ИНВЕСТОРЛОР ҮЧҮН

ИНВЕСТИЦИЯЛЫК КЛИМАТ

Инвестициялар Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүү үчүн ири түзүүчү болуп саналат, ошондуктан Кыргыз Республикасынынын инвестициялык мыйзамдары абдан либералдуу.

Конституция негизги жана биринчи даражадагы мыйзам болуп саналат жана калган башка мыйзамдардын бардыгы ага шайкеш келиши керек. Бул мыйзамдардын Лицензиялоо жөнүндө Мыйзам, Акционердик компаниялар жөнүндө Мыйзам, Жер казынасы жөнүндө мыйзам, Кыргыз Республикасындагы Эркин Экономикалык зоналар жөнүндө Мыйзам, Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, Бажы кодекси, Граждандык кодекс, Мамлекеттик жеке өнөктөштүк жөнүндөгү Мыйзам сыяктуу айрымдары Кыргыз Республикасында инвестицияларды түз жана кыйыр жөнгө салып турат [1]

Ошентип, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына [2] ылайык, чет өлкөлүк инвесторлор өлкөдөгү жеке жана юридикалык жактарга карата улуттук мамилеге ырахаттанышы керек. Мыйзамдар чет өлкөлүк инвесторлор үчүн укуктардын жана кепилдиктердин, анын ичинде экспорт жана инвестицияларды, мүлктөрдү жана Кыргыз Республикасынын маалыматтарды кайтарып келүү боюнча кепилдиктердин, инвестицияларды ажыратууга каршы коргонуунун жана инвесторлор тарткан чыгашалардын ордун толтуруп берүүнүн кепилдиктеринин, кирешелерди пайдалануунун жана акча операцияларынын эркиндигинин жана башка кепилдиктердин кенен спектрин камсыз кылат.

Кыргыз Республикасы инвестицияларды (капиталдык сарптоолор) биргелешип колдоо, өбөлгөлөө жана коргоо боюнча эки тараптуу бир нече макулдашууларга кол койгон. Төмөнкү өлкөлөр менен макулдашууларга кол коюлган[3]:

  • Кытай (1995);
  • Турция (1996);
  • Украина (1993);
  • АКШ (1994);
  • Армения (1995);
  • Улуу Британия жана Түндүк Ирландия (1998);
  • Франция (1997);
  • Иран (2005);
  • Азербайджан (1997);
  • Германия (2006);
  • Грузия (1997);
  • Индия (2000);
  • Казахстан (2005);
  • Беларусь (2001);
  • Монголия (1999)
  • Швейцария (2003);
  • Тажикистан (2001);
  • Швеция (2003);
  • Молдова (2004);
  • Финляндия (2004);
  • Түштүк Корея (2008);
  • Латвия (2008);
  • Литва (2009);
  • Дания (2001);
  • Малайзия (1995);
  • Пакистан (1995);
  • Индонезия (1997);
  • Өзбекистан (1997);
  • БАЭ (2014);
  • Катар (2014);
  • Кувейт (2015).

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү инвестицияларды биргелешип колдоо, өбөлгөлөө жана коргоо боюнча Чех Республикасы [4]жана Нидерланддар менен макулдашуу долбоорун бекиткен[5].

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги — бул улуттук инвестициялык саясатты өнүктүрүүгө жооптуу, ыйгарым укуктуу орган. Ал кошулган улуттук макроэкономикалык, финансылык, салыктык жана бажылык саясатты түзөт жана ишке ашырат. Ошондой эле экономикалык өнүктүрүүнү жөнгө салган саясатты, чет мамлекеттик соода-сатыкты жана экономикалык аракеттерди, инвестицияларды өбөлгөлөөнү, техникалык регуляцияларды, ишкердикти колдоону жана өнүктүрүүнү жана Эркин экономикалык аймактардын өнүгүүсүн жөнгө салган саясатты да жүзөгө ашырат[6]

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин негизги милдеттери – бул инвестицияларды тартуу жана улуттук экономикада илгерилетүү, учурдагы жана түпкүлүктүү экспорттоочуларга алардын өндүрүмдөрүн чет өлкөлүк рыноктордо илгерилетүүгө жардам көрсөтүү жана МЖӨ үчүн механизмдерди өркүндөтүү. [7]

