Улуттук агенттик кубаттуулугу 50 МВт болгон “Кун Булагы” күн электр станциясынын курулушун колдойт

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте ИУА директору Т.О. Иманов «Күн-Булагы» ЖЧК компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуп, «50 МВт кубаттуулуктагы Күн Булагы күн электр станциясын куруу» долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Эскерте кетсек, инвестициянын жалпы суммасы 30 миллион АКШ долларын түзөт, ал эми курулуш иштери Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айыл аймагында пландаштырылууда.

Жолугушууга ошондой эле казакстандык компаниялардын жетекчилери «TGS-Energy» Ж.Б.Моминбаев жана «TGS-Construction» К.Г. Абенов да катышты.

Инвесторлор долбоордун ишке ашуусу жана анын ушул этабындагы көйгөйлөр тууралуу маалымат беришти. 

Улуттук агенттиктин директору аталган инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи.

«Күн электр станциясын куруу – бул энергетикадагы жаңылык жана Улуттук агенттик долбоордун кыска мөөнөттө ишке ашышына максималдуу колдоо көрсөтүүгө кызыкдар», – деп баса белгиледи Т. Иманов.

Өз кезегинде казак тарап инвестициялык долбоорду ишке ашырууга толук даяр экенине ишендирди.