ИНВЕСТОРЛОР ҮЧҮН

ИНВЕСТИЦИЯЛЫК ВИЗА

Инвестициялык виза (I категория)

Каттоонун жана Кыргыз Республикасынын визаларын берүүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы жаӊы эрежелерине таянуу менен инвестордук визаны алуунун жаӊы жана жөнөкөйлөтүлгөн процесси сунушталган.

Инвестициялык виза (I типтеги) инвесторлорго жана Кыргыз Республикасында инвестициялык иштерди аткарып жүргөн чет өлкөлүк инвестициялык компаниялардын башчыларына жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө (жубайына, көзөмөлчүлүк алдында турган жашы жете элек балдарына жана ата-энелерине) берилет. Төмөнкү максаттар үчүн Кыргыз Республикасынын экономикасына 3 жылга чейинки мөөнөткө 10 (он) миллион сом өлчөмүндөгү салым кошорун тастыктоочу документтерди тапшыруу милдеттүү болуп саналат:

  • Өнөр-жай өндүрүшү;
  • Айыл-чарба тармагы;
  • Банк системасы;
  • Энергосистемалары;
  • Билим берүү;
  • Медицина;
  • Курулуш максаттары;
  • Маалыматтык жана байланыш технологиялары.

Инвестициялык виза чет өлкөлүк инвесторго өлкөгө эркин кирүүгө жана андан эркин чыгууга, өз бизнесин өркүндөтүү жана менеджмент максатында өлкө ичинде жүрүүгө, ошондой эле тендерлерге жана аукциондорго Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында катышууга укук берет.

Визанын мөөнөтү КРдын мыйзамдарын сактоо менен, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан аныкталат.

Инвестициялык виза (I категориядагы) чет өлкөлүктөргө Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигине жазылган арыздын негизинде берилиши мүмкүн.

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги – бул түпкүлүктүү жана учурдагы инвесторлорго колдоо көрсөтүү үчүн чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартып келүү үчүн ыйгарым укуктуу орган.

Ошондой эле, азыркы мыйзамдарга таянып, Үй-бүлөлүк виза ватегориясы инвесторлорду канааттандыруу үчүн берилет.

F категориясындагы Үй-бүлөлүк Виза Кыргыз Республикасында иштегенге укук берилбей 1 жылга чейинки мөөнөткө узартуу мүмкүнчүлүгү менен I категориядагы инвестордук виза, W1 жана W2 эмгек категориясы, S билим берүү категориясы боюнча жашап турган арыз ээсинин үй-бүлө мүчөсүнө (жубайына, көзөмөлчүлүк алдында турган жашы жете элек балдарына жана ата-энелерине) берилиши мүмкүн.

[Текст Kalikova & Associates компаниясы тарабынан берилди].