Бишкекте Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын 13-отуруму өтүүдө. Форумдун алкагында борбор калаага Ирандык 16 компаниянын өкүлдөрү келишти, алардын арасында кооперативдер палатасынын жана канаттууларды өстүрүүчү ишканалар тармагынын башчылары да бар. Алар үчүн Улуттук агенттиктин көмөгү менен Кыргыз өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун аянтчасында В2В форматында айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай чөйрөсүндөгү ата мекендик өндүрүүчүлөр менен жолугушуу уюштурулду. Жолугушуунун максаты эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы ишкер мамилелерди чыңдоо болду. Катышуучулар биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн, биргелешкен ишканаларды түзүү жана продукцияларды экспорттоону илгерилетүү стратегиясын талкуулашты. Улуттук агенттиктин директорунун орун басары Ж. Жээналиев Ирандык ишкерлердин алдына чыгып, Кыргызстандагы инвестициялык климат тууралуу презентация тартуулады. Ал белгилегендей, республикада либералдуу мыйзамдар жана салыктын төмөн ставкалары иштейт. Мындан тышкары, Кыргызстан Иранга тамак-аш азыктарынын коопсуздугунун эл аралык стандарттарына жооп берген экологиялык таза продукцияны сунуштоого даяр. […]
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Самаркандда (Өзбекстан) өтүп жаткан БУУнун (UNWTO) Бүткүл Дүйнөлүк туристтик уюмунун Башкы Ассамблеясынын 25-сессиясына катышты. Жыйынга дүйнөнүн 140тан ашуун өлкөсүнүн өкүлдөрү катышты. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев сессиянын ачылыш аземинде дүйнөлүк туризмди өнүктүрүүгө багытталган (UNWTO) аракеттеринин маанилүүлүгүн белгиледи. Башкы Ассамблеянын алкагында глобалдык инвестициялык форум болуп өттү, ага туристтик тармактын алдыңкы компаниялары жана уюмдары катышты. Форумда министрлердин жана эл аралык финансы институттарынын жетекчилеринин катышуусунда беш панелдик сессия жана 22 презентация болуп өттү. Улуттук агенттик Кыргыз Республикасынын туристтик-инвестициялык потенциалын көрсөттү. Ошентип, форумдун катышуучуларына глэмпинг парктарын жана лыжа базаларын куруу долбоорлорун ишке ашыруу, ошондой эле эко туризмди өнүктүрүү сунушталды. Мындан тышкары, Улуттук агенттик Соода-өнөр жай палатасы менен биргеликте Наманган, Андижан жана Фергана облустарынын хокимдери менен Кыргызстандын ар түрдүү чөйрөлөрдөгү жана тармактардагы инвестициялык потенциалы жөнүндө бир катар сүйлөшүүлөрдү жана жолугушууларды өткөрдү. Мисалы, Андижан облусунун башчысы өлкөнүн түштүгүндө травертинди […]
Онунчу жолу өтүп жаткан иш-чарага эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн жогорку даражалуу өкүлдөрү, бизнес чөйрөлөрү жана эксперттер чогулуп, келечектүү кызматташтыкты талкуулашты. Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук конференциянын ачылышында саламдашуу сөздөрү менен чыгып сүйлөштү. Кыргызстан менен Россиянын Президенттери өз видео кайрылууларында эки өлкө ортосундагы экономикалык жана саясий байланыштарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти. Пленардык отурумдун жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Башчысы Акылбек Жапаров Кыргыз-Россия аймактар аралык конференциясы эки өлкөнүн аймактарынын ортосунда ар түрдүү тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты орнотуу үчүн натыйжалуу аянтча болуп калганын баса белгиледи. Ошондой эле ал экономикалык байланыштарды өнүктүрүүнү улантуунун маанилүүлүгүн белгилеп, өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого даярдыгын билдирди. Ишкер чөйрөлөрдүн панелдик сессиясында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин директорунун орун басары Ж.Жээналиев сөз сүйлөп, Кыргызстандагы инвестициялык климат тууралуу презентация тартуулады. Ал мамлекет тарабынан чет элдик инвестицияларды тартуу боюнча […]
