ИНВЕСТОРЛОР ҮЧҮН

ЛИЦЕНЗИЯЛАР ЖАНА УРУКСАТТАР

Мыйзамдар

Лицензиялоо Кыргыз Республикасынын КРдагы лицензиялоо жана уруксат системасы жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат. [1] Банктар, финансы институттары жана КР Улуттук Банкы менен жөнгө салынуучу башка мекемелер конкреттүү мыйзамдарга ылайык лицензияланган.[2] Минералдык ресурстарды пайдалануу үчүн лицензияларды берүү жол-жоболору, аны менен бирге мындай лицензияларды узартуу, токтотуп туруу, токтотуу же өткөрүп берүү жол-жоболору, ошондой эле лицензиянын шарттары, лицензияны контролдоо, чогултуулар жана төлөмдөр Кыргыз Республикасынын жер кенин пайдалануу жаатындагы мыйзамдары менен жөнгө салынат. Тышкы экономикалык иштерди жүзөгө ашырууга лицензияларды жана уруксаттарды берүү тартиби Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарга жана эл аралык келишимдердин талаптарына жана лицензиялоо жаатындагы Евразия экономикалык бирлигинин мыйзамдарын түзгөн актыларга ылайык аныкталат

Лицензиялар менчиктин формасына карабастан, бардыгы үчүн бирдей шарттарда жана негизде берилет.

Мыйзам тарабынан аныкталган аракеттер жана операциялар үчүн гана лицензиялар талап кылынат. Ошондой эле улуттук коопсуздукту, мамлекеттик монополияны, укук тартибин жана айлана-чөйрөнү коргоону, менчикти, жарандардын өмүрүн жана ден соолугун коргоону камсыз кылуу үчүн талап кылынат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, лицензиялоо иштин төмөнкү түрлөрү үчүн милдеттүү болуп саналат:

  • Электр энергиясын өндүрүү, өткөрүү, бөлүштүрүү, сатуу, экспорт жана импорттоо (калыбына келтирилген булактардан, же кубаттуулугу 1000 кВтс га чейинки жеке колдонуу үчүн башка булактардан өндүрүлгөн электр энергиясын кошпогондо);
  • Жылуулукту өндүрүү, өткөрүү, бөлүштүрүү, сатуу, экспорт жана импорт (калыбына келтирилген булактардан, же жеке колдонуу үчүн башка булактардан өндүрүлгөн жылуулукту кошпогондо);
  • Нефтини жана жаратылыш газын, өнөр-жай өндүрүшүнөн жана өсүмдүк жемдеринен алынган биоэтанолду сатуудан башкасын, кайра иштетүү;
  • Жаратылыш газын өндүрүү, өткөрүү, бөлүштүрүү жана сатуу;
  • Этил спиртин өндүрүү жана дистрибуциялоо;
  • Алкогол өндүрүмүн өндүрүү жана жайылтуу (өндүрүштүк же коммерциялык максаттарда сактоо, дүң жана чекене соодалоо);
  • Менчик медициналык тажрыйба (тейлөөгө контрактынын же менчик медициналык мекемелер же жеке ишкерлер менен эмгек келишиминин негизиндеги учурлардан башка);
  •  Дары каражаттарын жана медициналык жабдыктарды өндүрүү жана сатуу;
  • Вакциналарды жана сывороткаларды адистештирилген ветеринардык ишканаларда өндүрүү жана сатуу;
  • RG2 микроорганизмдер менен иштөө менен байланышкан ишмердик;
  • Электр байланышы жаатындагы ишмердик;
  • Почта байланышы чөйрөсүндөгү ишмердик;
  • Маалыматтарда өткөрүп берүү чөйрөсүндөгү ишмердик;
  • Телерадио берүү жаатындагы, көрсөтүү жана уктуруу программаларын өндүрүү, берүү жана жайылтууну кошо жаатындагы ишмердик;
  • Шаар куруу, изилдөө жана турак-жай, коомдук жана өндүрүштүк имараттарды жана курулмаларды долбоорлоо (I, II, III категориядагы объектилер);
  • Курулуш-монтаждоо иштери, жеке турак-жайлардан башкасы (I, II, III категориядагы объектилер);
  • Автоунаа менен жүргүнчүлөрдү ташуу (такси унаасынан башкасы);
  • Автомобиль унаалары менен эл аралык жүк ташуулар;
  • Жүргүнчүлөрдү жана (же) жүктөрдү авиа ташуулар;
  • Учуп келип конгон жана учуу учурунда, аба кемелерин техникалык тейлөө жана (же) ремонттоодон башка учурларды кошпогондо, аэрпорттордо (аэродромдордо) аба кемелерин жер үстүндө тейлөө;
  • Жүргүнчүлөрдү жана (же) жүктөрдү Суу үстүндө тейлөө;
  • Кыргыз Республикасынын банк иштери, микрокаржылоо, төлөм системалары жана каражаттарды которуу, кредиттик маалыматтарды алмашуу жана кредиттик бирликтердин ишмердиги жаатындагы мыйзамдарында каралган Банк операциялары;
  • Кредиттик бирликтердин ишмердиги;
  • Микрофинансылык ишмердик;
  • Ломбарддардын ишмердиги;
  • Чет өлкөлүк валютаны алмашуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр;
  • Кредиттик бюролордун ишмердиги;
  • Маалыматтык, электронук төлөм системалары аркылуу көрсөтүлүүчү Төлөм ортомчулук кызмат көрсөтүүлөр;
  • Үчүнчү жактар жана ошол прессингдик же клирингдик борбордун төлөм системасынын катышуучуларынын ортосунда төлөмдөр жана эсеп жүргүзүүлөр менен байланышкан финансы маалыматын кабыл алуу, иштеп чыгуу жана берүү (клирингди иштеп чыгуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр);
  • Лотерея (демилгелөөчү лотореядан башкасы);
  • Уулуу заттарды, аны менен бирге радиоактивдик калдыктарды транспорттоо (аны менен бирге транс чек аралык ташуу);
  • Аскер өндүрүмдөрүн (ок-дарыларды, аскер техникаларын, аскерий-техникалык менчикти, документацияны, интеллектуалдык менчикти, аскер өндүрүмүнө тиешелүү болгон аскердик-техникалык маалыматты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык) жана аскердик кызмат көрсөтүүлөрдү (техникалык тейлөө, модернизация, ок-дарыларды утилдештирүү, аскерий жабдуулар жана аларды транспорттоо, жеткирүү жана сактоо) иштеп чыгуу, өндүрүү жана сатуу;
  • Өнөр-жайлык жардыруучу материалдарды өндүрүү, пайдалануу, утилдештирүү;
  • Жардыруучу заттарды жана өндүрүмөрдү (аны менен бирге пиротехникалык) сатуу;
  • Курал-жарактарды жана ок-дарыларды өндүрүү, ремонттоо жана сатуу;
  • Баңги заттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурстарын иштеп чыгуу, өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү, сактоо, чыгаруу, сатуу, сатып алуу жана жайылтуу;
  • Адвокаттык тажрыйба;
  • Менчик нотариалдык тажрыйба;
  • Өмүрдү эрки менен универсалдык камсыздандыруу кызмат көрсөтүүлөрү;
  • Ыктыярдуу жеке камсыздандыруу кызмат көрсөтүүсү;
  • Мүлктү ыктыярдуу камсыздандыруу кызмат көрсөтүүсү;
  • Жоопкерчиликтин ыктыярдуу камсыздандыруунун кызмат көрсөтүүлөрү;
  • Милдеттүү камсыздандыруунун кызмат көрсөтүүсү;
  • Милдеттүү жана ыктыярдуу ички камсыздандыруунун кызмат көрсөтүүлөрү;
  • Мамлекеттик эмес пенсиялык фондунун иши;
  • Баалуу кагаздарды сатуунун уюштурулган рыногу;
  • Баалуу кагаздар боюнча брокердин кызмат көрсөтүүсү;
  • Баалуу кагаздардын ээлеринин реестрин сактоочунун кызмат көрсөтүүлөрү;
  • Баалуу кагаздар боюнча депозитардык кызмат көрсөтүүлөр;
  • Баалуу кагаздар боюнча дилердин кызмат көрсөтүүлөрү;
  • Инвестициялык фондунун ишмердиги;
  • Инвестициялык трасттык ишмердик;
  • Аудитордук кызмат көрсөтүүлөр;
  • Банкроттуулукту администрлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр;
  • Өрткө каршы автоматтарды долбоорлоо, монтаж, жөнгө келтирүү жана оңдоп-түзөө; жыгач инструкциялардын жана күйүүчү театралдык жабдуунун өрткө туруктуулугу;
  • Билим берүү ишмердиги (мектепке чейинки, баштапкы, негизги жана орто жалпы билим берүүчү программаларды жүзөгө ашыруучу мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү мекемелерден башка);
  • Куралдарды жана ок-дарыларды, ошондой эле аскер багытындагы башка өндүрүмдөрдү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тизмеге ылайык ташып кирүү, ташып чыгаруу;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын контролдонулуучу товарларынын Улуттук контролдук тизмесине киргизилген товарларды импорттоо, экспорттоо, реэкспорттоо;
  • Камсыздандыруучу брокердин ишмердиги;
  • Актуардык иш-чаралар;