Чет өлкөлүк инвесторлор үчүн Мамлекеттик кепилдиктер

Кыргыз Республикасы [8] өзүнүн мыйзамдарынын субъектиси менен катары чет өлкөлүк инвесторлорго төмөнкү кепилдиктерди сунуштайт:

  • Өзүлөрүнүн инвесторлорунун жана чет өлкөлүк инвесторлордун бирдей инвестициялык укуктары, инвесторлордун ишкер чечимдерине кийлигишүүнүн жоктугу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык инвесторлордун укуктарын коргоо жана бузулган укуктарын калыбына келтирүү;
  • Экспорт же инвестициялардан алынган пайдаларды, Кыргыз Республикасындагы инвестициялык ишмердиктен кирешелерди, Кыргыз Республикасынан мүлктөрдү жана маалыматтарды кайтарып берүү;
  • Экспроприациядан (улутташтыруу, реквизация же башка эквиваленттик чаралар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан инвестордун каражаттарын конфискациялоого же инвесторду өз инвестицияларынын жыйынтыктарын пайдалануу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратууга алып келген аракеттерди же аракетсиздиктерди кошкондо) коргоо. Коомдук кызыкчылыктар менен байланышкан өзгөчө учурларда инвестициялар инвесторго келтирилген залалды жабууга талаптагыдай болгон бир мезгилдеги мамлекеттик кепилдиктер менен экспроприацияланышы мүмкүн;
  • Инвестор Кыргыз Республикасындагы алардын ишинен алынган кирешени эркин колдонгонго укуктуу;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган бардык формадагы объектилерге жана ишкерликтин түрлөрүнө, аны менен бирге лицензиялоого жаткан иштердин түрүнө инвестициялоонун эркиндиги;
  • Акча операцияларынын эркиндиги (валютаны конверттештирүүнүн эркиндиги, чектелбеген акча которуулар; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына чет өлкөлүк валютада акчаларды которууну чектеген жоболор киргизилген учурда, инвесторлор мыйзамсыз иш менен алектенип жаткан учурларды (мисалы, акчалардын изин жашыруу) кошпогондо, бул жоболор чет өлкөлүк инвесторлорго колдонулбайт;
  • Ачык маалыматка эркин кирүү;
  • Укук: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, бардык уюштуруучулук-укуктук формадагы юридикалык жактарды түзүү; Кыргыз Республикасынын аймагында филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү ачуу; чарбачыл субъектилер үчүн бардык уюштуруучулук жана башкаруучулук түзүмдү тандоо, эгерде мыйзам аркылуу чарбачыл субъектинин ошол уюштуруучулук-укуктук формасы үчүн башка түзүм талап кылынбаса; мүлктү (жер тилкелерин кошпогондо), акцияларды жана башка баалуу кагаздарды, анын ичинде мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу; мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүгө катышуу, ассоциацияларды жана башка бирликтерди түзүү; жергиликтүү жана чет өлкөлүк жумушчуларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жалдоо; жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка инвестициялык иш менен алектенүү;
  • Мамлекеттик органдар жана Кыргыз Республикасынын кызмат жактары тарабынан чет өлкөлүк инвесторлордун интеллектуалдык менчикке бардык укуктарын таануу;
  • Инвестициялар жөнүндө Мыйзамга же Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына, же салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилген учурда инвестор же мыйзамдардын талаптарына туура келген инвестициялардын объектилери турукташтыруу макулдашууга кол койгон күндөн баштап 10 жыл аралыгында – салык төлөөдө, аны менен бирге КНСти төлөөдө, бирок башка кыйыр салыктарды жана салыктык эмес төлөмдөрдү (коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө чогултууларды жана төлөмдөрдү) кошпогондо, алар үчүн пайдалуураак боло турган шарттарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте тандап алууга укуктуу. Салыктык жана салыктык эмес укук мамилелерине турукташтыруучу режимди колдонуу тартиби жана шарты Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет;
  • Кыргыз Республикасы тарабынан кол коюлган инвестицияларды сыйлоо жана коргоо боюнча эки тарапту жана көп тараптуу эл аралык макулдашууларда атайын каралган башка кепилдиктер.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен инвестициялык макулдашуулар

