Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы Жетиген Бакиров агенттиктин жамаатын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси А. Ү. Жапаровдун Ж. М.Жээналиевдин дайындалышы жөнүндө буйругу менен тааныштырды. Ж. М. Жээналиев дайындалганга чейин КР Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти кызматын ээлеп келген. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктин инвестициялык долбоорлорду илгерилетүү бөлүмүнүн башчысы жана инвестицияларды тартуу жана коштоо бөлүмүнүн эксперти болуп иштеген. Маалымдама: Жалын Муратбекович Жээналиев 1991-жылдын 9-сентябрында туулган, “Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси”. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Ардак грамотасы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин ыраазычылык катынын ээси.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун расмий сапарынын алкагында «Мажар-кыргыз» бизнес форумунда Венгер-кыргыз өнүктүрүү фондунун, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын, Венгриянын экспортту илгерилетүү агенттигинин жетекчилери өздөрүнүн ишмердүүлүгү тууралуу айтып беришти. Ошол эле учурда, жалпы суммасы 50 миллион АКШ долларын түзгөн эки тараптуу документтерди алмашуу аземи болуп өттү.Кол коюлган келишимдер эки тараптуу сооданы көбөйтүүгө жана биргелешкен өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга багытталган.Белгилей кетсек, Улуттук инвестициялык агенттик аркылуу эт азыктарын жана кант заводуна жабдууларды жеткирүү боюнча келишимдерге, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагында кызматташуу максатында меморандумдарга кол коюлган. Мындан тышкары, Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду аркылуу ата мекендик жана венгриялык компаниялар кредиттик келишимдерге жана айыл чарба тармагындагы долбоорлорду каржылоо, продукцияны жана товарларды өз ара жеткирүү боюнча келишимдерге кол коюшту.
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун тапшырмаларынын негизги багыттарынын бири болуп, жеке ишкерлерге инвестициялык жагымдуу шарттарды жаратуу менен жумуш орундарын түзүү болуп эсептелет. Аталган тапшырмалардын аткарылышын камсыз кылуу максатында 2023-жылдын 10-февраль күнү Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Р.С.Мырзакулов, КРнын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлү Д.Бикулов, Кыргыз-Өзбек Өнүктүрүү фондунун Ош облусу боюнча өкүлү С.Эргешов, Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун (АРИС) Аймактык экономикалык өнүгүү (ПРЭР) долбоорунун аймактык адиси И.Исраиловдордун катышуусунда, Өзгөн районунун ишкерлери, дыйкан-фермерлери менен жолугушуусу өткөрүлдү. Жолугушууда ишкерлер региондордун жана чарба субъекттердин инвестициялык паспортторун толтуруу тартиби жөнүндө, эл аралык стандарттар боюнча инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуу, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын инвестициялык саясатты ишке ашыруу маселелери жана кандай жумуштарды алып баруу жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Инвестициялык долбоорлор менен иштөөнүн багыттары жеңилдетилген насыяларды алуунун шарттары боюнча маалымат алышты. Иш-чаранын соңунда тараптар чакан […]
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин жетекчиси У.Темиралиев Германиянын Федеративдуу Республикасынын эл аралык стандарттын талаптарына жооп берген айыл чарба продукциясын сертификациялоо жаатында « Wessling » компаниялар тобунун башкаруучу өнөктөшү Анна Весслинг айым менен кызматташууну түзүү максатында жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө У.Темиралиев Кыргызстандын органикалык продукциясынын тышкы рынокко пайдаланылбай жаткан зор экспорттук потенциалы тууралуу маалымат берип, Кыргыз Республикасында айыл чарба продукциясынын сапатын эл аралык стандарттарга ылайык текшерүү жана сертификациялоо боюнча лаборатория түзүүгө инвестициялык долбоорду сунуштады. Өз кезегинде Весслинг айым белгилегендей, компаниялар тобунда айыл чарба кыгынын так талдоосунан, тоютту баалоодон, ичүүчү суунун гигиенасын талдоодон жана биогаздын түшүмдүүлүгүн аныктоодон тарта айыл чарба тармагы үчүн атайын кызматтардын жана аналитикалык системалардын кеңири спектри жана биогаз станцияларынын негизги көрсөткүчтөрүн жана массалык баланстарын түзүү мүмкүнчүлүктөрү бар. Учурда компаниялар тобунун 7 өлкөдө 24 өкүлчүлүгү бар жана Кыргыз Республикасында айыл чарба продукциясынын сапатын контролдоо жана сертификациялоо лабораториясын түзүү боюнча […]