Улуттук агенттиктин, Бишкек ш. ЭЭА жана МЖӨ борборунун кызматкерлери Бишкек шаардык карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жалпы түрдөгү үй-интернатында болушту. Эл аралык карылар күнүнө арналган бир айлыктын алкагында алар мекемеге тамак-аш жана жылуу кийимдерди тапшырышты. Кызматкерлер өздөрү бул интернаттын жашоочуларына көңүл буруу жана кам көрүү үчүн дайыма келип турууну каалашканын билдиришти. Мекемеде болжол менен 220 адам жашайт, алардын көпчүлүгү жалгыз бой же ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар. Улуттук агенттик мындай акцияларды улантып, жакшы салтка айлантууну убада кылууда. Эскерте кетсек, бир айлык 15-сентябрдан 15-октябрга чейин “Карыларга көңүл буруу жана камкордук!” деген ураан астында өтөт.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттикте “РОССИЯНЫН ТАЯНЫЧЫ” Жалпы россиялык чакан жана орто ишкердик коомдук уюмунун президенти Александр Калинин менен жолугушуу болуп өттү. Улуттук агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы товар жүгүртүүнүн оң динамикасын белгилеп, биргелешкен ишти активдештирүүгө кызыкдар экенин билдирди. Өз кезегинде Александр Калинин “РОССИЯНЫН ТАЯНЫЧЫ” республиканын бизнеси менен эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө, ошондой эле логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталганын билдирди. Бул өзгөчө маанилүү, анткени Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүнүн драйвери болуп дал ушул чакан жана орто бизнес сектору эсептелет, ал керектөө рыногун товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылат, ошондой эле калк үчүн жаңы жумуш орундарын түзөт. Тараптар келерки жылдын башында Кыргызстандын жана Россиянын ишкерлеринин катышуусунда “РОССИЯНЫН ТАЯНЫЧЫ” бизнес-миссиясын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. “Достук мамиледеги бизнес-миссиялардын тажрыйбасы өзүнүн натыйжалуулугун көрсөтүүдө. Пландаштырылган В2В-жолугушуулардын жүрүшүндө ишкерлер жаңы өнөктөштөрдү, сатуу рынокторун, логикалык жолдорду табышат, ошондой […]
Бүгүн, 2023-жылдын 10-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен сингапурдук Genuine Materials Pte Ltd компаниясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду. Бул документтин негизги максаты – алдыңкы санариптик технологияларды колдонуу менен кремнийди кайра иштетүү тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу. Сингапурда катталган Genuine Materials Pte Ltd. жарым өткөргүч материалдарды, таза кремний пластиналарды жана башка акыркы продукцияларды чыгарууга адистешкен. Бул компаниянын бул тармакта чоң тажрыйбасы бар экенин жана кремнийди кайра иштетүү долбоорун ийгиликтүү өнүктүрүү үчүн өз кызматтарын сунуштоого даяр экенин көрсөтүп турат.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттикте Свердлов облусунун (Россия) өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Улуттук агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов Свердлов облусунун эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министри Вячеслав Ярин жана Свердлов облусунун эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министрлигинин тышкы экономикалык жана гуманитардык кызматташтык департаментинин директору Евгений Лосев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Свердлов облусунун ортосундагы түз аймактар аралык байланыштарды өнүктүрүү эки өлкө ортосундагы достук жана өз ара пайдалуу мамилелерди чыңдоо үчүн маанилүү экендиги баса белгиленди. Ошондой эле эки тарап кызматташууну мындан ары бекемдөөгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендиги белгиленди. Улуттук агенттик конструктивдүү диалог үчүн Свердлов облусунун өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирет жана келечекте ийгиликтүү кызматташууга үмүттөнөт. Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасы үчүн аймактар аралык түз соода-экономикалык байланыштарды сактоо жана өнүктүрүү жагынан Свердлов облусу Россиянын аймактарынын арасында өзгөчө орунду ээлейт. Өз ара аракеттенүүнүн […]
