ИНВЕСТОРЛОР ҮЧҮН

КАМСЫЗДАНДЫРУУ

Мыйзамдар

Камсыздандыруу компанияларынын ишмердүүлүгү төмөнкү ченемдик укуктук актылар тарабынан жөнгө салынат:

  • Жарандык кодекс;
  • «Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө» Мыйзам [1]
  • «Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Мыйзам [2];
  • «Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Мыйзам [3];
  • «Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Мыйзам [4];
  • «Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу субъекттердин укуктук-жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Мыйзам [5];
  • «Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө» Мыйзам [6],
  • «Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Мыйзам [7],
  • «Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Мыйзам [8] жана башка ченемдик укуктук актылар.

Түзүү жана лицензиялаштыруу                                                        

Камсыздандыруу компаниялары минималдуу уставдык капиталы бар ачык же жабык акционердик коом катары түзүлө алышат: [9]

  • Өмүрдү топтомо камсыздандырууну кошпогондо, ыктыярдуу камсыздандыруу жана / же кайра камсыздандыруу иштерин жүзөгө ашыруу үчүн 30 млн. сомдон кем эмес өлчөмдө;
  • Өмүрдү топтомо камсыздандырууну кошкондо ыктыярдуу камсыздандыруу жана / же кайра камсыздандыруу иштерин жүзөгө ашыруу үчүн 2017-жылдын 1-июлунан тартып 150 млн. сомдон кем эмес өлчөмдө;
  • Кайра камсыздандыруу боюнча гана ишти жүзөгө ашырган аракеттеги камсыздандыруу компанияларына 300 млн сомдон кем эмес өлчөмдө;
  • Камсыздандыруу же кайра камсыздандыруу брокерлик ишмердүүлүгүнө 1 млн сомдон кем эмес өлчөмдө.

Камсыздандыруу ишмердүүлүгү лицензиялоого жатат жана камсыздандыруунун ар бир түрү үчүн ар башка лицензия талап кылынат. Лицензия, эгерде башка шарт каралбаган болсо, анын аракетинин мөөнөтү чектелбейт. Камсыздандыруу (камсыздандыруу сыйакылары, же жабуу) улуттук же чет элдик валютада төлөнүшү мүмкүн.

Камсыздандыруу агентинин же брокердин Кыргыз Республикасындагы чет элдик компаниялардын атынан камсыздандыруу боюнча келишимдерди түзүүгө байланышкан ортомчулук ишмердүүлүгүн жүргүзүшүнө жол берилбейт.

Кыргыз Республикасында чет элдик камсыздандыруу брокерлеринин ишмердүүлүгүнө – чет элдик мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан берилген тийиштүү лицензия ишмердүүлүктүн айрым түрлөрүн лицензиялаштыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте таанылгандан кийин жол берилет.

Өнүгүүнүн перспективалары

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы камсыздандыруу компаниялары жана башка кызыкдар жактар менен биргеликте милдеттүү камсыздандыруунун төмөндө көрсөтүлгөн түрлөрүн киргизүүнүн зарылчылыгын жана ыктыярдуу камсыздандыруунун өнүгүшүнө шарт түзүүнү караштырып жатат.

  • Автотранспорт ээсинин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу;
  • Туристтик оператордун жана туристтик агенттин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу;
  • Нотариалдык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу;
  • Риэлтордук жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу;
  • Аудитордун жана аудитордук уюмдун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу
  • Туруктуу түзүм-менчик ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу;
  • Сактагычтарды күтүлбөгөн кырсыктардан жана өрттөрдөн милдеттүү камсыздандыруу;
  • Сактагычтарды күтүлбөгөн кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу;
  • Өмүрдү жана ден соолукту сактоого жана камсыздандырууга милдеттүү укук.

Камсыздандыруунун ченемдик-укуктук базасын жакшыртуу, институционалдык потенциалды жана коомчулуктун кабардар болгондугун, катышуусун жогорулатуу, ошондой эле камсыздандыруу компанияларынын инвестициялык потенциалын өнүктүрүү пландаштырылууда.

[Текст Kalikova & Associates компаниясы тарабынан берилди].


[1] Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 23-июлундагы «Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө» Мыйзамы (2009-жылдын 15-июлундагы акыркы өзгөртүүлөр).

[2] Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 5-августундагы «Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Мыйзамы.

[3] Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 4-августундагы «Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Мыйзамы.

[4] Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 4-августундагы «Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Мыйзамы.

[5] Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 15-августундагы «Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу субъекттердин укуктук-жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Мыйзамы.

[6] Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы «Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө» Мыйзамы.

[7] Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 24-июлундагы «Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Мыйзамы.

[8] Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-июлундагы «Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Мыйзамы.

[9] Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 300 Токтому.

[10] http://www.fsa.kg/

[11] Кыргыз Республикасынын Камсыздандыруу көзөмөлү боюнча мамлекеттик органынын 2011-жылга карата отчету. http://fsa.kg/?id=2806.