2023-жылдын 27-январында Кельн шаарында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору У.Темиралиевдин GLOBAL GAP компаниясынын башкы директору Кристиан Мюллер менен жолугушуусу болду. Талкуунун негизги маселеси ата мекендик продукцияны сертификациялоону жана анын эл аралык рынокторго тоскоолдуксуз чыгышын камсыз кылуу үчүн GLOBAL G.A.P. компаниясы менен түз байланышты жөнгө салуу болду. Жолугушуунун жүрүшүндө У.Т. Темиралиев ата мекендик органикалык продукциянын экспортун илгерилетүү жаатында мамлекеттик жана жеке секторлордун жүргүзүп жаткан иштеринин учурдагы статусу жана аны өстүрүүдөгү зор дарамети боюнча маалымат берди. Өз кезегинде Мюллер Мырза GLOBAL G.A.P. сертификаттоо системасы коопсуз жана экологиялык таза тамак-аш өндүрүшүнүн стандарты экендигин белгиледи. Бул тамак-аш өнөр жайындагы эл аралык өнөктөштүк аркылуу кызматташууну жеңилдетет. Мындан тышкары GLOBAL G.A.P. стандарттары натыйжалуу өндүрүшкө багытталган. Борбор Азия регионунун ичинен компания Өзбекстан менен активдүү кызматташууда, мында 238 өндүрүүчүнүн колунда GLOBAL G.A.P. сертификаты бар жана алар өз продукциясын тышкы рынокко активдүү экспорттоодо. Жолугушуунун жыйынтыгы […]
2023-жылдын 27-январында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору У.Т. Темиралиев Германиянын (DEG) инвестициялык корпорациясынын штаб-квартирасында DEG коорпорациясынын башкы директору Роланд Зиллер мырза менен жолугушту. Жолугушууга ошондой эле DEGдин инфратүзүм жана энергетика боюнча улук директору Туран Чаглайан Мырза, каржы институттары менен иштөө боюнча директору Сюзан Декер айым жана туруктуу өнөр жай жана кызмат көрсөтүү боюнча директору Франциска Холман айым катышты. Жолугушуунун максаты узак мөөнөттүү долбоорлорду каржылоо түрүндө Кыргыз Республикасынын финансылык рыногунда активдүү катышуусун камсыз кылуу үчүн ири европалык финансылык институту менен кызматташууну жөнгө салуу болду. Жолугушуунун жүрүшүндө У.Темиралиев учурдагы инвестициялык саясат чөйрөсүндөгү жүргүзүлүп жаткан реформалар жана энергетика, агроөнөр жай комплекси жана инфратүзүм чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу долбоорлор жөнүндө маалымат берди, алардын шарттарында мамлекет инвесторлордун жана ишкерлердин иши үчүн зарыл болгон спектрдеги шарттарды камсыз кылат. Ошондой эле У.Т. Темиралиев инвестициялык корпорацияны европалык өнөктөштөр менен иштөөгө кызыктырган бир катар инвестициялык жана финансылык […]
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору У. Темиралиевдин дүйнөгө таанымал “Knauf”компаниясынын катышуучуларынын башкаруучуларынын алдындагы КМШ боюнча ыйгарым укуктуу Блумгардт мырза менен жолугушуусу 2023-жылдын 26-январында Бавария Федералдык жеринин Ипхофен шаарында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору У.Т. Темиралиевдин дүйнөгө белгилүү “Knauf ” компаниясынын катышуучуларынын башкаруучуларынын алдындагы КМШ боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Александр Блумгардт мырза менен жолугушту. Жолугушуунун максаты биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташуунун келечегин талкуулоо болду. Жолугушуунун жүрүшүндө У.Т. Темиралиев Кыргыз Республикасынын артыкчылыктуу өнүгүүсү жана өндүрүүчүлөрдүн жана инвесторлордун ишин жакшыртууга өбөлгө түзгөн инвестициялык саясат чөйрөсүндөгү жүргүзүлүп жаткан реформалар жөнүндө маалымдады. “Knauf” заводун куруу боюнча долбоорду ишке киргизүү жолу менен Кыргыз Республикасы менен ишти активдештирүүнү сунуштады. “Knauf” компаниясы 2022-жылы түзүлгөн Кыргыз-герман ишкер кеңешинин мүчөлөрүнүн бири болуп саналарын белгилей кетсек. Буга байланыштуу Блумгардт Мырза ишкер кеңешти түзүү эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты мындан […]