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү инвестициялык макулдашууларды инвестор тарабынан артыкчылыктуу экономикалык жана социалдык секторлордо мамлекетти өнүктүрүү программаларына ылайык демилгеленген инвестициялык долборлорду ишке ашыруу үчүн жол-жоболоштурушу мүмкүн. Инвестициялык долбоордо инвестор тарабынан жасалган инвестициянын суммасы АКШнын 50 млн. долларынан ашык, инвестор эл аралык таанылган ишкер кадыр-баркка, уникалдуу билимге жана ушуга окшош сектордо ийгиликтүү ишке ашырган долбоорлордо тажрыйбасы болсо, инвестициялык мындай макулдашуулар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана инвестордун ортосунда түз сүйлөшүүлөр аркылуу жол-жоболоштурулушу мүмкүн.

Инвестициялык талаштарды чечүү

Кыргыз Респуликасынын мыйзамдарына ылайык,[9] инвестициялык талаштардын тараптары бул талаштарды чечүү үчүн жол-жоболорго макул боло алышат.

Кыргыз бийлигинин жана инвестордун ортосундагы инвестициялык талаш тараптардын сүйлөшүүсү аркылуу, мүмкүн болгон жерде чечилиши керек. Эгер тараптар мындай сүйлөшүүлөргө жазуу түрүндөгү арыз берген күндөн баштап 3 айдын ичинде тынчтык жолу менен чече алышпаса, инвестордун жана Кыргыз Республикасынын бийликтеринин ортосундагы бардык инвестициялык талаштар Кыргыз Республикасынын сотторунда, талаш тараптарынын бири төмөнкү процедуралардын бирине ылайык талашты чечүүнү суранган мөөнөткө чейин чечилиши керек:

  • Инвестициялык талаштарды Жөнгө салуу боюнча Эл аралык борбор (ИТЖЭАБ) мамлекеттердин жана башка мамлекеттердин жарандарынын ортосунда инвестициялык талаштарды жөнгө салуу жөнүндөгү Конвенцияга ылайык, же ИТЖЭАБ Секретариаты тарабынан иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн кошумча механизмди жөнгө салуучу Эрежелерге ылайык; же болбосо
  • Арбитраж, же эл аралык соода-сатык укугу боюнча БУУнун Комиссиясынын арбитраждык эрежелерине ылайык түзүлгөн эл аралык атайын арбитраждык сот (коммерциялык сот);

Кыргыз Республикасы тарабынан кол коюлган инвестицияларды колдоо, сыйлоо жана коргоо боюнча айрым макулдашуулар чет өлкөлүк инвесторлорго өзүлөрүнүн инвестициялык талаштарын эл аралык арбитраждык сотторго өткөрүп берүү укугун берген жоболорду камтып турат.


[1] http://www.kgembassy.org/index.php?option=com_content&view=article&id=112&Itemid=225

[2] «Кыргыз Республикасына инвестициялар» Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы Мыйзамы (2015-жылдын 13-февралындагы акыркы өзгөртүүлөрү менен).

[3] Кашаанын ичинде ал учурларда Кыргыз Республикасында күчүнө кирген тиешелүү келишимдердин жылдары көрсөтүлгөн, эгер башка белгилбенесе.

[4] Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 12-апрелиндеги №125-р Токтому

[5] Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 1-октябрындагы №594-р Токтому

[6] Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин 2012-жылдын 20-февралындагы Жобосу (2016-жылдын 27-сентябрындагы акыркы өзгөртүүлөрү менен)

[7] КР Экономика Министрлигине караштуу Инвестицияларды сыйлоо жана экспорттоо боюна Мамлекеттик агенттик жөнүндө 2016-жылдын 14-октябрындагы Жобо

[8] «Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө» Кыргызской Республикасынын 2015-жылдын 13-февралындагы №32 Мыйзамдын 2-главасы

[9] «Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө» Кыргызской Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы №66 Мыйзамынын 18-статьясы (2015-жылдын 13-февралындагы №32 акыркы өзгөртүүлөрү менен).