ИНВЕСТОРЛОР ҮЧҮН

КУРЧАП ТУРГАН ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО

Курчап турган чөйрөнүн коопсуздугу өлкөнүн улуттук коопсуздугунун олуттуу бөлүгү болуп саналат, ошондой эле жаратылыш системаларынын коопсуздугун жана курчап турган чөйрөнүн сапатын колдоодо милдеттүү зарылчылык болуп эсептелет.

Мыйзамдар

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары курчап турган чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу боюнча мамилелерди жөнгө салуучу жоболорду камтыйт. Аларга төмөнкүлөр кирет:

  • 1999-жылдын 16-июнундагы «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» Мыйзам;
  • 1999-жылдын 12-июнундагы «Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө» Мыйзам;
  • 1999-жылдын 16 июнундагы «Курчап турган чөйрөгө келтирилген таасирдин сереби жөнүндө[A1] » Мыйзам;
  • 2011-жылдын 3-майындагы «Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө» Мыйзам;
  • 1999-жылдын 9 июнундагы «Кыргыз Республикасындагы биосфералык аймактар жөнүндө» Мыйзам;
  • 1999-жылдын 17-июнундагы «Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө» Мыйзам;
  • Курчап турган чөйрөнү жана анын компоненттерин коргоо үчүн укуктук негиздерди орнотуучу башка ченемдик-укуктук актылар;
  • Атмосфералык абаны, суу объекттерин, флоранын жана фаунанын түрлөрүн, топурактын жана жаратылыш ландшафттарын коргоо үчүн, ошондой эле 2000-жылдын 8-майындагы «Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөсүнүн коопсуздугун камсыздоочу техникалык ченемдик-укуктук актылардын негиздери жөнүндө» Мыйзамда көрсөтүлгөн өндүрүштүк жана керектөө калдыктарынан тазалоо үчүн курчап турган чөйрөнүн коопсуздугу боюнча атайы талаптар.

Кыргыз Республикасы дүйнөлүк курчап турган чөйрөгө келтирилүүчү коркунучтарды чектөөгө активдүү багытталган, өлкөлөрдүн күч-аракеттеринин биргелешүү процессин камтыган бүткүл дүйнөлүк жамааттарга активдүү тартылууда. 2007-жылдан тартып Кыргыз Республикасы курчап турган чөйрө боюнча 11 эл аралык конвенцияга кошулган жана алардын ичинен үчөөндө протоколго киргизилген [1].

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агентствосу курчап турган чөйрөнү коргоо, экологиялык коопсуздук жана жаратылышты пайдалануу саясаты үчүн жооптуу [2].

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнүн коопсуздугу жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция курчап турган чөйрөнүн коопсуздугуна жана техникалык коопсуздукка көзөмөл жана текшерүү жүргүзүүгө жооптуу [3].

Курчап турган чөйрөгө келтирилген таасирге сереп

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, бизнес уюмдарынын жаратылыш ресурстарын пайдалануу менен байланышкан долбоорлору курчап турган чөйрөгө келтирилген таасирге сереп үчүн субъекттер болуп саналышат.

[4] Бул талап уюмдар тарабынан же башка аракеттердин натыйжасында келип чыгышы мүмкүн болгон жалпы саламаттык жана курчап турган чөйрө үчүн негативдүү таасилердин алдын алуу үчүн коюлган. Пландаштырылып жаткан иш-аракеттердин адекваттуулугу Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнүн коопсуздугу жөнүндө мыйзамдарына ылайык чечимдерди кабыл алганга чейинки этаптарда бааланышы зарыл.

Курчап турган чөйрөгө келтирилген таасирдин сереби Кыргыз Республикасында эки типте аткарылат: курчап турган чөйрөгө келтирилген таасирдин мамлекеттик сереби жана курчап турган чөйрөгө келтирилген таасирдин коомдук сереби. Эгерде жаратылыш ресурстарын пайдаланууга байланыштуу долбоорлор курчап турган чөйрөгө тийгизген таасирдин мамлекеттик серебинен өтпөсө, алардын каржыланышына жана ишке ашырылышына тыюу салынат.

Объекттерди долбоорлоонун, жайгаштыруунун, куруунун, реконструкциялоонун, кайра жабдуунун, тазалоонун жана иш чөйрөсүнө, коргоого түз же кыйыр таасир бериши мүмкүн болгон ишмердүүлүктүн жүрүшүндө – жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу, толуктоо жана курчап турган чөйрөнү күчөтүү – курчап турган чөйрөнү коргоонун нормалык предмети катары каралышы керек, ошондой эле, пландаштырылган иш-аракеттердин курчап турган чөйрөгө тийгизген таасирине баалоо жүргүзүлүшү зарыл.

Экологиялык стандартизациялоо жана сертификациялоо

Кыргыз Республикасынын территориясында өндүрүлгөн же анын территориясына импорттолгон продукттар/процесстер/тейлөөлөр – эгерде алар потенциалдуу түрдө курчап турган чөйрөнүн, адамдардын ден соолугунун же өмүрүнүн коопсуздугуна коркунуч келтирсе же жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдаланууга алып келсе, – экологиялык стандартизациялоого жана сертификациялоого жатат. Мындай продукттардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

 Курчап турган чөйрөгө келтирилген таасирдин аудити

Курчап турган чөйрөгө тийиштүү мыйзамдарды бузуулардын алдын алуу же аларды азайтуу жана компаниянын иш-аракеттеринин натыйжасында мүмкүн болгон булгануу тобокелдигин баалоо үчүн көз карандысыз эксперттер курчап турган чөйрөгө келтирилген таасирге аудит жүргүзө алышат; бул – компаниялардын өзүн-өзү тестирлешине мүмкүндүк берет. Курчап турган чөйрөгө келтирилген таасирге аудит жүргүзүүгө кызыкдар юридикалык жактар аны өз бюджетин пайдалануу менен жүргүзүшөт.

[Текст Kalikova & Associates компаниясы тарабынан берилди].


[1] Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-ноябрындагы № 506 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугу боюнча концептуалдык документ”.

[2] Кыргыз Республикасыны Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 123 Токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө” Жобо.

[3] Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 136 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу «Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө» Жобо.

[4] Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 16-июнундагы № 54 “Курчап турган чөйрөгө келтирилген таасирдин сереби жөнүндө[A2] ” Мыйзамы (2015-жылдын 4-майындагы № 92 акыркы өзгөртүүлөр менен).


« [A1]Экологиялык экспертиза жөнүндө» – (если замените здесь, то нужно заменить соответствующий текст в русском варианте, примечание с подсказкой в русском варианте присутствует)

 [A2]« [A2]Экологиялык экспертиза жөнүндө» – (если замените здесь, то нужно заменить соответствующий текст в русском варианте, примечание с подсказкой в русском варианте присутствует)