ИНВЕСТОРЛОР ҮЧҮН

БАЖЫЛЫК ЖӨНГӨ САЛУУ

Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 29-май айындагы Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө Келишимге кошулуусу жөнүндө Макулдашууга 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлуп, аталган Келишим 2015-жылдын 12-августунда күчүнɵ кирди. Азыркы учурда Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык биримдигинин (ЕЭАБ) мүчɵсү болуп саналат. Евразия экономикалык биримдигине байланыштуу макулдашуулар жана актылар (2009-жылдын 27-ноябрындагы Бажы биримдигинин Бажылык кодекси жөнүндө Келишимди кошуп) Кыргыз Республикасы үчүн күчүнɵ кирди.[1]

Кыргыз Республикасындагы бажылык мамилелер тɵмɵнкү ченемдик-укуктук актылар аркылуу жɵнгɵ салынат:

  • Бажы биримдигинин бажы мыйзамдары (Бажы биримдигинин Бажы кодексин кошуп);
  • Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделип, «Кыргыз Республикасындагы бажылык жөнгө салуу жɵнүндɵ» Мыйзамдан жана башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле эл аралык макулдашуулардан жана эл аралык бажы укугунун башка жоболорунан турган бажы мыйзамдары. 

Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салууга жооптуу орган болуп

Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнɵ караштуу Мамлекеттик бажы кызматы саналат.

Бажы биримдигиндеги бажылык жөнгө салуу Бажы биримдигинин бажы мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат, ал эми мындай жɵнгɵ салуу тартиби жок жерлердеги бажылык жөнгө салуу Бажы биримдигинин ичиндеги бажы мыйзамдарынын деӊгээлиндеги тийиштүү укуктук мамилелер орнотулганга чейин Бажы биримдигине мүчɵ мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.

Товарлар бажы процедурасына киргизилген учурда же Бажы биримдигинин Бажы кодексинде каралган башка учурларда бажылык декларациядан ɵтүүгɵ тийиш.

Декларациялоочу тарап же декларациялоочу тараптын атынан жана анын кɵрсɵтмɵсү менен иш алып баруучу бажы кызматынын ɵкүлү товарларды бажылык декларациялоо ишин аткарат.

Бажылык декларациялоо иши бажы декларациясынын формасын толтуруу аркылуу жазуу түрүндɵ жана/же электрондук формада жүзɵгɵ ашырылат. 

Бажылык кɵзɵмɵл иштери бажы органдары тарабынан ЕАЭБнын жана ЕАЭБга мүчɵ мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык жүзɵгɵ ашырылат. Бажы органдарынын кызмат адамдары бажы органдарынын атынан бажылык кɵзɵмɵл жүргүзүшɵт. Алар бажылык кɵзɵмɵлдү ɵздɵрүнүн кызматтык (функционалдык) милдеттерине ылайык аткарууга укуктуу. 

Бажы чек арасынан ɵткɵрүлүүчү товарлар тараптын/жактын тандоосуна жараша ЕАЭБнын Бажы кодексинде жана ЕАЭБга мүчɵ-мамлекеттердин мыйзамдарында каралган процедураларга жана шарттарга ылайык белгилүү бир бажылык процедурага киргизилет.

Тарап/жак ɵзү тандаган бажылык процедураны ЕАЭБнын Бажы кодексине ылайык башка процедурага алмаштырса болот.

Бажы процедуралары

Товарлар үчүн бажы процедураларыынн тɵмɵнкү түрлɵрү киргизилген:

  • ɵлкɵ ичинде керектɵɵ үчүн чыгаруу;
  • экспорт/сыртка чыгаруу;
  • бажы транзити;
  • Бажы кампасы;
  • бажы аймагында кайра иштеп чыгуу;
  • бажы аймагынан сырткы жерде кайра иштеп чыгуу;
  • ички керектɵɵ үчүн кайра иштеп чыгуу;
  • убактылуу импорт (киргизүү);
  • убактылуу экспорт;
  • кайталанган импорт;
  • алымсыз сооданын реэкспорту;
  • жок кылуу;
  • мамлекеттен баш тартуу;
  • эркин бажы аймагы;
  • эркин кампа;
  • бажы максаттары үчүн айрым товарларды ЕАЭБнын бажылык аймагында же анын чек арасынан тышкары аймакта жайгаштыруу жана/же пайдалануу талаптарын жана шарттарын аныктоочу атайын бажы процедуралары.