Урматтуу Кыргызстандын бизнес-түзүмдөрүнүн жана компанияларынын өкүлдөрү! Улуттук агенттик сиздерди үстүбүздөгү жылдын 8-ноябрында Гамбург шаарындагы (ГФР) «Hafen Hamburg» мейманканасында өтүүчү “Кыргызстан экономикасы күнү” кыргыз-герман бизнес-форумуна жана үстүбүздөгү жылдын 10-ноябрында Париж шаарында (Франция Республикасы) өткөрүлүүчү кыргыз-француз бизнес-форумуна катышууга чакырат Бул бизнес-форумдардын алкагында төмөнкүдөй маселелер талкууланат: Жашыл экономика чөйрөсүндө кызматташуунун келечеги; Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар: инновация өнүгүү перспективасын кандайча өзгөртөт; Айыл чарба тармагындагы өнөктөштүктү өнүктүрүү. Алдыдагы иш-чараларга Кыргызстандын, Германиянын жана Франциянын ири ишкер чөйрөлөрүнүн 250дөн ашык өкүлдөрүнүн катышуусу пландаштырылууда, бул Европа биримдигинин өлкөлөрүнүн алдыңкы компаниялары менен байланыш түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Кызыккан катышуучулардан 2023-жылдын 15-октябрына чейин төмөнкү байланыш маалыматтары боюнча катышууну ырастоосун суранабыз: тел: +996(705)119111, +996312300284 же шилтеме аркылуу, так маалыматтарды жана кызматташуу багыттарын көрсөтүү менен: https://clck.ru/35xa58
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында Берлин шаарында “Knauf ири өндүрүштүк компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту. “Knauf” – Европадагы жана анын чегинен тышкаркы курулуш материалдарын жана курулуш системаларын өндүрүүчүлөрдүн алдыңкыларынын бири. Компания 90дон ашык өлкөдө бар жана бардык беш континентте 80ден ашык иштетилбеген ташты өндүрүү компанияларын жана 300дөн ашык заводду башкарат. Компаниянын жылдык жүгүртүүсү болжол менен 15 миллиард еврону түзөт. “Knauf” компаниясы КМШ өлкөлөрүндө активдүү иш алып барат. Компания Борбор Азия аймагында 2001-жылы иштей баштаган. Мамлекет башчысы “Knauf” компаниясы менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташуу маселелерин талкуулоо мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле алардын өлкөдө курулуш материалдарын чыгаруучу завод ачууга ниеттенип жатканын канааттануу менен белгиледи. Садыр Жапаров белгилегендей, курулуш тармагы Кыргызстандын инфраструктуралык өнүгүүсү жана экономикалык максаттарына жетүү үчүн стратегиялык мааниге ээ. Азыркы реалдуулукта, Кыргызстанда курулуш катуу болуп турганда, бул тармак биздин өлкөбүздө өзгөчө актуалдуу болуп саналат. Президент Мамлекет башчысы кызматына киришкенден тартып тармактык мамлекеттик […]
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте ИУА директору Т.О. Иманов «Күн-Булагы» ЖЧК компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуп, «50 МВт кубаттуулуктагы Күн Булагы күн электр станциясын куруу» долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты. Эскерте кетсек, инвестициянын жалпы суммасы 30 миллион АКШ долларын түзөт, ал эми курулуш иштери Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айыл аймагында пландаштырылууда. Жолугушууга ошондой эле казакстандык компаниялардын жетекчилери «TGS-Energy» Ж.Б.Моминбаев жана «TGS-Construction» К.Г. Абенов да катышты. Инвесторлор долбоордун ишке ашуусу жана анын ушул этабындагы көйгөйлөр тууралуу маалымат беришти. Улуттук агенттиктин директору аталган инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи. «Күн электр станциясын куруу – бул энергетикадагы жаңылык жана Улуттук агенттик долбоордун кыска мөөнөттө ишке ашышына максималдуу колдоо көрсөтүүгө кызыкдар», – деп баса белгиледи Т. Иманов. Өз кезегинде казак тарап инвестициялык долбоорду ишке ашырууга толук даяр экенине ишендирди.