ИНВЕСТИЦИЯЛЫК КОНКУРСТУК ТАНДООНУ ӨТКӨРҮҮ МЕТОДИКАСЫН БЕКИТҮҮ ЖӨНҮНДӨ” КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУНУН ДОЛБООРУ ИШТЕЛИП ЧЫКТЫ

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Инвестициялык конкурстук тандоону өткөрүү методикасын бекитүү жөнүндө” токтомунун долбоору “Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана анын мыйзам алдындагы актысы болуп саналат.

Жогоруда аталган долбоордун максаты бирдиктүү эрежелер жана жол-жоболор боюнча ачык конкурстук тандоону өткөрүү болуп саналат. Бул инвестициялык долбоорлорду илгерилетүү жана ишке ашыруу маселелерин жеңилдетет.

Инвестициялык долбоорду конкурстук тандап алууну өткөрүүнүн демилгечилери болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети, министрликтер жана ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары чыга алышат.

Конкурстук тандоону өткөрүүнүн жол-жобосу конкурстук негизде, эки этапта жүргүзүлөөрү каралган:

  • биринчи этапта конкурстун катышуучуларынын документтеринин квалификациялык талаптарга ылайыктуулугун баалоо жүргүзүлөт;
  • экинчи этапта конкурстук сунуштарды кароо жана техникалык, социалдык натыйжалуулукка жана экономикалык көрсөткүчтөр боюнча натыйжалуулукка баа берүүгө негизденип инвестициялык конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо.

Бул долбоорду кабыл алуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн түшүнүктүү жана натыйжалуу механизмдерди түзүү жолу менен өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет.

Токтомдун долбоору коомдук талкуулоону өткөрүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайтына, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына жайгаштырылган.

Учурда токтомдун долбоору Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен макулдашуу жол-жобосунан өттү. 2023-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында “Инвестициялык конкурстук тандоону өткөрүү методикасын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоорун кароо пландаштырылууда.