Мындан сырткары, лицензиялоо чектелген мамлекеттик ресурстарды пайдалануу менен байланышкан иштин төмөнкү түрлөрү үчүн милдеттүү болуп саналат:

  • Электр байланышы жана (же) маалыматтарды берүү үчүн радиожыштуу спектрди пайдалануу;
  • Токой фондунун токойлорунан жеке токой массивдерден токой материалдарын ташып чыгаруу (кыюу, отундарды майда масштабдуу жеткирүүгө уруксат берүү);
  • Өсүмдүк ресурстарын коммерциялык максаттарда пайдалануу (өсүмдүк ресурстарын алуу, токойду пайдаланууга уруксат);
  • Уулу заттарды, аны менен бирге радиоактивдик калдыктарды утилдештирүү, сактоо, көмүү жана жок кылуу;
  • Пайдалуу кендерге ээлик кылуу менен байланышкан ишмердик (пайдалуу кендерди издөө, чалгындоо же казып алуу, аны менен бирге жер алдындагы сууларды казуу жана пайдалануу, геологиялык картирлөө жана аймактык геологиялык, геофизикалык жана башка илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, кендик эмес жер алдындагы курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо, минералогиялык материалдарды топтоо, коммерциялык максаттар үчүн палеонтологиялык материалдар, декоративдик максаттары үчүн жана аларды жасалма таштар жана курулуш материалдары катары пайдалануу үчүн, ошондой эле пайдалуу кендерди чалгындоо жана казып алуу үчүн тоолуу материалдарды топтоо);
  • Жардыруу коркунучундагы аралашмаларды пайда кыла алуучу заттарды өндүрүү, пайдалануу, иштеп чыгуу, түзүү, сактоо жана алып салуу (баллондорду кысылган газ жана суюк газ менен толтурган газ кую жайлары);
  • Өтө уулуу заттарды генерациялоо, түзүү, сактоо, пайдалануу жана жок кылуу.

Төмөнкү операциялар үчүн уруксат керек:

  • Автомобилдердин колдонулган дөңгөлөктөрүн кайра иштетүү максатында калдыктар катары импорттоо;
  • Жардыруу иштери;
  • Тоо иштери;
  • Рудалардын жана тоо тектеринин, концентранттардын, калдыктардын жана талдоо изилдөөлөр үчүн лабораториялык сынамдардын үлгүлөрүнүн импорту жана экспорту;
  • Чачынды, алтынды жана алтын концентратын сатып алуу;
  • Өсүмдүк тегиндеги товарларды карантинге ташып келүү;
  • Кыргыз Республикасынын аймагында жалпы квотанын негизинде, иш берүүчүлөрдүн суроолору боюнча чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок жактарга берилген ишке уруксат;
  • Кыргызстандын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу;
  • Куралдарды жана аскер техникасын Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттөө;
  • Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурстарын ташып келүү, ташып чыгаруу, транзит.
  • Жарандык жана кызматттык куралдарды жана ок-дарыларды сатып алуу, сактоо, тарнспорттоо, алып жүрүү,топтоо, демонстрациялоо;
  • Өтө уулу заттарды сатып алуу жана сатуу;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен атайын каражаттарды сатып алуу, сатуу, сактоо, транспорттоо,ташуу, ташып келүү, ташып чыгаруу;
  • Илимий максаттарда тесттик балык уулоо;
  • Калдыктарды айлана-чөйрөдө жайгаштыруу;
  • Кирдетүүчү заттарды айлана-чөйрөгө таштоо;
  • Кирдетүүчү заттарды абага кирдетүүнүн стационарлык булактары менен таштоо;
  • Жүктөрдү автоунаа аркылуу эл аралык ташууда чет өлкөгө кирүү жана ал жактан чыгуу;
  • Жүктөрдү автомобилдик транспорт менен эл аралык ташууда чет мамлекеттин аймагы аркылуу транзит;
  • Автомобилдик транспорт менен эл аралык жүк ташуу;
  • Жүктөрдү автотранспорт менен эл аралык ташууда жүктөрдү үчүнчү өлкөлөргө ташып кирүү же андан ташып чыгуу;
  • Эл аралык жүргүнчүлөрдү ташуу (дайыма жана дайыма эмес);
  • Кооптуу жүктөрдү ташуу;
  • Өнөр-жай максатында пайдаланылуучу жарылма материалдарды сактоо;
  • Пиротехникалык буюмдарды сактоо;
  • Пиротехникалык буюмдарды Кыргыз Республикасына импорттоо;
  • Жарылма материалдарды сатып алуу;
  • Радио электрондук каражаттарды (РЗМ) жана бийик жыштыктагы түзүлүштөрдү (БЖТ), радиожыштыктуу түзүлүштөрдү нурландыруучу башка техникалык каражаттарды, же бийик жыштыктагы электр магнит толкундарын Кыргыз Республикасына ташып кирүү;
  • Радиоэлектрондук каражаттардын иштеши үчүн жыштыктарды алуу;
  • Ветеринардык контролдоого жаткан товарларды ташып келүү жана ташып чыгаруу;
  • Ветеринардык контролдоого жаткан товарды (товарлары) Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттөө;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын контролдонуучу өндүрүмдөрүнүн Улуттук контролдоочу тизмесине киргизилген товарларды Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттөө;
  • Маалыматты жашыруун алуу үчүн колдонулуучу техникалык каражаттарды иштеп чыгуу, өндүрүү,сатуу, сатып алуу, сактоо, ташуу.

Лицензиялоо органдары

Лицензиялар лицензияланган ишти контролоону жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органдар тарабынан (лицензиарлар) берилет. Лицензияларды берүүчү мамлекеттик органдардын тизмеги мыйзамдарда жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башка мыйзам актыларында баяндалган.

Башка өлкөлөрдө берилген лицензиялар Кыргыз Республикасында жарабайт, азырынча тиешелүү эл аралык келишимдер иштеп турат.

Лицензияларды берүү

Лицензия алуу үчүн арыз ээси компетенттик мамлекеттик органга төмөнкү документтерди бериши керек:

  1. Билдирменин стандарттык формасы;
  2. Инсандыгын тастыктоочу документтин көчүрмөсү (жеке жактар үчүн);
  3. Юридикалык жакты же жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
  4. Каттоо чогултуусун жана лицензиялык жана (же) лицензиялык чогултууну төлөгөндүгүн тастыктаган документтин көчүрмөсү;
  5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген, ишкердиктин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндөгү Жободо баяндалган документтердин көчүрмөсү.

Лицензиар арыз ээсинен мыйзамдарда же ченем актыларында тизмектелгендерден сырткары кандайдыр-бир документтерди талап кыла албайт. Тиешелүү орган лицензия алуу максатында берилген бардык документтерди талаптагыдай каттоодон өткөрүүсү керек. Арыз ээлери өз билдирмелерин толтуруп, аларды жана түзүүчү документтердин түп нускаларынын сканерленген көчүрмөлөрүн жөнөтүү аркылуу лицензиарлардын веб-сайттары аркылуу онлайн режиминде лицензия жана (же) уруксат алууга билдирме тапшыра алышат.

Лицензиялар бардык керектүү документтерди тапшыргандан күндөн кийин 30 (отуз) күн аралыгында берилет. Кыргыз Республикасынын коңшу өлкөлөрү менен макулдашууну талап кылган радио жыштык спектрин пайдаланууга лицензияга гана жалгыз бул тиешелүү эмес.

[Текст Kalikova & Associates компаниясы тарабынан берилди].


[1]Кыргыз Республикасындагы Лицензиялык уруксат берүүчү мыйзамы[A1] » Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-октябрындагы №195 Мыйзамы (2016-жылдын 28-июнундагы акыркы өзгөртүүлөрү менен)

[2] Банк иши тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн 9-бөлүмгө кайрылыӊыз.


 [A1]«Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» – – согласно Токтому и Минюсту (если замените здесь, то нужно заменить соответствующий текст в русском варианте, примечание с подсказкой в русском варианте присутствует)