Инвестициялык лотторду түзүү жана берүү тартиби жөнүндө Жобо бекитилди

“Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында “инвестициялык лотторду түзүү жана берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 12-июль, 2023-жыл 357-токтому кабыл алынды.

Инвестициялык лоттор-инвестициялык сунуштарды, долбоордун инфратүзүмүн, активдерди, чийки зат базасын жана сатуу рынокторун талдоону, уруксат берүүчү документтерди жана преференцияларды берүүнү камтыган демилгеленген долбоорлордун өзгөчөлүгүн эске алуу менен инвесторго берилүүчү чечимдердин комплекси.

Ушул Жобого ылайык, инвестициялык лоттор Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн стратегиялык документтеринде аныкталган мамлекеттик долбоорлорго инвестицияларды тартуу максатында түзүлөт.

Инвестициялык лоттор төмөнкү маселелерди чечүүгө багытталган:

– инвесторлор үчүн инвестициялык сунуштарды даярдоодо мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу;

– түзүлгөн лоттор боюнча инвестициялык конкурстарды өткөрүү;

– инвестициялык лоттордо түзүлгөн мамлекеттик долбоорлорду ишке ашырууда инвесторлор менен өз ара аракеттенүүдө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо;

– инвестициялык долбоордун катышуучуларынын милдеттенмелерин ишке ашырганга жана тараптардын кызыкчылыктарын канааттандырганга чейин сапаттуу аткарылышын башкаруу жана контролдоо.

Инвестициялык лоттун паспорту-тармактык тиешелүүлүгүн, болгон артыкчылыктарын, өзүн-өзү актоо мөөнөтү менен капиталдык салымдарды эсептөөнү, инфраструктуранын бар же жоктугун баяндоо менен сунушталган лоттун инвестициялык жагымдуулугу жөнүндө долбоордун демилгечисинин кыскача маалыматы.

“Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети тарабынан аныкталуучу инвестициялык лотторду түзүү жана берүү тартиби жөнүндө Жобого ылайык инвестициялык конкурстук тандоону өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча инвесторго инвестициялык лот берет.

Мамлекеттик органдар жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары инвестициялык лоттордун демилгечилери боло алышат.