Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик 2023-жылдын 26-июлунда Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын бешинчи отурумун өткөрүүдө

Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана Азербайжан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Али Ахмедов тийиштүү делегацияларды жетектеп келишти.

Мындан тышкары аталган “Кыргызстан-Азербайжан” бизнес-форумуна Өкмөттөр аралык комиссиянын тең төрагалары да катышууда.

Отурумдун жүрүшүндө эки өлкөнүн ишкерлер чөйрөлөрүнүн келечеги, саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактардын эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланууда.