ИНВЕСТОРЛОР ҮЧҮН

БУХГАЛТЕРДИК ЭСЕП ЖАНА АУДИТ

Финансылык отчет

Финансылык отчёттуулуктун Эл аралык стандарттары боюнча Кеңеш иштеп чыккан Финансылык отчёттуулуктун Эл аралык Стандарттары (Лондон) бухгалтердик эсептин жана Кыргыз Республикасындагы финансылык отчёттуулуктун бирдиктүү негизги эрежелери катары пайдаланылат. Чакан ишканалар бухгалтердик эсептин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген финансылык отчёттуулуктун жөнөкөйлөтүлгөн эрежелерин колдоно алышат.

Ислам Банкингинин жана финансыларынын принциптери менен иштеген финансылык мекемелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алынган финансылык эсептин ислам стандарттарын колдонушат.

Аудит

Бухгалтерлердин Эл аралык федерациясы тарабынан Аудиттин жана кепилдиктин стандарттары боюнча Эл аралык кеңеш (АКШ, Нью-Йорк) аркылуу чыгарылган Аудиттин Эл аралык стандарттары Кыргыз Республикасында аудиттин стандарттары катары колдонулат. Исламдык финансы мекемелери Манамада, Бахрейнде түзүлүп жана отурукташкан Ислам финансылык мекемелери үчүн бухгалтердик эсеп жана аудит уюуму тарабынан иштелип чыккан Ислам финансылык мекемелери үчүн аудитинин стандарттарын колдонушат.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, тышкы аудит банктар жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиялары бар башка уюмдар, камсыздандыруучу уюмдар, баалуу кагаздарды эң алгач эл алдында жайгаштырууну жүзөгө ашырган эл алдындагы компаниялар, инвестициялык фонддор, менчик пенсиялык фонддор жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамында атайын белгиленген башка фонддор үчүн милдеттүү болуп саналат. Башка ишканалар үчүн аудит сөзсүз керек эмес.

Кыргыз Республикасында лицензиясы бар 100дөн ашык аудитордук фирмалар иштеп жатат. [1]


[1] Маалымат Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын сайтынан 2015-жылдын 1-сентябрындагы абалга карата алынды: http://www.fsa.kg/?page_id=1960