Эркин бажы аймактары (зоналары) жана эркин кампа бажы процедуралары ЕАЭБга мүчɵ – мамлекеттердин эл аралык келишимдеринде кɵргɵзүлгɵн.

ЕАЭБнын комиссиясы тарабынан аныкталган товарларга жана аталган комиссиянын шарттарына ылайык ЕАЭБга мүчɵ-мамлекеттин мыйзамы тарабынан атайын бажылык режим орнотулат.

Бажы тɵлɵмдɵрү

Бажы тɵлɵмдɵрү тɵмɵнкүлөрдү камтыйт:

  • Тыштан келтирүү бажы салыгы;
  • Тышка чыгаруу бажы салыгы;
  • Товарлар ЕАЭБнын бажылык аймагына киргизилген учурда алынуучу кошумча нарк салыгы;
  • Товарлар ЕАЭБнын бажылык аймагына киргизилген учурда алынуучу акциздик салык (чогултуулар);
  • Бажы жыйымдары. 

Демпингге каршы жана компенсациялык атайын алымдар ЕАЭБнын Келишимине ылайык киргизилип, ЕАЭБнын Бажы кодексинде каралган процедурага ылайык алынат.

Бажылык кɵзɵмɵл, анын максаты жана түрлɵрү

Бажылык кɵзɵмɵл – бажы органдары тарабынан ЕАЭБнын жана ЕАЭБга мүчɵ-мамлекеттердин бажы мыйзамдарынын аткарылуусун камсыздоо максатында кабыл алынуучу кɵптɵгɵн чаралар. Мындай чараларга тобокелдерди кɵзɵмɵлдɵɵ системасын пайдалануу да кирет. 

Бажы органдарында иштеген кызмат адамдары тɵмɵнкүлөргө бажылык кɵзɵмɵл жүргүзүшɵт:

  • Товарларга, анын ичинде бажы чек арасынан ɵткɵрүлүүчү жана/же ЕАЭБнын бажы кодексине ылайык декларацияланууга тийиш товарлар, ошондой эле транспорттук каражаттар.
  • Бажы декларациясы, ошондой эле документтер жана ЕАЭБнын бажы мыйзамдарына ылайык кɵрсɵтүлүшү керек болгон товарлар жөнүндө бажылык декларация жана маалымат
  • Тараптардын товарларды бажы чек арасынан ɵткɵрүүгɵ, бажы тармагында кызмат кɵрсɵтүүгɵ, ошондой эле айрым бажы процедураларынын алкагында кызмат кɵрсɵтүүгɵ байланышкан иш-аракеттери;
  • Бажы чек арасынан ɵтүүчү адамдар

Бажылык кɵзɵмɵл бажылык кɵзɵмɵл аймагынын территориясында, ошондой эле бажы органдары тарабынан кɵрсɵтүлгɵн башка жерлерде да жүргүзүлɵт. Мындай жер – товарлар, транспорт унаалары жана алар жөнүндө маалыматты камтыган документтер турган жер болуп саналат.

Бажылык кɵзɵмɵлдүн түрлɵрүнө тɵмɵнкүлөр кирет:

  • Документтерди жана маалыматтарды текшерүү;
  • Оозеки сурамжылоо;
  • Түшүндүрмɵлɵрдү алуу;
  • Бажылык кɵзɵмɵл;
  • Бажы карамы;
  • Жеке бажы карамы;
  • Товарлардын маркировкасын атайын белгилер аркылуу текшерүү, аларда идентификациялык белгилерди аныктоо;
  • Бɵлмɵлɵрдү жана территорияларды бажылык кароо-текшерүү;
  • Товарларды бажылык кɵзɵмɵл астында каттоо;
  • Товарларды жана отчетторду каттоо системасын текшерүү;
  • Бажылык текшерүү

[Текст Kalikova & Associates компаниясы тарабынан берилди].


[1] http://www.eurasiancommission.org/ru/nae/news/Pages/12-08-2015-1.aspx