2023-жылдын 25-январында Мюнхен шаарында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору У.Темиралиев Мюнхен шаарынын жана Жогорку Бавариянын Соода-өнөр жай палатасынын аткаруучу директору Кристоф Ангебауэр, Бавариянын Азык-түлүк, айыл жана токой чарба мамлекеттик министрлигинин департаментинин директору Мартин Шюсслер жана Бавариянын Экономика, жерди өнүктүрүү жана энергетика мамлекеттик министрлигинин интернационалдаштыруу, жайгашуу саясаты жана инвестициялар департаментинин директору др. Маркус Виттманн менен жолугушту. Германия компанияларынын кыргыз адистеринин квалификациясын жогорулатууга жана адистештирилген окутуу программаларына катышуу жолу менен жумуш орундарын андан ары берүүгө кызыкдарлыгы, ата мекендик органикалык айыл чарба продукциясын (мөмө-жемиштер, кургатылган жемиштер, топоздун эти) Европа Биримдигине, анын ичинде Германия Федеративдүү Республикасына экспорттоо маселесин жөнгө салуу, айыл чарба техникаларын өндүрүүчүлөр үчүн жеңилдетилген тарифтерди берүү менен ГФРнын белгилүү заводдорунда запастык бөлүктөрдү жана себилдегичтерди өндүрүүнү Кыргыз Республикасында локалдаштыруу мүмкүнчүлүгү, Кыргыз-герман ишкер кеңешинин 2023-жылдын апрелинде Мюнхен шаарында экинчи отурумун өткөрүү жана Бавариянын Экономика, жер өнүктүрүү жана энергетика мамлекеттик министрлигинин […]
Форумдун ишкердик программасы маселелердин кеңири чөйрөсүн камтыйт, ишкерлер пленардык талкууларда экономикалык кызматташтыктын келечегин, ишкерлердин башка тобу бизнес кооперация жана экспорт маселелерин талкуулашат. Мындан тышкары ишкерлерге В2В жолугушууларын өткөрүү, өз тармагында байланыштарды түзүү мүмкүнчүлүгү, ошондой эле кыргыз-өзбек ишкерлер кеңешинин отурумун өткөрүү мүмкүнчүлүгү берилет. Ошондой эле бизнес-форумдун алкагында Баткен жана Фергана облустарынын, Жалал-Абад менен Наманган, Ош жана Анжиян облустарынын ортосунда соода-экономикалык, өнөр жай, маданий-гуманитардык жана туризм тармактарында кызматташуу боюнча жол карталары макулдашылды. Талкуу учурунда эки мамлекет үчүн биргелешкен стратегиялык долбоорлордун маанилүүлүгү, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” трансулуттук темир жолун куруу, ошондой эле Камбар-Ата 1 ГЭСин куруу, мындан тышкары экономиканын ар кандай секторлорундагы чарбакер субъекттерге зайымдарды берүү жолу менен Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу секторлорунда өзүн-өзү актоочу долбоорлорду каржылоону ишке ашыруучу Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун иши белгиленди. Ошондой эле бизнес-форумдун алкагында Баткен жана Фергана облустарынын, Жалал-Абад менен Наманган, Ош жана Анжиян облустарынын ортосунда соода-экономикалык, өнөр жай, маданий-гуманитардык жана туризм […]
26-январда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин мамлекеттик иш сапарынын алкагында Бишкекте Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкерлеринин катышуусунда бизнес форум өтүп жатат. Өткөн бизнес форумдун жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду, анын ичинде жеңил өнөр жай тармагында кызматташууну өнүктүрүү боюнча келишим, өзүнчө “Жол картасы”, жалпысынан 168 миллион доллардан ашык суммасында айыл чарба чөйрөсүндөгү бир катар меморандумдар жана келишимдер түзүлдү. Алардын эң ирилери:• Агроөнөр жай комплекси чөйрөсундөгү кызматташуу боюнча “Жол картасы”. •Кыргыз Республикасында электр энергиясын эсептөө шаймандарын чогултууну уюштуруу боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандум; • Терини өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча кызматташуу, ошондой эле Нарын облусунда картөшкө өстүрүү боюнча айыл чарба кластерин уюштуруу жөнүндө меморандум; • Жалал-Абад облусунда текстиль өндүрүшүн түзүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу; • токума кездеме өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандум, •Кыргыз Республикасында кальций карбидин өндүрүү боюнча комплексти куруу боюнча инвестициялык долбоордун алкагында биргелешкен […]