга таанышуу сапары уюштурулат. Меморандумдун максаттары: 1. Логистика аутсорсингинин Борбордук Азия хабын түзүү; 2. Аутсорсинг чөйрөсүн өнүктүрүү жана жаңы жумуш орундарын түзүү максатында диспетчердик компанияларды бириктирүү; 3. Коңшу өлкөлөр менен “Өзбекстан жана Казакстан”тажрыйба алмашуу; 4. КР жарандарын окутуу (квалификацияны өзгөртүү); 5. Учурдагы диспетчерлердин квалификациясын жогорулатуу; 6. АКШ рыногуна чыгуу үчүн атаандаштыкка жөндөмдүү кадрлар резервин түзүү; 7. Региондордо окутуу курстарын жана жаңы жумуш орундарын түзүү; 8. АКШ эксперттерин тартуу; 9. Жаңы аутсорсинг компаниялары үчун консультация; 10. КР аймагында америкалык компаниялардын бэк офистеринин ачылышы. Ошентип, Улуттук агенттик “КААРУЛ” КБ менен биргеликте 5000 жумушчу 2028-жылга чейин орун түзүүнү пландаштырууда.